Адамдардын эң чоң жаңылыштыктарынын бири бүт баарын себептерге
байланыштырышат. Мисалы, мурдакы темаларда айтылгандай, мал-мүлктөрүмдү Аллах
жолунда коротсом акчам түгөнүп калат деп ойлошот. Бирок Аллахтын жаратуусунда
алар билбеген бир сыр бар жана Аллах садака бергендерге бул дүйнөдө жана
акыретте жакшылыктарын көбөйтөөрүн билдирет. Аллах аларды, албетте, себептерге
байланыштуудай көрсөтөт. Мисалы, садака бергени үчүн береке келген бир адамдын
жолун ачып, иштерин жеңилдетет жана кирешесин көбөйтөт. Же болбосо, бир адам,
жогоруда айтылгандай, бир көпкөн кишини жумшак сөзгө көнбөйт деп ойлоп, ага
карата жалгыз чара күч колдонуу деп эсептеши мүмкүн. Бирок Аллахтын буйругун
уккан адам үчүн Аллахтын Куранда билдирген сырлары гана маселенин чечүү жолу.
Курандагы ушул сыяктуу сырлардын бири – бул Аллахтын дагы бир буйругу:
Аллах бир
чогулушта жаңы келгендер үчүн же адамдардын санын азайтуу үчүн орун бошотуу
керек болгондо, ыймандууларга бул чакырыкты дароо аткаргыла деп буйруйт. Бул
сылыктыктын, кең пейилдиктин жана элпектиктин бир көрсөткүчү. Аллах буга жооп
катары ыймандууларга кенендик берээрин жана алардын даражаларын көтөрөөрүн
билдирет. Ар бир адамдын ниети жана жүрөгү Аллахтын колунда. Аллах бир
мамилесинен ыраазы болгондо, ал адамга каалагандай жакшылыктарды бериши мүмкүн.
Ошондуктан ыймандуулар бүт нерсенин натыйжасын жана сыйлыгын Аллахтан күтүшөт.
Бир чогулушта орун бергенде адамдардан рахмат же ыраазычылык эмес, Аллахтын
ыраазылыгын жана Анын жүрөктөргө бере турган бейпилдигин, кенендигин жана
даражаларын көтөрүшүн үмүт кылышат.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder