5 Mayıs 2021 Çarşamba

ТАГДЫРГА МОЮН СУНУУ ЖАНА ТОБОКЕЛ КЫЛУУДАГЫ СЫРЛАР

 

Тобокел бир гана ыйманы күчтүү, Аллахтын кудуретин түшүнө алган жана Ага жакын болгон ыймандууларга тиешелүү өзгөчөлүк. Түшүнө алгандар үчүн тобокелде маанилүү сырлар жана чоң жакшылыктар бар. Тобокел Аллахка жана Ал жараткан тагдырга толук моюн сунуп, ишенүү дегенди билдирет. Аллах адамдар да кошо, бардык жандуу-жансыздарды бир тагдыр менен жараткан. Мисалы, күндүн, айдын, деңиздердин, көлдөрдүн, дарактардын, гүлдөрдүн, бир кичинекей кумурсканын, бутактан түшкөн бир жалбырактын, столуңуздун үстүндөгү бир бүртүк чаңдын, жолдо баратканыңызда бутуңуз чалынган бир таштын, он жыл мурда сатып алган көйнөгүңүздүн, муздаткычыңыздагы шабдалынын, апаңыздын, атаңыздын, туугандарыңыздын, мектептеги досторуңуздун, сиздин, кыскасы бардык адамдардын жана бардык заттардын Аллах Кабатында миллиондогон жыл мурда белгиленген бир тагдыры бар. Жана ар биринин тагдыры Аллах Кабатында «Лавхи Махфуз» аттуу бир китепте жазылган. Кимдин качан каза болоору, кайсы жалбырактын качан кандай ылдамдык менен жерге түшөөрү, муздаткычыңыздагы шабдалынын качан кайсы жеринен чирип баштаары, бутуңуз ташка чалынганга чейин ал таштын кандай баскычтардан өтөөрү, кыскасы, чоң-кичине бардык окуялар ошол китепте жазылуу.

Ыймандуулар тагдырга ишенишет (ыйман кылышат) жана Аллах жараткан тагдырдын эң жакшысы экенин билишет. Ошондуктан өмүр бою ар дайым тобокел кылышат. Башкача айтканда, окуяларды Аллахтын белгилүү бир максат менен жаратканын жана баштарына кандай гана окуя келбесин, Аллахтын андан бир жакшылыкты көздөгөнүн билишет. Мисалы, айыкпас ооруга чалдыгуу, абдан күчтүү жана катаал душман армиясы менен беттешүү, күнөөсүз жерден жалган жалааларга туш болуу же адамдын оюна келе турган эң коркунучтуу окуялар дагы ыймандууларды тынчсыздандырып, коркутпайт. Алар Аллахтын жаратканын сабырдуулук жана бекемдик менен күтүшөт. Ыймансыз адам үрөйү учуп, үмүтсүздүккө түшө турган окуяларды ыймандуулар кубануу менен тосуп алышат. Анткени эң коркунучтуу көрүнүш же кабар дагы Аллах Кабатында алдын-ала пландалып, адамдарды сыноо үчүн жаратылган. Аларды сабырдуулук жана тобокелдик менен кабыл алгандар, Аллахка жана Анын жараткан тагдырына моюн сунуп ишенгендер Аллахтын ыраазылыгына жана сүйүүсүнө ээ болуп, түбөлүккө бейиште жашашат. Ошондуктан ыймандуулар өмүр бою тобокел кылуунун бейпилдигин жана ыймандык кубанычын сезип жашашат. Бул Аллахтын ыймандууларга билдирген бир сыры жана жакшылыгы жана Аллах Куранда тобокел кылуучуларды сүйөөрүн кабар берген (Али Имран Сүрөсү, 159).

Тобокел тууралуу Куранда билдирилген дагы бир жагдай – бул, чара көрүү. Курандын көптөгөн аяттарында ыймандууларга шартка жараша кандай чаралардын көрүлөөрү сүрөттөлгөн. Бирок Аллах көрүлгөн чаралардын тагдырды өзгөртпөй турганын, алардын бир ибадат катары кабыл алынаарын да аяттарда адамдарга бир сыр катары билдирген. Аз. Йакубдун балдарына шаарга кирүү тууралуу белгилүү чараларды сунуштап, андан соң тобокелди эстетиши мунун бир мисалы. Аяттарда мындай деп айтылат:

 

Жана (Аз. Йакуб) айтты: «Эй балдарым, жалгыз бир эшиктен кирбегиле, башка башка эшиктерден киргиле. Мен силерге Аллахтан эч нерсе бере албайм (кетире албайм). Өкүм бир гана Аллахтыкы. Мен Ага тобокел кылдым. Тобокел кылгандар бир гана Ага тобокел кылышсын.» (Йусуф Сүрөсү, 67)

