5 Mayıs 2021 Çarşamba

КИРИШҮҮ

 

Адамдардын арасында Куранга ишенбегендер же ишенсе да аны өздөрүнө жол көрсөтүүчү катары кабыл албагандар өмүр бою жаңылып, кемчиликтерди кетирип жана карама-каршылыктарга туш болуп жашашат. Себеби ар бир адамдын жашоосуна байланыштуу чыныгы маалыматтар жана Аллахтын жаратуу сырлары эч бир катасыз бир гана Куранда бар. Куранга таянбаган же Курандагы маалыматтарга карама-каршы келген бардык маалыматтар жалган жана жаңылтат. Ошондуктан Куранга баш ийбегендер өмүр бою алданып өтүшөт. Акыретте болсо эч кутулбай турган азаптын ичине (Аллах кааламайынча) түбөлүккө айдалышат.

Аллах Куранда адамдарга ибадаттардан, буйрук жана тыюулардан, жакшы кулк-мүнөздөрдөн тышкары, көптөгөн сырларды да билдирген. Алар абдан маанилүү сырлар жана адам айланасына көңүл коюп караса, өмүр бою ал сырлардын ишке ашканына күбө болот. Ал сырлар Курандан башка эч бир булакта жок. Дүйнөдөгү эң билимдүү, эң мээлүү, эң изилдөөчү жана эң байкоочу адам да билбей турган бул маанилүү сырлардын жалгыз булагы – бул Куран.

Аллах Куранда билдирген бул сырлардан кабары жок адамдар өмүр бою аларды билбегени үчүн кыйналып, азап тартып жашашат, бирок эмне үчүн кыйналып, азап тартып жатканын билишпейт. Курандын бул сырларын түшүнгөндөр үчүн болсо бул дүйнө жашоосу абдан оңой жана кубанычтуу болот.

Кээ бир адамдардын Курандагы сырларды көрбөшү жана түшүнбөшү да Аллах жараткан өзүнчө бир сыр. Анткени Куран ар бир адам түшүнө ала тургандай ачык жана түшүнүктүү китеп. Аллах Куран тууралуу мындай дейт:

 

Эй адамдар, Раббиңерден силерге чыныгы далил келди жана силерге апачык нурду (Куранды) түшүрдүк. Аллахка ыйман кылгандарды жана Аны тутунгандарды Ал Өз мээримине жана жакшылыгына жайгаштырат жана аларды Өзүнө карай түз жолго багыттайт. (Ниса Сүрөсү, 174-175)

 

Бирок, адамдардын көпчүлүгү эң татаал физика маселелерин чыгарып, эң татаал жана түшүнүксүз философияларды түшүнүп турмушка ашыра алганы менен, апачык жана жөнөкөй Куранды эч түшүнө алышпайт. Бул маанилүү бир сыр жана бул китепте каралат. Түшүнө албаганы үчүн, бул дүйнөнүн чыныгы жүзүнөн кабарсыз күн сайын өлүмдөрүнө жана акыреттеги чыныгы жашоолоруна дагы бир аз жакындай беришет. Курандагы сырлар ыймандуулар үчүн чоң мээрим болсо, ыймансыздар үчүн бул дүйнөдө жана акыретте азапка себеп болот. Аллах бир аятында бул акыйкатты төмөнкүчө кабар берет:

 

Курандан ыймандууларга шыпаа жана мээрим түшүрдүк. Ал эми залимдерге бир гана зыянды көбөйтөт. (Исра Сүрөсү, 82)

 

Бул китепте Аллах адамдарга сыр катары билдирген кээ бир аяттар каралат. Ал аяттарды окуп, аяттарда билдирилген сырларга көңүл койгон ар бир адам айланасына акылмандык менен карап, ар бир окуяны Курандын негизинде талдашы керек. Ошондо Курандын сырларынын өзүнүн жашоосун да, башка бардык адамдардын жашоосун да толук курчап тураарын толкундануу менен түшүнөт.

Адам эрте менен тургандан баштап, Аллах жараткан бул сырлардын мисалдарын көрө алат. Ал үчүн баамсыз болбой, ар дайым Аллахты эстеп ой жүгүртүшү жетиштүү болот. Ошондо өмүрүнүн көпчүлүк адамдар ойлонбой кабыл алган эрежелерге эч баш ийбей тургандыгын жана Аллахтын мыйзамдарынын гана бирден бир жарамдуу өкүм жана эрежелер экендигин көрөт. Бул абдан маанилүү бир сыр. Анткени адамдар кылымдардан бери эң айкын чындыктар катары кабыл алган эрежелердин жана иш-аракеттердин көпчүлүгү толугу менен жараксыз жана ал кишилер негизи абдан адашып жүрүшөт. Куранда жазылгандар гана акыйкат. Куранды ак ниети менен окуган, ар бир окуяны Куран жана ыйман көзү менен, Аллахты дос тутуп талдаган ар бир адам бул маанилүү сырларды жана мындан да көбүн өзүнөн жана айланасынан апачык байкайт жана Аллахтын ар бир затты, ар бир адамды, ал тургай, ар бир жүрөктү жана ар бир ойду башкарып тураарын жакшыраак түшүнөт. Аллах аяттарда мындай деп кабар берет:

 

Биз аларга анын акыйкат экени анык болгонго чейин, Өзүбүздүн (кудурет) белгилерибизди мейкиндиктерде жана алардын өздөрүндө көргөзүп койобуз. Раббиңдин бүт нерседен Кабардар, Күбө экени (аларга) жетиштүү эмеспи? Абайлагыла; чындыгында алар Жаратуучуларына жолугуудан терең шектенишүүдө. Абайлагыла, чындыгында Ал бардык нерсени ороп-курчоочу. (Фуссилет Сүрөсү, 53-54)

АЛЛАХ АР БИР АДАМДЫН ДУБАСЫН КАБЫЛ КЫЛАТ

 

Чексиз мээримдүү, боорукер жана кудуреттүү Аллах Куранда адамдарга абдан жакын экендигин, Ага дуба кылып, бир нерсе сураганда алардын дубаларын кабыл кылаарын билдирген. Бул жөнүндөгү аяттардын бири мындай:

 

Эгер Менин пенделерим сенден Мен жөнүндө сурашса, (айткын) Мен (аларга) абдан жакынмын. Мага дуба кылышса, дуба кылуучунун дубасына жооп беремин. (Эми,) Мага да жооп беришсин жана ыйман кылышсын. Балким туура жолго түшүп калышаар. (Бакара Сүрөсү, 186)

 

Аллах аятында да билдиргендей, ар бир адамга абдан жакын, ар бир адамдын тилегин, ичиндеги ойлорун, максаттарын, бир досуна айткандарын, шыбырашып сүйлөшкөндөрүн, ал тургай, оюндагы нерселерине чейин баарын билет. Ошондуктан Аллах Ага кайрылып дуба кылган жана Андан бир нерсе сураган ар бир адамды угат жана билет. Бул адамдар үчүн эбегейсиз чоң жакшылык жана Аллахтын мээриминин, боорукердигинин жана чексиз кудуретинин бир көрсөткүчү.

Аллахтын кудурети жана илими чексиз. Аллах ааламдагы бардык нерселердин кожоюну. Эң күчтүүдөй көрүнгөн адамдардан эң чоң байлыктарга, эбегейсиз асман телолорунан топурактын астында жашаган кичинекей бир жаныбарга чейин жандуу-жансыздын бүт баары Аллахка тиешелүү жана баары Аллахтын эркине жана башкаруусуна баш ийет.

Бул акыйкатка ыйман кылган (ишенген) ар бир адам Аллахтан бүт нерсени сурай алат жана Аллах дубамды кабыл кылат деп үмүттөнө алат. Мисалы, айыкпачудай көрүнгөн бир ооруга чалдыккан адам, албетте, медицинанын бардык чараларына кайрылат. Бирок шыпааны Аллах берээрин билип, Аллахка ден-соолук сурап дуба кылат. Же бир нерседен коркуп, тынчсызданган бир адам Аллахтан жүрөгүнө бейпилдик берип, аны бардык коркуулардан куткарышын тилеп дуба кыла алат. Жумушунда кыйынчылыктарга туш болгон бир адам иштерин жеңилдетип, кыйынчылыктан куткарышы үчүн Аллахка кайрыла алат. Адам ушул сыяктуу сансыз нерселердин баарын Аллахтан сурай алат. Аллахтын ыйманын бекемдешин, аны бейиште чын ыкластуу пенделери менен бирге түбөлүккө сыйлашын, бейишти, тозокту, Аллахтын кудуретин жакшыраак түшүнүү үчүн акыл-эсин тереңдетишин, байлыгынын көбөйүшүн жана башка...

