5 Mayıs 2021 Çarşamba

КИРИШҮҮ

 

Адамдардын арасында Куранга ишенбегендер же ишенсе да аны өздөрүнө жол көрсөтүүчү катары кабыл албагандар өмүр бою жаңылып, кемчиликтерди кетирип жана карама-каршылыктарга туш болуп жашашат. Себеби ар бир адамдын жашоосуна байланыштуу чыныгы маалыматтар жана Аллахтын жаратуу сырлары эч бир катасыз бир гана Куранда бар. Куранга таянбаган же Курандагы маалыматтарга карама-каршы келген бардык маалыматтар жалган жана жаңылтат. Ошондуктан Куранга баш ийбегендер өмүр бою алданып өтүшөт. Акыретте болсо эч кутулбай турган азаптын ичине (Аллах кааламайынча) түбөлүккө айдалышат.

Аллах Куранда адамдарга ибадаттардан, буйрук жана тыюулардан, жакшы кулк-мүнөздөрдөн тышкары, көптөгөн сырларды да билдирген. Алар абдан маанилүү сырлар жана адам айланасына көңүл коюп караса, өмүр бою ал сырлардын ишке ашканына күбө болот. Ал сырлар Курандан башка эч бир булакта жок. Дүйнөдөгү эң билимдүү, эң мээлүү, эң изилдөөчү жана эң байкоочу адам да билбей турган бул маанилүү сырлардын жалгыз булагы – бул Куран.

Аллах Куранда билдирген бул сырлардан кабары жок адамдар өмүр бою аларды билбегени үчүн кыйналып, азап тартып жашашат, бирок эмне үчүн кыйналып, азап тартып жатканын билишпейт. Курандын бул сырларын түшүнгөндөр үчүн болсо бул дүйнө жашоосу абдан оңой жана кубанычтуу болот.

Кээ бир адамдардын Курандагы сырларды көрбөшү жана түшүнбөшү да Аллах жараткан өзүнчө бир сыр. Анткени Куран ар бир адам түшүнө ала тургандай ачык жана түшүнүктүү китеп. Аллах Куран тууралуу мындай дейт:

 

Эй адамдар, Раббиңерден силерге чыныгы далил келди жана силерге апачык нурду (Куранды) түшүрдүк. Аллахка ыйман кылгандарды жана Аны тутунгандарды Ал Өз мээримине жана жакшылыгына жайгаштырат жана аларды Өзүнө карай түз жолго багыттайт. (Ниса Сүрөсү, 174-175)

 

Бирок, адамдардын көпчүлүгү эң татаал физика маселелерин чыгарып, эң татаал жана түшүнүксүз философияларды түшүнүп турмушка ашыра алганы менен, апачык жана жөнөкөй Куранды эч түшүнө алышпайт. Бул маанилүү бир сыр жана бул китепте каралат. Түшүнө албаганы үчүн, бул дүйнөнүн чыныгы жүзүнөн кабарсыз күн сайын өлүмдөрүнө жана акыреттеги чыныгы жашоолоруна дагы бир аз жакындай беришет. Курандагы сырлар ыймандуулар үчүн чоң мээрим болсо, ыймансыздар үчүн бул дүйнөдө жана акыретте азапка себеп болот. Аллах бир аятында бул акыйкатты төмөнкүчө кабар берет:

 

Курандан ыймандууларга шыпаа жана мээрим түшүрдүк. Ал эми залимдерге бир гана зыянды көбөйтөт. (Исра Сүрөсү, 82)

 

Бул китепте Аллах адамдарга сыр катары билдирген кээ бир аяттар каралат. Ал аяттарды окуп, аяттарда билдирилген сырларга көңүл койгон ар бир адам айланасына акылмандык менен карап, ар бир окуяны Курандын негизинде талдашы керек. Ошондо Курандын сырларынын өзүнүн жашоосун да, башка бардык адамдардын жашоосун да толук курчап тураарын толкундануу менен түшүнөт.

Адам эрте менен тургандан баштап, Аллах жараткан бул сырлардын мисалдарын көрө алат. Ал үчүн баамсыз болбой, ар дайым Аллахты эстеп ой жүгүртүшү жетиштүү болот. Ошондо өмүрүнүн көпчүлүк адамдар ойлонбой кабыл алган эрежелерге эч баш ийбей тургандыгын жана Аллахтын мыйзамдарынын гана бирден бир жарамдуу өкүм жана эрежелер экендигин көрөт. Бул абдан маанилүү бир сыр. Анткени адамдар кылымдардан бери эң айкын чындыктар катары кабыл алган эрежелердин жана иш-аракеттердин көпчүлүгү толугу менен жараксыз жана ал кишилер негизи абдан адашып жүрүшөт. Куранда жазылгандар гана акыйкат. Куранды ак ниети менен окуган, ар бир окуяны Куран жана ыйман көзү менен, Аллахты дос тутуп талдаган ар бир адам бул маанилүү сырларды жана мындан да көбүн өзүнөн жана айланасынан апачык байкайт жана Аллахтын ар бир затты, ар бир адамды, ал тургай, ар бир жүрөктү жана ар бир ойду башкарып тураарын жакшыраак түшүнөт. Аллах аяттарда мындай деп кабар берет:

 

Биз аларга анын акыйкат экени анык болгонго чейин, Өзүбүздүн (кудурет) белгилерибизди мейкиндиктерде жана алардын өздөрүндө көргөзүп койобуз. Раббиңдин бүт нерседен Кабардар, Күбө экени (аларга) жетиштүү эмеспи? Абайлагыла; чындыгында алар Жаратуучуларына жолугуудан терең шектенишүүдө. Абайлагыла, чындыгында Ал бардык нерсени ороп-курчоочу. (Фуссилет Сүрөсү, 53-54)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШҮҮ

  А дамдардын арасында Куранга ишенбегендер же ишенсе да аны өздөрүнө жол көрсөтүүчү катары кабыл албагандар өмүр бою жаңылып, кемчиликтерди...