 

Аз. Йакубдун сөздөрүнөн да көрүнүп тургандай, ыймандуулар сөзсүз ар дайым керектүү чараларды көрүшөт. Бирок Аллахтын тагдырда белгилегендерин өзгөртө алышпашын билишет. Мисалы, адамдар жол эрежелерин толук аткарып, унаасын кооптуу айдабашы шарт. Бул өзүнүн жана башка адамдардын өмүрү үчүн маанилүү бир чара жана ибадат. Бирок, эгер Аллах бир адамдын бир жол кырсыгында каза болоорун жазган болсо, кандай гана чара көрбөсүн, өлүмдөн кутула албайт. Кээде бир адамдын бир чарасы же кандайдыр бир кыймыл-аракети аны өлүмдөн куткаргандай көрүнүшү мүмкүн. Же бир адам күтүүсүз чечим алып, жашоосун толугу менен өзгөртүшү мүмкүн, дагы бир адам айыкпас ооруга чалдыгып, бирок кайраттанып оорусун жеңген болушу мүмкүн. Бирок булардын баары тагдырда болгону үчүн ошондой болот. Кээ бирлер мындай окуялар тууралуу «тагдырын жеңди» же «тагдырын өзгөрттү» деген сыяктуу толугу менен логикасыз жана туура эмес сөздөрдү айтышат. Иш жүзүндө эч бир адам, эң күчтүү же эң чечкиндүү көрүнгөнү да, Аллахтын ага же башкаларга жазган тагдырын өзгөртө албайт. Эч бир адамдын мындай күчү жок. Тескерисинче, жаратылгандардын баары Аллахтын жараткан тагдырынын алдында алсыз жана негизи табигый түрдө тагдырына баш ийет. Болгону кээ бирлер муну кабыл алгысы келбейт. Тагдырдын бар экенин тануу да негизи анын тагдырында жазылуу. Ошондуктан оорудан же өлүмдөн кутулган, же болбосо жашоосу толугу менен өзгөргөн адамдардын баары тагдырында болгону үчүн ошол окуяларды баштарынан өткөрүшөт. Аллах муну Куранда төмөнкүчө кабар берет:

 

Жер жүзүндөгү жана силердин напсиңердеги ар кандай нерселердин (окуялардын) баарын Биз жаратуудан мурда бир китепте (жазып) койгонбуз. Күмөнсүз, бул – Аллах үчүн абдан оңой. (Силердин) Колуңардан чыкканга кайгырбашыңар жана силерге (Аллахтын) бергендеринен улам сүйүнүп-көппөшүңөр үчүн (ушундай кылды). Аллах текебер-мактанчаакты сүйбөйт. (Хадид Сүрөсү, 22-23)

 

Аллах аятында да билдиргендей, адамдын башына келген окуялардын бүт баары Аллах Кабатындагы бир китепте алдын-ала белгиленип жазылган. Жана Аллах ушул себептен адамга жоготкондоруңа кайгырба дейт. Мисалы, чоң өрт чыгып же соодада иши жүрбөй бардык мал-мүлкүнөн ажыраган бир адам тагдырында болгону үчүн ошондой абалга туш болот. Анын алдын алып, бөгөт койо албайт. Демек ага кайгырышынын мааниси жок. Аллах адамдарды тагдырында жазылган ар кандай окуялар менен сынайт. Ал окуяларга тобокел кылгандар Аллахтын ыраазылыгына жана сүйүүсүнө ээ болушат. Сабырдуулук менен тобокел кылбагандар болсо бул дүйнөдө да кыйналып, тынчсызданып, бактысыз жашашат жана акыретте да чексиз азапка туш болушат. Тобокел кылуунун адамга бул дүйнөдө да, акыретте да чоң пайда жана жеңилдик алып келээри айдан ачык. Аллах тобокелдик тууралуу сырларды ыймандууларга билдирүү аркылуу алардын мойнунан кыйынчылыктарды алган жана аларга бул дүйнөдөгү сыноону жеңилдеткен.