Бирок бул жерде белгилөө керек болгон, Куранда билдирилген дары бир сыр бар. Аллах бир аятта «Адам жакшылыкка дуба кылгандай жамандыкка да дуба кылат. Адам өтө шашма.» (Исра Сүрөсү, 11) деп билдирет. Мисалы, бир адам балдарынын келечеги үчүн Аллахтан көп мүлк жана байлык сурашы ыктымал. Бирок Аллах анын бул каалоосунда бир жакшылык көрбөшү мүмкүн. Балким байлык анын балдарынын жолдон адашып, көөп кетишине себеп болоттур. Аллах ал адамдын дубасын угат жана анын дубасына эң жакшысы кандай болсо, ошондой жооп берет. Же бир адам бир жерге эртерээк жетүү үчүн дуба кылат. Бирок балким ал үчүн ал жерге кеч барышы жана бирөөгө жолугуп андан акыретине пайдалуу бир нерселерди үйрөнүшү жакшыраак болот; Аллах муну билет жана ал адамдын дубасына да эң жакшысы кандай болсо, ошондой жооп берет. Башкача айтканда, Аллах ал адамды угат, бирок дубасында ал үчүн бир жакшылык көрбөсө, ал үчүн эң жакшысын жаратат. Бул абдан маанилүү бир сыр.

Бул сырды билбегендер Аллахка дуба кылган соң дубалары ишке ашпаса, Аллах мени уккан жок деп ойлошот. Бул абдан чоң адашуу жана жеткен караңгылык. Анткени Аллах адамга күрөө тамырынан да жакын (Каф Сүрөсү, 16). Ал адамдын ар бир сөзүн, ар бир ойун, өмүрүнүн ар бир көз ирмемин билет. Адам уктап жатканда да Аллах анын ар бир кыймылын, көргөн түштөрүнө чейин билет. Алардын баарын Аллах жаратат. Ошондуктан адам Аллахка ар бир дуба кылганда, Аллахтын дубасын бир ибадат катары кабыл алаарын билиши керек жана дубасына ал үчүн качан жана кандай болгондо эң жакшысы болсо, ошондой жооп берилээрине ишениши шарт.

Дуба ар бир адам үчүн абдан баалуу бир ибадат жана чоң жакшылык. Себеби Аллах адамга дуба аркылуу Аллах жакшы деп чечкен бүт нерсеге жетүү мүмкүнчүлүгүн берген. Аллах «Айткын, силердин дубаңар болбосо, Раббим силерди барктамак беле?...» (Фуркан Сүрөсү, 77) деген аяты аркылуу дубанын адамдар үчүн канчалык маанилүү экендигин билдирген.

 

 

Аллах бизге жакшылык каалайт


АДНАН ОКТАР: Аллах бизге оңойун сунуштаган, шайтандан Аллахка корголоном, Аллах «чын ыкластуу пенделерим кутулат» дейт, кандай чоң жеңилдик бар, кандай чоң жакшылык. Жана чын ыкластуулук бул дүйнөнүн эң ырахаттуу нерселеринин бири, б.а. ыйман жана чын ыкластуулук. Абдан бейпилдик берүүчү бир нур, жүрөктү тынчтандырат, чын ыкластуу пенделер Аллахтан абдан корксо, Аллахты абдан сүйсө, Куранды бекем карманса, Аллах ансыз да ошолор үчүн жараткан бейишти, б.а. Аллах силерге азап берип эмне кылсын, дейт Аллах, аят бар. Аллах силерге зулумдук кылып эмне кылсын дейт. «Аллах силерге зулумдук кылбайт» дейт Аллах. Аллах ар дайым бизге жакшылык каалайт, жакшы болушубузду каалайт, бизди клеткаларыбызга чейин кемчиликсиз жана сулуу кылып жараткан. Биз үчүн Аллах жарыкты жараткан, көлөкөнү жараткан, даамдарды жараткан, жыттарды жараткан, жагымдуу музыкаларды жараткан, сулуу адамдарды жараткан, сулуулук сезимин берген, ар кандай сый-жакшылыктарды тартуу кылган Аллахка мактоолор болсун. Биз Ага ибадаттарыбыз менен, дубаларыбыз менен, сүйүүбүз менен, сый-урматыбыз менен, моюн сунуубуз менен жооп беребиз, ошентип иншаАллах бейишке кирүүнү үмүт кылабыз, бирок Аллахтын максаты ансыз да пенделерин бейишине жиберүү. Тозок бейиштин баркын көтөрүү үчүн бир себепчи. (Урматтуу Аднан Октардын Чай ТВ каналына берген маегинен үзүндү, 2009-жыл 25-февраль)

 

Мусулман түшүнүн да мусулманга ылайык болушу үчүн дуба кылат


АДНАН ОКТАР: Түштө Улуу Аллахтын көптөгөн даанышмандыктары бар, көптөгөн максаты бар. Туурасын Аллах билет деп айтып берейин. Бир максаты тарбиялоо, анткени түшүндө адам өтө оор кырдаалдарга туш болот, татаал окуяларга кабылат. Аң-сезими жарым жабык болгону менен, баары бир баарына мусулмандай жооп берет, жакшылыкты көздөйт. Ошол үчүн түштө да аң-сезимим ачык болсун, түшүмдө да мусулмандай жашайын деп Аллахка дуба кылышы керек. Буга жетүүгө болот, мисалы, пайгамбарлардын түштөрү абдан тунук жана ачык, кадимкидей ибадат кылышат жана ачык аң-сезим менен жашашат түштөрүндө. Ыймандуулар да ушундай күчкө жетиши мүмкүн, муну Аллахтан тилеши керек. Мындан тышкары, ааламдын адамдардын мээлеринде жаратылган бир элес экендигин Аллах күн сайын адамдарга далилдеп көрсөтүп турат. Сыртта ааламдын оригиналы бар, бирок силер анын элесин көрөсүңөр дейт Улуу Аллах. Башкача айтканда, биз ар дайым анын сүрөттөлүшүн көрөбүз. Бир камеранын тышкы ааламды тартып, телевизордон бир адамдын аны көрүшү сыяктуу. Сыртта аалам бар, бир камера аны тартат, көздөр камеранын ролун аткарат, көздөр көрбөйт, сокур, адамдын эки көзү тең сокур, көз эч нерсени көрбөйт. Көз бир гана камеранын милдетин аткарат. Мээге келген электрдик сигналды адамдын руху көрөт, элесин көрөт жана чындап эле бар деп ойлойт. Аллах ошончолук кемчиликсиз жараткан. Катуулук сезими, жыт сезими, шамалдын согушу сыяктуу бардык сезимдерден улам, өзгөчө сүрөттөлүш үч өлчөмдүү көрүнгөнү жана үн үч өлчөмдүү угулганы үчүн адам чындап эле сырттагы затты түздөн-түз көрүп сезип жатам деп ойлойт. Дээрлик адамдардын 99,99%ы буга алданат. Бул дүйнөдө Аллах ушунчалык кемчиликсиз бир система жараткан. (Урматтуу Аднан Октардын Качкар ТВ каналына берген маегинен үзүндү, 2009-жыл 29-январь)

 

 

Аллах кыйналып, муктаж абалда болгон

адамдын дубасын кабыл алат

Дуба кылынган учурлар адамдын Аллахка болгон жакындыгы, достугу жана Аллахка канчалык муктаж экендиги эң айкын учурлар болот. Анткени адам дуба кылганда, бир жагынан, Аллахтын алдында канчалык алсыз жана күчсүз экендигин түшүнсө, экинчи жагынан, Аллахтан башка эч бир күчтүн жардам бере албай турганына көзү жетет. Адамдын дубасындагы чын ыкластуулук Аллахтан сураган нерсесине канчалык муктаж болгонуна байланыштуу. Мисалы, ар бир адам эле дүйнөдө тынчтык, бейпилдик болсун деп дуба кылышы мүмкүн. Бирок согуштун ортосундагы бир адамдын мындай дубасы башкаларга караганда көбүрөөк муктаждыкта кылынат, ошондуктан ал адам Аллахка көбүрөөк жалбарып, суранып дуба кылат. Же деңиздин ортосунда бороонго туш болгон бир кемедеги же кулаганы жаткан бир учактагы адамдардын баары Аллахка жалынып жалбарып дуба кылышат. Дуба кылып жатканда чын жүрөктөн, моюн сунуп тиленишет. Аллах бир аятта муну төмөнкүчө кабар берет:

 

Айткын: «Силер ачык жана жашыруун Ага жалбарып: «Ант болсун, бизди мындан куткарсаң, чындап шүгүр кылгандардан болобуз» деп дуба кылганыңарда, силерди кургактыктын жана деңиздин караңгылыктарынан ким куткарууда.» (Энъам Сүрөсү, 63)

 

Аллах Куранда адамдарга «жалынып жалбарып» дуба кылуу керек экендигин билдирген:

 

Раббиңерге жалбарып, купуя түрдө дуба кылгыла. Албетте, Ал чектен чыккандарды сүйбөйт. (Аьраф Сүрөсү, 55)

 

Аллах башка бир аятта болсо кыйналып, муктаж абалда калган адамдын дубасын кабыл кылаарын билдирген:

 

Же болбосо, зарыккан-муктаждын дубасына ким жооп берип, балээни ким кайтарат? Жана силерди жер бетине (ким) халифа-орун басар кылат? (Аллахпы) же Аллах менен (силер ага шерик кылган) башка «кудайбы»? Канчалык аз ойлоносуңар. (Немл Сүрөсү, 62)

 

Албетте, бир адам каалаганын сурап Аллахка жалбарышы жана кыйналган, муктаж абалда дуба кылышы үчүн өлүм коркунучуна кабылышы шарт эмес. Бул мисалдар дуба чын ыкластан жана чын жүрөктөн кылынышы үчүн кандай абалда болуу керек экенин, адамдардын өлүм жакындаган учурларда Аллахка канчалык жакындаарын салыштырып түшүнүү үчүн берилди. Аллахка чын жүрөктөн моюн сунган ыймандуулар болсо өлүмдү көрүшпөсө да, Раббибизге ар дайым чын ыкластан, алсыздыгын сезип, муктаж абалда дуба кылышат. Бул аларды ыймансыздардан жана ыйманы алсыздардан айырмалаган маанилүү өзгөчөлүк.

 

Дубага чектөө койбоо керек

Адам адал-арамдын чегинен чыкпастан Аллахтан каалаганынын баарын сурай алат. Себеби жогоруда да айтылгандай, Аллах бүт ааламдын жалгыз өкүмдары жана жалгыз кожоюну жана эгер кааласа, адамга сураганынын баарын берет. Дуба кылып Аллахка кайрылган ар бир адам Аллахтын бүт нерсеге кудуретинин жетээрине, бардык каалоолорунун Аллах үчүн абдан оңой экендигине, дубасы ага жакшылык алып келе турган болсо, Аллахтын аны ишке ашыраарына ишениши керек. Куранда мисал келтирилген пайгамбарлардын жана чын ыкластуу ыймандуулардын дубалары ыймандуулардын Аллахтан эмнелерди сураарына үлгү боло алат. Мисалы, Аз. Закария Аллахтан жакшы урпак сураган жана аялы төрөбөс болгонуна карабастан, Аллах анын дубасына жооп берген:

 

Ал Раббисине жашыруун кайрылганда: «Раббим, шексиз менин сөөктөрүм бошошту жана карылыктан чачтарым агара баштады; мен сага дуба кылуу менен бактысыз болгон жокмун. Чындыгында мен менден соң келе турган жакындарым үчүн коркуп жатам, менин аялым болсо төрөбөс (аял). Эми мага Өз Кабатыңдан бир жардамчы тартуу кыл. Мага мураскор болсун. Йакуб урпактарына да мураскор болсун. Раббим, аны ыраазы болунган(дардан) кыл» деген эле. (Мариям Сүрөсү, 3-6)

 

Аллах Аз. Закариянын дубасын кабыл алып, ага Аз. Яхьяны сүйүнчүлөгөн. Аз. Закария болсо уулдуу болоору тууралуу сүйүнүчтүү кабарды укканда, аялы төрөбөс болгону үчүн ага таң калган. Аллахтын Аз. Закарияга берген жообу ыймандуулар дуба кылганда унутпашы керек болгон бир сырды камтыйт:

 

«Раббим, аялым төрөбөс (бир аял) болсо, мен кандайча балалуу болушум мүмкүн? Өзүм болсо абдан улгайдым» деди. (Ага келген периште:) «Мына ушундай» деди. «Раббиң айтты: Бул Мен үчүн оңой, мурда сен эч нерсе эмес (жок) кезиңде сени жаратканмын.» (Мариям Сүрөсү, 8-9)

 

Куранда дубасына жооп берилген дагы көптөгөн пайгамбарлар тууралуу кабар берилет. Мисалы, Аз. Нух коомун туура жолго үндөп бардык ыкмаларды колдонгонуна карабастан, коому ансайын чектен чыкканда, Аллахтан азап жиберишин сураган жана Аллах дубасына жооп кылып, коомуна тарыхта кала тургандай катаал азап жиберген.

Бир кыйынчылыктан улам Аз. Айуб да Аллахка «...Чындыгында мени бул дарт (жана оору) ороп алды. Өзүң ырайымдуулардын эң ырайымдуусусуң» (Анбия Сүрөсү, 83) деп кайрылган. Аллах Аз. Айубдун дубасына болгон жообун Куранда төмөнкүчө кабар берет:

 

Анан Биз анын дубасын кабыл кылып, аны дарттан арылттык жана Өзүбүздөн ырайым-рахмат ирээтинде жана (сабырдуу) ибадат кылуучуларга эскерме-сабак болсун деп ага үй-бүлөсүн кайтарып, алар менен дагы ошончо (перзент) бердик. (Анбия Сүрөсү, 84)

 

Аз. Сулаймандын Куранда кабар берилген «Раббим, мени кечир жана менден кийин эч кимге насип болбогон бир мүлктү мага тартуула. Чындыгында Сен акысыз тартуу берүүчүсүң» (Сад Сүрөсү, 35) деген дубасына жооп катары Аллах ага абдан күчтүү бийлик жана эбегейсиз байлык берген.

Ошондуктан дуба кылгандар Аллахтын кудуретинин бүт нерсеге жетээрин жана Аллахтын «Бол» деген буйругу менен бүт нерсенин бир заматта болуп калаарын билиши керек жана буга ишенип Аллахтан сурашы зарыл. Аллах Куранда да билдиргендей, Аллах үчүн баары оңой жана Аллах бардык дубаларды угат жана билет.

 

 

Чын дилден, терең ыйман менен кылынган дубада чоң сыр бар

АДНАН ОКТАР: «Раббиңди эрте менен, кечинде бийик эмес үн менен, өзүңчө, коркуу менен, жалбара жалбара жана терең терең эсте (зикир кыл). Капилет (бейкапар) калгандардан болбо» (Аьраф Сүрөсү, 205). Карагыла, «Раббиңди эрте менен, кечинде», б.а. ар дайым, үзгүлтүксүз. «Бийик эмес үн менен», кыйкырып эмес. «Өзүңчө», б.а. өзүң уга тургандай үн менен. «Коркуу менен», терең көңүл коюп, сүйүү менен, чын дилден. «Жалбара жалбара», алсыздыгыңды билип, жалбарып. «Терең терең», чын дилден, чын жүрөктөн, «зикир кыл», дуба кыл. Аллахка жакында, Аллахты ошентип зикир кыл. «...Капилет калгандардан болбо». Бул дагы бир парз. Карагыла, эрте менен кечинде 1, бийик эмес үн менен 2, өзүңчө 3, чын дилден коркуп, жалбарып, толкундануу менен, терең терең зикир кыл. Андай кылбай, башкача дуба кылсам, кандай болот деши мүмкүн адам. Дубада бир сыр бар. Башкача айтканда, дуба талап кылынгандай кылынганда, өтө чоң натыйжа берет, өтө чоң натыйжа. Адамдар муну билишпейт. «Мен дуба кылып жатам, болбой атат» дешет. Ар бир дуба кабыл болот. Ишке ашпашы мүмкүн, бирок анын сообун аласың. Түшүнүктүүбү? Дуба бир ибадат. Ибадат максатында, Аллахтын ыраазылыгы үчүн кылуу керек. Ишке ашпаса, демек жакшылык бар.

Мисалы, Америкага барам дейт. Гангстерлер сени ал жерде өлтүрүп койсочу, же башыңа бир балээ келсе, Аллах ага бөгөт койгон болот, бир жакшылык бар. Барбай калдым деп катуу кыжаалат болот. Аллахка шүгүр кылышы керек. Йа Рабби, мында бир жакшылык, бир даанышмандык бардыр дейт. Мисалы, автобустан кечигип, кыжыры кайнайт. Тобокел кыл, бир жакшылык бардыр. Мисалы, бир жол кырсыгына кабылат, бир жакшылык бардыр. Аллах аны андан да чоң балээден куткаргандыр, Аллах Өзүнө бургусу келгендир, терең ойлонушуна себеп болгондур, балким дүнүйөгө берилип кеткендир, балким андан улам тозокко кетмек, Аллах Өзүнө буруу үчүн кырсык берет; ал өлүмдү ойлонот, акыретти ойлонот, бул дүйнөгө берилбей, Аллахка моюн сунат. Жөнөкөйлүгү, боорукердиги, сүйүүсү артат, андан сооп табат. Айланасындагы адамдар ага жардам берип, боорукердик кылат, ал жерден бир сооп алат, айланасындагы адамдар. Мындан тышкары, сыноонун табигый шарты түзүлөт жана бардык адамдар андан сабак алат, бул жагынан да өзүнчө сообу болот жана ал тагдырда бар. Мисалы, мен дейт, оңго солго караганымда, ал машина мени сүзмөк эмес. Оңго солго эмес, кааласаң телескоп менен кара, дүрбү менен кара, ал машинанын астына түшөсүң баары бир. Сени эч ким андан тосо албайт, тагдырда болсо сөзсүз болот, чара көрүү буйрукту тоспойт. Ошол үчүн бушайман болуунун кереги жок, бушаймандыктын максаты кайра кайталабаш. Бир даанышмандык, бир жакшылык бар деши керек. Бул окуяда бир жакшылык бар деши керек. Сөзсүз жакшылык болот. Бирок кайра кайталанбашы үчүн мага сабак болду дейт. Антпесе, бар го «аттиң» деп бушайман болот, муну кылбаганымда кана дейт, барып ичимдик ичет, башын дубалдарга ургулайт, булар уят көрүнүштөр. Мындайдын кереги жок.

Негизи, бир жакшылык бар деп, жолун улантуу керек. Себеби бул жер сыноо мекени. Жол кырсыгы да болот, оору да болот, балээ да болот, өлүмдөр да болот, туурабы? Жаш кезде көз жумду дешет, 90 жаштагы чоң ата каза болсо, ага да өкүрүп ыйлашат. 100 жашында өлсө, ага да ыйлашат. Каалаганыңар эмне? Силер жараттыңар беле аны, Аллах жараткан. Аллах берди, Аллах алды. Силерге эмне кыйынчылык? Эмне кайгырып атасыңар? Ыйлап эмне кереги бар? Бейишке кеткен болсо сүйүн, болгондо да кандай сүйүн. Бул дүйнөдө эмне кылмак эле? Бейишти дүйнөгө салыштырып болобу? Түбөлүк жашоого жеткен болот. Тозокко кеткен болсо, демек ошого татыктуу болгон, ага да кубан, туурабы? (Аднан Октардын Мави Карадениз ТВ каналына берген маегинен үзүндү, 2010-жыл 5-январь)

 

 

Аллах бул дүйнөнү сурагандарга бул дүйнөнү берет,

бирок алар акыретте чоң жоготууга туш болушат

Аллахтан чындап коркуп тартынбаган, акыретке да толук ишенбеген адамдардын тилектери бир гана бул дүйнөгө байланыштуу болот. Алар байлыкты, мүлктү, кадыр-баркты бир гана бул дүйнөдөгү жашоолору үчүн сурашат. Аллах бул дүйнө үчүн гана сурагандардын акыретте эч бир пайда көрбөй турганын кабар берет. Ыймандуулар болсо Аллахтан бул дүйнө жашоолору үчүн да, акырет жашоолору үчүн да сурашат, себеби акыреттин бул дүйнө жашоосундай эле анык жана жакын экендигине ишенишет. Аллах муну Куранда төмөнкүчө билдирет:

 

... Адамдардын ушундайы бар: «Раббибиз, бизге бул дүйнөдө бер» дейт; анын акыретте насиби жок. Алардын ушундайы да бар: «Раббибиз, бизге бул дүйнөдө да жакшылык бер, акыретте да жакшылык (бер) жана бизди оттун азабынан сакта» дейт. Мына ушулардын тапкандарына жараша насиптери бар. Аллах абдан жакшы эсептешүүчү. (Бакара Сүрөсү, 200-202)

 

Ыймандуулар да дубаларында Аллахтан ден-соолук, байлык, илим жана сулуулук сурашат. Бирок алардын бардык дубаларында Аллахтын ыраазылыгы жана динге туура келген бир ниет бар. Мисалы, байлыкты Аллах жолунда колдонуу үчүн сурашат. Бул жөнүндө Аллах Куранда мисал көрсөткөн пайгамбарлардын бири Аз. Сулайман.

Аз. Сулайман Аллахтан эч ким жете албай турган эбегейсиз мүлк сураганда, аны бул дүйнө үчүн ач көздүк катары эмес, Аллах жолунда колдонуп, адамдарды Аллахтын динине үндөө жана Аллахты эстөө үчүн сураган. Аз. Сулаймандын Куранда кабар берилген сөздөрү анын ак ниетинин бир көрсөткүчү. Аятта мындай деп айтылат:

 

«... Чындыгында мен мал-мүлккө болгон сүйүүнү Раббимди зикир кылуу (эстөө) үчүн тандадым.» (Сад Сүрөсү, 32)

 

Аллах Аз. Сулаймандын бул дубасын кабыл кылган жана ага бул дүйнөдө да эбегейсиз байлык берип, акырет жакшылыктары менен да сыйлаган. Ошондой эле, бир гана бул дүйнө жашоосун сурап, акыретти ойлобогондорго да Аллах бул дүйнөдө сурагандарын берет, бирок аларды акыретте азаптуу жашоо күтөт. Акыретте бул дүйнөдөгү колдорундагы эч бир жакшылыкка жете алышпайт.

Аллах бул маанилүү акыйкатты Куранда адамдарга төмөнкүчө кабар берет:

 

Ким акырет түшүмүн (эгинин) кааласа, Биз анын түшүмүн көбөйтөбүз. Ким дүйнөнүн түшүмүн кааласа, ага ошондон беребиз; бирок анын акыретте насиби жок. (Шура Сүрөсү, 20)

 

Ким абдан бат өтө турганды (убактылуу дүнүйөнү) сураса, ал жерде каалаган кишиге каалаганыбызды тездетип беребиз, анан ага тозокту (мекен) кылабыз; ага жемеленген жана куулган абалда кирет. (Исра Сүрөсү, 18)

 

 

 

АЛЛАХ ШҮГҮР КЫЛГАНДАРГА

ЖАКШЫЛЫКТАРЫН КӨБӨЙТӨТ

 

Ар бир адам өмүр бою ар дайым Аллахка муктаж. Дем алган абасы, жеген тамагы, колу-бутун колдоно алышы, сүйлөй алышы, жашай алышы, күлүп көңүлүнүн көтөрүлүшү сыяктуу бүт нерселерде Аллахтын жаратып, ага тартуулаган жакшылыктарына муктаж болуп жашайт. Бирок адамдардын көпчүлүгү алсыздыгын жана Аллахка муктаж экенин түшүнүшпөйт. Алар бүт баары өзүнөн-өзү болот же колундагы нерселердин баарына өзүмдүн аракетим менен жеттим деп ойлошот. Бул бир жагынан чоң жаңылыштык болсо, экинчи жагынан Аллахтын жакшылыгын эч түшүнбөгөндүк болот. Кичинекей бир белек берген адамга да кантип ыраазычылык билдирээрин билбей кыйналган адамдар Аллахтын өмүр бою берген сансыз жакшылыктарын көрмөксөн болуп жашашат. Чындыгында болсо Аллахтын ар бир адамга берген жакшылыктарына сан жетпейт. Аллах муну бир аятында төмөнкүчө кабар берет:

 

Эгер Аллахтын сый-жакшылыктарын санагыңар келсе, аны топторго бөлүп да санай албайсыңар. Чындыгында Аллах – кечиримдүү, боорукер. (Нахл Сүрөсү, 18)

 

Ошого карабастан, адамдардын көпчүлүгү шүгүр кылбайт. Анын себеби аяттарда кабар берилет. Адамдарды Аллахтын жолунан адаштырууга ант ичкен шайтан адамдардын шүгүр кылышына да жолтоо болоорун айткан. Шайтандын бул сөздөрү Куранда төмөнкүчө кабар берилет:

 

«Кийин сөзсүз алдыларынан, арттарынан, оң жагынан жана сол жагынан (азгырганы) келемин. Алардын көпчүлүгүнүн шүгүр кылганын көрбөйсүң.» (Аллах) Айтты: «Жек көрүлгөн, басмырланган жана куулган абалда ал жерден чык. Ант болсун, алардан ким сени ээрчисе, тозокту силер менен толтурам.» (Аьраф Сүрөсү, 17-18)

 

Ыймандуулар болсо канчалык алсыз жана муктаж экенин ойлонуп, колундагы ар бир жакшылык үчүн Аллахка шүгүр кылышат. Ыймандуулар Аллахка бир гана байлык же мал-мүлк үчүн шүгүр кылышпайт. Бүт нерсенин ээсинин жана кожоюнунун Аллах экенин билген ыймандуулар ден-соолугу, сулуулугу, илими, акылы, ыйманды сүйүшү, каапырдыкты жаман көрүшү, туура жолдо жүргөнү, таптаза ыймандуулар менен бирге болгону, баамдуу, парасаттуу болгону жана күчү үчүн шүгүр кылышат. Кооз табиятты көргөндө же жумушу оңой бүткөндө, сураган бир нерсеси ишке ашканда, жакшы сөз укканда, жакшы көрүлүп, урматталганда жана дагы сансыз жакшылыктарга туш болгондо, ошол замат Аллахка шүгүр кылып, Анын мээримин, боорукердигин, Рахман (Мээримдүү) жана Рахим (Ырайымдуу) экендигин ойлонушат.

Аллах алардын мындай кулк-мүнөзүнө жооп катары Куранда бир сырды билдирген. Ал Аллахтын шүгүр кылгандарга жакшылыгын көбөйтөөрү тууралуу бир сыр. Мисалы, ден-соолугу жана күчү үчүн шүгүр кылган бир мусулмандын Аллах күчүн жана ден-соолугун ансайын бекемдейт. Илими же байлыгы үчүн шүгүр кылгандарга Аллах андан да көбүрөөк илим жана байлык берет. Мунун себеби, алар Аллахтын бергенине ыраазы болуп, колундагы жакшылыктарга сүйүнгөн, чын ыкластуу, Аллахка дос адамдар болушат. Аллах бул сырды Куранда төмөнкүчө кабар берген:

 

Раббиңер мындай деген эле: «Ант болсун, эгер шүгүр кылсаңар, чындыгында силерге көбөйтөм жана ант болсун, эгер шүгүрсүздүк кылсаңар, күмөнсүз, Менин азабым абдан оор. (Ибрахим Сүрөсү, 7)

 

Шүгүр кылуучулардан болуу ал адамдын Аллахка болгон жакындыгынын, достугунун жана Аллахка болгон сүйүүсүнүн дагы бир көрсөткүчү. Шүгүр кылуучу адамдар ар дайым ар кандай окуяда Аллах жараткан кооздуктарды жана жакшылыктарды көрө алышат. Ыймансыз же шүгүрсүз адам болсо эң сонун шарттарда да кемчиликтерди көрүп, андан көңүлү чөгөт же тынчсызданат. Аллахтын жаратуу даанышмандыгы катары андай адамдар тынымсыз терс сыяктуу көрүнгөн окуяларга, жагымсыз көрүнүштөргө туш болушат. Ак ниеттүү, оң көз-караш менен караган адамдарга болсо Аллах ар дайым кооздуктарды жана жакшылыктарды көбөйтүп көрсөтөт.

Көрүнүп тургандай, Аллахтын шүгүр кылгандарга жакшылыктарын көбөйтөөрү Курандын сырларынын бири. Бирок эң негизгиси шүгүр чын ыкластан болушу керек. Чын ыкластан Аллахка кайрылып, Анын чексиз боорукердигин жана мээримин сезип шүгүр кылбастан, бир гана эл көзүнө шүгүр деп айтып коюу, албетте, толугу менен жасалмалык болот. Жана жүрөктөгү сырларды билген Аллах мындай жасалмалыкты да көрөт. Жасалма шүгүр кылгандар Аллахтын жүрөктөгү сырларды, адамдардын ниеттерин, жашыргандарын, жашыруундун жашыруунун да билээрин аңдап түшүнүшпөйт. Бейпил учурда эл көзүнө шүгүр кылышат, бирок кыйынчылык учурунда бир заматта жакшылыктын баарын унутуп калышат.

Бир нерсени унутпаш керек, чын ыкластуу ыймандуулар эң кыйын шарттарда да шүгүр кылышат. Үстүртөн караган адамдарга ыймандуулардын колундагы жакшылыктар азайгандай көрүнүшү мүмкүн. Бирок ыймандуулар ар кандай окуянын жана шарттардын жакшылык тарабын көрө алганы үчүн анда да бир жакшылык бар экенин билишет. Мисалы, Аллах адамдарды бир аз коркуу же ачарчылык менен, же болбосо жандарды, мал-мүлктөрдү азайтуу аркылуу сынаарын билдирген. Мындай абалдарда ыймандуулар аларга сабыр кылса, Аллахтын аларды бейиштеги жакшылыктар менен сыйлаарын үмүт кылып, сүйүнүшөт жана шүгүр кылышат. Аллахтын аларга эч качан күчтөрү жетпей турган жүктү жүктөбөшүн билип, ошол ишеним менен сабырдуу болуп, шүгүр кылышат. Ошондуктан ар дайым шүгүр кылуу ыймандуунун белгилүү мүнөзү жана Аллах шүгүр кылгандарга акыретте да, бул дүйнөдө да жакшылыктарын көбөйтөт.

 

 

Ыймандуу адам ар дайым шүгүр кылат


АДНАН ОКТАР: «Биз ансыз да Аллахка ыйман кылганыбыз үчүн, ансыз да шүгүр кылабыз. Аллах бизге ыйман бергени үчүн, бизге Куранды тартуулаганы үчүн, ушундай куттуу бир Пайгамбарды жөнөткөнү үчүн, акыл бергени үчүн, рухубузду денебизди чың кылганы үчүн, санап бүткүс жакшылыктарынын баарына биз шүгүр кылабыз. Бир жакшылыгы, мисалы кээде сый-жакшылык бербейт Аллах, кээде оору берет. Анда да өтө чоң жакшылыктар болот. Адамдар биле албайт, «... Аллах билет, силер биле албайсыңар» дейт Аллах аятта. Адам, мисалы, шайтандан Аллахка корголоном, «...силер жакшылык деп ойлойсуңар, жамандык болот, жамандык деп ойлосуңар, жакшылык болот» дейт. Биз аларды биле албайбыз. Биз Курандын рухунан муну көрө алабыз. Аллахтын чексиз сый-жакшылыктары бар. Аллах «...бир-бирден санасаңар, ансыз да санап бүтө албайсыңар, топтоштуруп санасаңар да Аллахтын сый-жакшылыктарын санап бүтө албайсыңар» (Нахл Сүрөсү, 18) дейт. Ушунчалык чексиз сый-жакшылыктарды берген Аллахка шүгүр кылып баштадык дейли, баарына шүгүр кылганга өмүрүбүз жетпейт. Ар бир секунда шүгүр кылсак, баары бир жетпейт, бүт тарапты сансыз сый-жакшылыктар курчап турат.» (Аднан Октардын Качкар ТВ каналына берген маегинен үзүндү, 2009-жылы 26-февраль)

 

 

Ыймандуунун бардык шүгүрлөрү Аллахка багытталат


АДНАН ОКТАР: МашаАллах, ыраазычылыктарыбыз Аллахка, шүгүрүбүз да Аллахка. ИншаАллах. Адамдар адамдарга ыраазычылык билдиргенде, Аллахка ниет кылып рахмат айтышсын, буга абдан көңүл буруу керек, анткени, сый-жакшылыкты берген Аллах, сый-жакшылыкты ким берсе, биз ошого шүгүр кылабыз. Мисалы, кофе алып келсе, рахмат дейбиз. Кофени сунган Аллах. Чындыгында ушундай. Кофенин сүрөттөлүшүн көрөбүз, аны ичирген да Аллах. Колун жогору көтөрүп, ага көрсөткөн да Аллах. Ал тургай, Аллах аятта айтат, шайтандан Аллахка корголоном, «Ыргытканда сен ыргыткан жоксуң» дейт Аллах аятта, «Аллах ыргытты» (Энфал Сүрөсү, 17) дейт. «Сага моюн сунгандар Аллахка моюн сунушту» дейт. «Аллахтын колу алардын колунун үстүндө болчу» (Фетих Сүрөсү, 10) дейт. Бирок Пайгамбарыбыздын (сав) колун кармашкан. Туурабы? «Алар Аллахтын колун кармашты» дейт; анткени ал Аллахтын чагылуусу. Аллахка арнайбыз, Аллахка арнап айтабыз. Карагыла, «Ыргытканда сен ыргыткан жоксуң», бирок Пайгамбар (сав) ыргыткан, мисалы, ок аткан же колундагы бир нерсени ыргыткан. «Сен ыргыткан жоксуң» дейт Аллах, «Аллах ыргытты» дейт. «Сага моюн сунгандар Аллахка моюн сунушту» дейт, «Аллахтын колу алардын колунун үстүндө болчу» дейт. Бирок Пайгамбарыбыздын (сав) колун кармашкан. Бүт тарап, бүт баары ушундай. Аллахтын чагылуусу. Аллах «Мен бүт тараптамын» дейт. «Силерге күрөө тамырыңардан да жакынмын» (Каф Сүрөсү, 16) дейт Аллах. Күрөө тамырыбыз биздин ичибизде туурабы? «Мен андан да жакынмын» дейт Аллах бизге. Ичиңердин ичинен да жакыныраакмын... Аллах ыраазы болсун деп айтуу жакшыраак болот. Аллах ыраазы болсун, Аллахка мактоолор болсун...

ТАГДЫРГА МОЮН СУНУУ ЖАНА ТОБОКЕЛ КЫЛУУДАГЫ СЫРЛАР

 

Тобокел бир гана ыйманы күчтүү, Аллахтын кудуретин түшүнө алган жана Ага жакын болгон ыймандууларга тиешелүү өзгөчөлүк. Түшүнө алгандар үчүн тобокелде маанилүү сырлар жана чоң жакшылыктар бар. Тобокел Аллахка жана Ал жараткан тагдырга толук моюн сунуп, ишенүү дегенди билдирет. Аллах адамдар да кошо, бардык жандуу-жансыздарды бир тагдыр менен жараткан. Мисалы, күндүн, айдын, деңиздердин, көлдөрдүн, дарактардын, гүлдөрдүн, бир кичинекей кумурсканын, бутактан түшкөн бир жалбырактын, столуңуздун үстүндөгү бир бүртүк чаңдын, жолдо баратканыңызда бутуңуз чалынган бир таштын, он жыл мурда сатып алган көйнөгүңүздүн, муздаткычыңыздагы шабдалынын, апаңыздын, атаңыздын, туугандарыңыздын, мектептеги досторуңуздун, сиздин, кыскасы бардык адамдардын жана бардык заттардын Аллах Кабатында миллиондогон жыл мурда белгиленген бир тагдыры бар. Жана ар биринин тагдыры Аллах Кабатында «Лавхи Махфуз» аттуу бир китепте жазылган. Кимдин качан каза болоору, кайсы жалбырактын качан кандай ылдамдык менен жерге түшөөрү, муздаткычыңыздагы шабдалынын качан кайсы жеринен чирип баштаары, бутуңуз ташка чалынганга чейин ал таштын кандай баскычтардан өтөөрү, кыскасы, чоң-кичине бардык окуялар ошол китепте жазылуу.

Ыймандуулар тагдырга ишенишет (ыйман кылышат) жана Аллах жараткан тагдырдын эң жакшысы экенин билишет. Ошондуктан өмүр бою ар дайым тобокел кылышат. Башкача айтканда, окуяларды Аллахтын белгилүү бир максат менен жаратканын жана баштарына кандай гана окуя келбесин, Аллахтын андан бир жакшылыкты көздөгөнүн билишет. Мисалы, айыкпас ооруга чалдыгуу, абдан күчтүү жана катаал душман армиясы менен беттешүү, күнөөсүз жерден жалган жалааларга туш болуу же адамдын оюна келе турган эң коркунучтуу окуялар дагы ыймандууларды тынчсыздандырып, коркутпайт. Алар Аллахтын жаратканын сабырдуулук жана бекемдик менен күтүшөт. Ыймансыз адам үрөйү учуп, үмүтсүздүккө түшө турган окуяларды ыймандуулар кубануу менен тосуп алышат. Анткени эң коркунучтуу көрүнүш же кабар дагы Аллах Кабатында алдын-ала пландалып, адамдарды сыноо үчүн жаратылган. Аларды сабырдуулук жана тобокелдик менен кабыл алгандар, Аллахка жана Анын жараткан тагдырына моюн сунуп ишенгендер Аллахтын ыраазылыгына жана сүйүүсүнө ээ болуп, түбөлүккө бейиште жашашат. Ошондуктан ыймандуулар өмүр бою тобокел кылуунун бейпилдигин жана ыймандык кубанычын сезип жашашат. Бул Аллахтын ыймандууларга билдирген бир сыры жана жакшылыгы жана Аллах Куранда тобокел кылуучуларды сүйөөрүн кабар берген (Али Имран Сүрөсү, 159).

Тобокел тууралуу Куранда билдирилген дагы бир жагдай – бул, чара көрүү. Курандын көптөгөн аяттарында ыймандууларга шартка жараша кандай чаралардын көрүлөөрү сүрөттөлгөн. Бирок Аллах көрүлгөн чаралардын тагдырды өзгөртпөй турганын, алардын бир ибадат катары кабыл алынаарын да аяттарда адамдарга бир сыр катары билдирген. Аз. Йакубдун балдарына шаарга кирүү тууралуу белгилүү чараларды сунуштап, андан соң тобокелди эстетиши мунун бир мисалы. Аяттарда мындай деп айтылат:

 

Жана (Аз. Йакуб) айтты: «Эй балдарым, жалгыз бир эшиктен кирбегиле, башка башка эшиктерден киргиле. Мен силерге Аллахтан эч нерсе бере албайм (кетире албайм). Өкүм бир гана Аллахтыкы. Мен Ага тобокел кылдым. Тобокел кылгандар бир гана Ага тобокел кылышсын.» (Йусуф Сүрөсү, 67)

 

Аз. Йакубдун сөздөрүнөн да көрүнүп тургандай, ыймандуулар сөзсүз ар дайым керектүү чараларды көрүшөт. Бирок Аллахтын тагдырда белгилегендерин өзгөртө алышпашын билишет. Мисалы, адамдар жол эрежелерин толук аткарып, унаасын кооптуу айдабашы шарт. Бул өзүнүн жана башка адамдардын өмүрү үчүн маанилүү бир чара жана ибадат. Бирок, эгер Аллах бир адамдын бир жол кырсыгында каза болоорун жазган болсо, кандай гана чара көрбөсүн, өлүмдөн кутула албайт. Кээде бир адамдын бир чарасы же кандайдыр бир кыймыл-аракети аны өлүмдөн куткаргандай көрүнүшү мүмкүн. Же бир адам күтүүсүз чечим алып, жашоосун толугу менен өзгөртүшү мүмкүн, дагы бир адам айыкпас ооруга чалдыгып, бирок кайраттанып оорусун жеңген болушу мүмкүн. Бирок булардын баары тагдырда болгону үчүн ошондой болот. Кээ бирлер мындай окуялар тууралуу «тагдырын жеңди» же «тагдырын өзгөрттү» деген сыяктуу толугу менен логикасыз жана туура эмес сөздөрдү айтышат. Иш жүзүндө эч бир адам, эң күчтүү же эң чечкиндүү көрүнгөнү да, Аллахтын ага же башкаларга жазган тагдырын өзгөртө албайт. Эч бир адамдын мындай күчү жок. Тескерисинче, жаратылгандардын баары Аллахтын жараткан тагдырынын алдында алсыз жана негизи табигый түрдө тагдырына баш ийет. Болгону кээ бирлер муну кабыл алгысы келбейт. Тагдырдын бар экенин тануу да негизи анын тагдырында жазылуу. Ошондуктан оорудан же өлүмдөн кутулган, же болбосо жашоосу толугу менен өзгөргөн адамдардын баары тагдырында болгону үчүн ошол окуяларды баштарынан өткөрүшөт. Аллах муну Куранда төмөнкүчө кабар берет:

 

Жер жүзүндөгү жана силердин напсиңердеги ар кандай нерселердин (окуялардын) баарын Биз жаратуудан мурда бир китепте (жазып) койгонбуз. Күмөнсүз, бул – Аллах үчүн абдан оңой. (Силердин) Колуңардан чыкканга кайгырбашыңар жана силерге (Аллахтын) бергендеринен улам сүйүнүп-көппөшүңөр үчүн (ушундай кылды). Аллах текебер-мактанчаакты сүйбөйт. (Хадид Сүрөсү, 22-23)

 

Аллах аятында да билдиргендей, адамдын башына келген окуялардын бүт баары Аллах Кабатындагы бир китепте алдын-ала белгиленип жазылган. Жана Аллах ушул себептен адамга жоготкондоруңа кайгырба дейт. Мисалы, чоң өрт чыгып же соодада иши жүрбөй бардык мал-мүлкүнөн ажыраган бир адам тагдырында болгону үчүн ошондой абалга туш болот. Анын алдын алып, бөгөт койо албайт. Демек ага кайгырышынын мааниси жок. Аллах адамдарды тагдырында жазылган ар кандай окуялар менен сынайт. Ал окуяларга тобокел кылгандар Аллахтын ыраазылыгына жана сүйүүсүнө ээ болушат. Сабырдуулук менен тобокел кылбагандар болсо бул дүйнөдө да кыйналып, тынчсызданып, бактысыз жашашат жана акыретте да чексиз азапка туш болушат. Тобокел кылуунун адамга бул дүйнөдө да, акыретте да чоң пайда жана жеңилдик алып келээри айдан ачык. Аллах тобокелдик тууралуу сырларды ыймандууларга билдирүү аркылуу алардын мойнунан кыйынчылыктарды алган жана аларга бул дүйнөдөгү сыноону жеңилдеткен.



Тобокел Аллахка болгон сүйүүбүздүн бир көрсөткүчү


АДНАН ОКТАР: Аллахка терең сый-урмат менен толук моюн сунуу керек. Бир нерсени эмне үчүн болгон жок деп ачуулануу уятсыздык. Адеп-ахлакка, Куранга туура келбейт. Куран адеп-ахлагы боюнча уятсыздык, адеп-ахлактын кемчилиги. Башкача айтканда, мен акарат маанисинде айткан жокмун. Адеп-ахлактын жоктугун көрсөтөт, себеби Куран адеп-ахлагына туура келбейт. Аны сөзсүз тобокелдик менен кабыл алуу, Аллахты урматтап моюн сунуу адептүүлүк. Бул Аллахты сүйүүнүн бир талабы, антпесе, Аллах бир нерсе кылса, адам аны жактырбаган болот. Бул канчалык оор сөз. Башкача айтканда, сүйүктүүңдөн сага сонун бир нерсе келсе, мага бул жакпады деген болосуң. Сүйүктүүңдөн келген нерсенин баары эң сонун. Аллахтан келген нерсенин баары сонун, баарында бир жакшылык бар.

Аларга жамандык көзү менен карабаш керек. Мисалы, күтүүсүздөн ооруп калышың мүмкүн, Аллах сени сынашы керек, болбосо сүйүүңдү кантип көрсөтөсүң? Мисалы, адам сүйгөнү үчүн кыйналбаса, азап тартпаса, аракет кылбаса, эч кандай аракети жок болсо, сүйүүсүн кантип билесиң? Мисалы, сүйүүсү үчүн адам уйкусунан баш тарта албайт дейли. Мен уктайм дейт. Бул сүйүүдө болбойт. Сүйүүдө уйкусун тебелеши керек. Туурабы? Мисалы, адам өзү суукта калып, сүйүктүүсүнүн жылуу жерде болушун каалайт. Өзү ачка туруп, анын тамак жешин каалайт. Бул сүйүү. (Урматтуу Аднан Октардын Канал Урфага берген маегинен үзүндү, 2009-жыл 21-ноябрь)

 


Аллахтын жараткан тагдыры чексиз сонун


АДНАН ОКТАР: Аллах чексиз акыл, чексиз кудурет. Аллах чексиз нерселердин баары. Адамдар кул катары жаратылат. Кул катары жаратылганда тагдыры белгиленип жаратылат. Башкача айтканда, адамдын башталышы бар. Бирок аягы жок. Аягы бейишке же тозокко барат. Бирок ал жер түбөлүктүү. Мисалы, биз азыр сиз менен маектешип жатабыз. Азыр 2007-жыл, бирок сиз энеңизден төрөлө электе бул жерде бул сөздөрдү айткансыз. Мен да энемден төрөлө электе бул жерде бул сөздөрдү айтканмын. Сөздөр белгилүү болчу. Мисалы, канча чыны суу ичем, бул жердеги гүлдөрдүн саны, бир аз мурда шамал кагаз кол аарчыны жерге түшүрдү, ар жерге чачылды. Тагдырда алардын түшө турган жерлери да белгилүү болчу. Булардын баары белгилүү. Жана бул эч качан өзгөрбөйт. Биз кул болгонубуз үчүн тагдырга баш ийебиз. Аллахтын жараткандарын көрөбүз.

 

АЛЬ-ДЖАЗИРА: Баары татаалдашты.

 

АДНАН ОКТАР: Жок, баары сонун. Биз Аллахтын башкаруусунун астындабыз. Бизди эч кыйналбасын деп Аллах тагдырды жараткан. Бул абдан чоң жакшылык. Мисалы, сиздин сурай турган ар бир сурооңуз тагдырда белгилүү. Менин бере турган ар бир жообум тагдырда белгилүү. Ар бир тамгасына чейин белгилүү. Ошол үчүн кыйын эч нерсе жок. Камералардын бара турган жерлери белгилүү. Бул жерден өтө турган кемелер белгилүү. Адам кыйналып жасай турган эч нерсе жок. Болгону Аллахка, тагдырга өзүн тапшырышы керек. Аллахтын көрсөткөн сонун сүрөттөлүштөрүн көрүп, ага шүгүр кылып, Аны мактайт. Анын улуулугун айтат. Аллахты тасбих кылат. СубханАллах дейт. Ошол. Башкача айтканда, парздарды аткарат. (Урматтуу Аднан Октардын Аль-Джазира каналына берген маегинен үзүндү, 2007-жыл август)

 

 

АР БИР ОКУЯДА БИР ЖАКШЫЛЫК БАР

 

Ыймандуулардын тобокел кылышын жеңилдетип, бекемдей турган дагы бир сыр катары Аллах ар бир окуяны бир жакшылык менен жаратканын билдирген. Аллах Куранда жамандыктай көрүнгөн окуяларда да бир жакшылык бар экенин адамдарга төмөнкүчө кабар берет:

 

«... балким бир нерсе силерге жакпайт, бирок Аллах андан көп жакшылыкты берет.» (Ниса Сүрөсү, 19)

 

«... (Кээде) бир нерсени жаман көрүшүңөр мүмкүн. Чындыгында ал силер үчүн жакшылык болот. Ошондой эле, (кээде) силер жакшы көргөн нерсе өзүңөргө жамандык болуп чыгат. Аллах билет, силер билбейсиңер.» (Бакара Сүрөсү, 216)

 

Ыймандуулар бул сырды билгени үчүн, баштарына келген бардык окуялардын жакшы тарабын издешет. Терс, кыйынчылык же кемчиликтей көрүнгөн эч бир окуя аларды кайгыга салып, тынчсыздантпайт. Бул чоң-кичине бардык окуяларга тиешелүү. Чын ыкластуу мусулман көп жылдар бою иштеп тапкан бардык байлыгынан ажыраса да, анын жакшы тарабын ойлонот. Мисалы, Аллахтын өмүр бергенине шүгүр кылат. Аллах мени бир жамандыктан, арам жолдон же мал-мүлккө жана акчага азгырылып, Аллахтын жолунан адашуудан коргогон болушу мүмкүн деп ойлонот. Ага да шүгүр кылат. Себеби адам бул дүйнөдө эмнесинен гана ажырабасын, ал акыреттеги жоготуусуна эч качан тең келбейт. Акыреттеги жоготуу адамдын түбөлүккө чейин (Аллах кааламайынча) жан чыдагыс азап тартышы дегенди билдирет. Акыретти ойлонуп жашаган адам үчүн бул дүйнөдөгү окуялардын баары акырет үчүн бир жакшылык болот. Мындай окуяга кабылган адам алсыздыгын жана муктаждыгын жакшыраак түшүнүп, дуба менен жана тереңирээк ойлонуу менен Аллахка көбүрөөк кайрылып, көбүрөөк жакындайт. Бул адамдын акырети үчүн абдан чоң жакшылык болот. Ошондой эле, мындай окуяга тобокел кылып, сабырдуу болуу менен Аллахтын ыраазылыгына жетет. Аллахтын ыраазылыгы баарынан жогору.

Адам бир гана чоң жана маанилүү окуялардан эмес, күнүмдүк жашоосундагы бардык окуялардан жакшылык издеши керек. Мисалы, аярлап жасап жаткан тамагын күйгүзүп алган бир адам келечекте бул кайталанбашы үчүн керектүү чараларды көрөт жана ошентип чоң кырсыктарга бөгөт коюлат. Бир өспүрүм эңсеген окуу жайына абдан даярданып, өтпөй калышы мүмкүн. Анда да бир жакшылык бар экенин билиши керек. Балким Аллах мени ал окуу жайдагы кээ бир коркунучтардан, жашоомо терс таасири тийе турган адамдардан же чөйрөлөрдөн коргоп жаткандыр деп ойлонуп, ал жыйынтыкка кубанышы зарыл. Же Аллахтын ар бир окуяда ал билбеген, ал тургай, элестете да албаган дагы канчалаган жакшылыктарды жаратышы мүмкүн экенин ойлонуп, Аллахка моюн сунушу шарт.

Адам ар дайым эле ар бир окуянын артындагы жакшылыктарды байкай бербеши мүмкүн. Бирок байкай албаса да, сөзсүз бир жакшылык бар экенин билип, Аллахка окуялардын артындагы жакшылыктарды жана сырларды көрсөтүшү үчүн дуба кылат.

Ар бир окуянын жакшылык менен жаратылганын билген адамдар «аттиң», «атаганат» деген сыяктуу сөздөрдү колдонушпайт. Каталардын, кемчиликтердин, унутчаактыктардын, терс сыяктуу көрүнгөн окуялардын баарында чоң жакшылыктар бар жана баары адам үчүн тагдырдын бир тарбиясы. Аллах ар бир адамдын тагдырын өзгөчө кылып жараткан жана ал тагдырда адамдарга абдан маанилүү насааттарды жана эскертүүлөрдү көрсөтөт. Акылмандык жана даанышмандык менен талдаган адамдар үчүн аларда кемчиликтер, унутчаактыктар, терс окуялар эмес, Аллах Кабатынан сабак, таалим, эскертүүлөр жана даанышмандыктар бар. Мисалы, жогоруда мисал келтирилген, дүкөнү күйүп кеткен мусулман ошол замат абийирин угуп өзүн сындайт жана балким Аллах мени ач көздүккө каршы эскертүү берип сынады деп ойлонуп, ак ниетин жана ыкласын бекемдейт.

Адам бул дүйнөдө кандай гана окуяга туш болбосун, ал окуя сөзсүз өтөт. Ар бир адам өмүрүндөгү эң кыйын же эң коркунучтуу күнүн эстесе, анын бир элес катары гана эсинде калганын көрөт. Адамдар телевизордон көргөн тасмаларын да ошондой эле эстешет. Ошондуктан адам үчүн эң маанилүү жана эң «оор» күн дагы бир күнү башына келет жана бир тасманын кадрына окшоп, бир эскерүү, бир элес катары эсинде калат. Бирок ал көз ирмемден бир гана нерсе калат жана ал түбөлүккө чейин уланат: ал адамдын ошол оор учурдагы мамилеси жана Аллахтын ал адамдан ыраазы болуп болбошу. Адам башынан өткөргөн окуяларынан эмес, ошол окуяларга болгон мамилесинен, ойлорунан жана ниетинен суракка алынат. Ошондуктан ар бир окуядан Аллахтын жараткан жакшылыктарын көрүүгө аракет кылып, ошого жараша мамиле жасоо ыймандууларга бул дүйнөдө жана акыретте чоң пайда алып келет. Бул сырды билген ыймандуулар дүйнөдө да, акыретте да коркушпайт жана кайгырышпайт. Эч бир адам, эч бир күч жана эч бир окуя ыймандууларды коркуу, бактысыздык, үмүтсүздүк деген сыяктуу терс маанайларга түртпөйт. Аллах бул сырды Куранда төмөнкүчө кабар берет:

 

«Ал жерден баарыңар түшкүлө. Мындан кийин силерге Менден бир хидаят (туура жол) келгенде, ким Менин хидаятымды ээрчисе, аларга коркуу жок жана алар кайгыга батышпайт» дедик. (Бакара Сүрөсү, 38)

 

Кабарыңар болсун; Аллахтын достору (велилери), алар үчүн коркуу жок, кайгы да жок. Алар ыйман келтиргендер жана (Аллахтан тартынып күнөөдөн) сактангандар. Дүйнө жашоосунда жана акыретте сүйүнүчтүү кабар алар үчүн. Аллахтын сөздөрү эч өзгөрбөйт. Улуу кутулуу жана бактылуулук мына ушул. (Йунус Сүрөсү, 62-64)

АР БИР КЫЙЫНЧЫЛЫК МЕНЕН БИРГЕ БИР ЖЕҢИЛДИК БАР

Бул дүйнөнү Аллах адамдарды сыноо үчүн жараткан. Жана сыноонун талабы катары ар бир адамды кээде молчулук жана жакшылык берип, кээде оор кыйынчылыктарга салып сынайт. Окуяларды Куранда билдирилген акыйкаттарга карап талдабаган адамдар кыйынчылыкка туш болгондо эмне кылаарын билбей, маанайы чөгүп, үмүтсүздүккө түшүшөт. Ал эми Куранда болсо Аллах тарабынан билдирилген жана чын жүрөктөн ишенип, моюн сунган пенделер гана байкай алган маанилүү бир сыр бар. Ал сырды Аллах төмөнкүчө кабар берген:

 

Демек, чындыгында кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар. Чындыгында, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар. (Инширах Сүрөсү, 5-6)

 

Аллах аяттарда билдиргендей, абал канчалык оор болуп, чечилиши канчалык татаалдай көрүнбөсүн, Аллах ыймандууларга сөзсүз ал абалдан чыгууну оңойлото турган, ал кыйынчылыкты жеңилдете турган бир себепти жараткан. Ыймандуу эң жакшы сабыр кылып, сабырында бекем болгондо, бардык кыйынчылыктар менен бирге Аллахтын жеңилдик бергенин көрөт. Аллах башка аяттарында Андан коркуп тартынган пенделерине жол көрсөтөөрүн, аларды жакшылыктар менен сыйлаарын төмөнкүчө сүйүнчүлөгөн:

 

... Ким Аллахтан коркуп тартынса, (Аллах) ага бир чыгуу жолун көрсөтөт жана ага күтпөгөн тараптан ырыскы берет. Ким Аллахка тобокел кылса, Ал ага жетиштүү... (Талак Сүрөсү, 2-3)

 

 

Аллах эч кимге күчү жеткенден

ашыкча жүктөбөйт

Аллах чексиз мээрими, боорукердиги жана адилеттүүлүгү менен, жараткан бардык окуяларында бир жагынан жеңилдик берсе, экинчи жагынан ар бир адамды күчүнө жараша сынайт. Аллах адамдарга буйрук кылган ибадаттардын, аларды сыноо үчүн жараткан кыйынчылыктардын жана адамдарга жүктөгөн жоопкерчиликтердин баары адамдардын күчүнө жараша болот. Бул ыймандуулар үчүн кубанычтуу кабар жана жеңилдик, ошондой эле, Аллахтын мээриминин бир көрсөткүчү. Аллах бул сырды Куранда төмөнкүчө кабар берет:

 

Жетимдин мүлкүнө ал бойго жеткенге чейин, эң сонун (мамиледен) тышкары, жакындабагыла. Өлчөөнү жана таразага тартууну туура кылгыла. Эч бир напсиге (адамга) күчү жеткенден ашыкча бир нерсе жүктөбөйбүз. Сүйлөгөндө (күбө болгондо), жакыныңар болсо да адилеттик кылгыла. Аллахка берген сөзүңөрдө бекем болгула. Мына ушуларды силерге кеңеш (буйрук) кылды; балким сабак алып-ойлоноорсуңар. (Энъам Сүрөсү, 152)

 

Ыйман келтирип, чын ыкластуу иштерди жасагандар бейиштин калкы. Биз эч кимге күчү жеткенден ашыкчасын жүктөбөйбүз. Ал жерде (бейиште) түбөлүк жашашат. (Аьраф Сүрөсү, 42)

 

Эч кимге күчү жеткенден ашыкча жүктөбөйбүз; колубузда акыйкатты айта турган бир китеп бар жана алар эч бир адилетсиздикке туш болушпайт. (Мүминун Сүрөсү, 62)

 

 

Аллахтын динин аткаруу оңой

Адамдардын көпчүлүгү дин жашообузду оордоштурат, бизге бир катар оор жоопкерчиликтерди жүктөйт деп ойлошот. Бул шайтандын динден адаштыруу үчүн адамдарга берген бир азгырыгы жана чоң жаңылыштык. Буга чейин да айтылгандай, дин оңой. Аллах ыйман кылган адамдарга кыйынчылыктардын артынан жеңилдик берээрин билдирет. Ошондой эле, тобокел кылуу жана тагдырга ишенүү сыяктуу диндин негизги ишенимдери адамдын мойнундагы бардык оор жүктөрдү, кыйынчылыктарды, азапка салып, кайгырта турган бардык окуяларды жок кылат. Дин менен жашаган адам эч нерсеге кыйналып, кайгырбайт жана үмүтсүздүккө түшпөйт. Аллах көптөгөн аяттарында Анын жолунда жүргөндөргө жана динине жардам бергендерге жардам берип, колдоорун жана аларга бул дүйнөдө да, акыретте да сонун жашоо тартуулаарын убада кылат. Убадасынан эч качан кайтпаган Раббибиздин бул тууралуу убадалары мындай:

 

(Аллахтан) Тартынгандарга: «Раббиңер эмне түшүрдү?» деп айтылганда, «жакшылык» дешти. Бул дүйнөдө жакшы иштерди жасагандарга жакшылык бар; акырет мекени болсо андан да жакшыраак. Такыбалуулардын (Аллахтан корккондордун) мекени кандай сонун. (Нахл Сүрөсү, 30)

 

Аллах, мындан тышкары, Анын дини менен жашагандарды бул оңой жолдо ийгиликке жеткирээрин да сыр катары ыймандууларга Куранда төмөнкүчө сүйүнчүлөйт:

 

Ал эми ким берсе жана коркуп тартынса жана эң сонун нерсени тастыктаса, Биз аны оңой жолдо ийгиликке жеткиребиз. (Лайл Сүрөсү, 5-7)

 

Куранда билдирилген бул сырлардан көрүнүп тургандай, Аллахтын динине чын ыкластан бурулган адам эң башынан аны ийгиликке жеткире турган, ага бул дүйнөдө да, акыретте да пайда алып келе турган бир жолду тандаган болот. Ыймансыздарда болсо толугу менен тескерисинче. Алар эң башынан зыянга учураган, бүт тарабын кайгы-капа менен бактысыздык курчаган дүйнө жана акырет жашоосуна туш болушат. Алар ыймансыз болууну чечээр замат бул дүйнө жашоолорун да, акыреттерин да жоготушат. Аллах муну аяттарында төмөнкүчө кабар берет:

 

Ал эми ким сараңдык кылса жана өзүн жетиштүү көрсө (сооп керек эмес десе), жана эң сонунду (ыйманды) жалган десе, Биз ага эң оорду (азапка кабылышын) жеңил кылабыз. (Лайл Сүрөсү, 8-10)


Аллах бүт нерсенин ээси жана жаратуучусу. Албетте, Аллахтын достугуна, жардамына жана колдоосуна жетүү бир адам үчүн бардык күчтөрдөн жана колдоолордон жогору турат. Ким Аллахты дос тутуп, Ага моюн сунса, ал адамдын бул дүйнөдө жана акыретте пайдалуу жана эң сонун жашаары жана эч бир окуядан, эч бир адамдан зыян көрбөй тургандыгы анык. Демек, акылдуу жана абийирдүү ар бир адам Аллахтын Куранда билдирген бул сырларын түшүнүп, акылдуу жана туура жолду тандашы керек. Ыймансыздардын бул апачык чындыктарды түшүнө албашы өзүнчө бир сыр. Алар канчалык мээлүү же билимдүү болушпасын, Аллах алардын акылдарын алып койгон жана бул чындыктарды көрүшүнө бөгөт коюлган. 

КИРИШҮҮ

  А дамдардын арасында Куранга ишенбегендер же ишенсе да аны өздөрүнө жол көрсөтүүчү катары кабыл албагандар өмүр бою жаңылып, кемчиликтерди...