Тобокел Аллахка болгон сүйүүбүздүн бир көрсөткүчү


АДНАН ОКТАР: Аллахка терең сый-урмат менен толук моюн сунуу керек. Бир нерсени эмне үчүн болгон жок деп ачуулануу уятсыздык. Адеп-ахлакка, Куранга туура келбейт. Куран адеп-ахлагы боюнча уятсыздык, адеп-ахлактын кемчилиги. Башкача айтканда, мен акарат маанисинде айткан жокмун. Адеп-ахлактын жоктугун көрсөтөт, себеби Куран адеп-ахлагына туура келбейт. Аны сөзсүз тобокелдик менен кабыл алуу, Аллахты урматтап моюн сунуу адептүүлүк. Бул Аллахты сүйүүнүн бир талабы, антпесе, Аллах бир нерсе кылса, адам аны жактырбаган болот. Бул канчалык оор сөз. Башкача айтканда, сүйүктүүңдөн сага сонун бир нерсе келсе, мага бул жакпады деген болосуң. Сүйүктүүңдөн келген нерсенин баары эң сонун. Аллахтан келген нерсенин баары сонун, баарында бир жакшылык бар.

Аларга жамандык көзү менен карабаш керек. Мисалы, күтүүсүздөн ооруп калышың мүмкүн, Аллах сени сынашы керек, болбосо сүйүүңдү кантип көрсөтөсүң? Мисалы, адам сүйгөнү үчүн кыйналбаса, азап тартпаса, аракет кылбаса, эч кандай аракети жок болсо, сүйүүсүн кантип билесиң? Мисалы, сүйүүсү үчүн адам уйкусунан баш тарта албайт дейли. Мен уктайм дейт. Бул сүйүүдө болбойт. Сүйүүдө уйкусун тебелеши керек. Туурабы? Мисалы, адам өзү суукта калып, сүйүктүүсүнүн жылуу жерде болушун каалайт. Өзү ачка туруп, анын тамак жешин каалайт. Бул сүйүү. (Урматтуу Аднан Октардын Канал Урфага берген маегинен үзүндү, 2009-жыл 21-ноябрь)

 


Аллахтын жараткан тагдыры чексиз сонун


АДНАН ОКТАР: Аллах чексиз акыл, чексиз кудурет. Аллах чексиз нерселердин баары. Адамдар кул катары жаратылат. Кул катары жаратылганда тагдыры белгиленип жаратылат. Башкача айтканда, адамдын башталышы бар. Бирок аягы жок. Аягы бейишке же тозокко барат. Бирок ал жер түбөлүктүү. Мисалы, биз азыр сиз менен маектешип жатабыз. Азыр 2007-жыл, бирок сиз энеңизден төрөлө электе бул жерде бул сөздөрдү айткансыз. Мен да энемден төрөлө электе бул жерде бул сөздөрдү айтканмын. Сөздөр белгилүү болчу. Мисалы, канча чыны суу ичем, бул жердеги гүлдөрдүн саны, бир аз мурда шамал кагаз кол аарчыны жерге түшүрдү, ар жерге чачылды. Тагдырда алардын түшө турган жерлери да белгилүү болчу. Булардын баары белгилүү. Жана бул эч качан өзгөрбөйт. Биз кул болгонубуз үчүн тагдырга баш ийебиз. Аллахтын жараткандарын көрөбүз.

 

АЛЬ-ДЖАЗИРА: Баары татаалдашты.

 

АДНАН ОКТАР: Жок, баары сонун. Биз Аллахтын башкаруусунун астындабыз. Бизди эч кыйналбасын деп Аллах тагдырды жараткан. Бул абдан чоң жакшылык. Мисалы, сиздин сурай турган ар бир сурооңуз тагдырда белгилүү. Менин бере турган ар бир жообум тагдырда белгилүү. Ар бир тамгасына чейин белгилүү. Ошол үчүн кыйын эч нерсе жок. Камералардын бара турган жерлери белгилүү. Бул жерден өтө турган кемелер белгилүү. Адам кыйналып жасай турган эч нерсе жок. Болгону Аллахка, тагдырга өзүн тапшырышы керек. Аллахтын көрсөткөн сонун сүрөттөлүштөрүн көрүп, ага шүгүр кылып, Аны мактайт. Анын улуулугун айтат. Аллахты тасбих кылат. СубханАллах дейт. Ошол. Башкача айтканда, парздарды аткарат. (Урматтуу Аднан Октардын Аль-Джазира каналына берген маегинен үзүндү, 2007-жыл август)

 

 

АР БИР ОКУЯДА БИР ЖАКШЫЛЫК БАР

 

Ыймандуулардын тобокел кылышын жеңилдетип, бекемдей турган дагы бир сыр катары Аллах ар бир окуяны бир жакшылык менен жаратканын билдирген. Аллах Куранда жамандыктай көрүнгөн окуяларда да бир жакшылык бар экенин адамдарга төмөнкүчө кабар берет:

 

«... балким бир нерсе силерге жакпайт, бирок Аллах андан көп жакшылыкты берет.» (Ниса Сүрөсү, 19)

 

«... (Кээде) бир нерсени жаман көрүшүңөр мүмкүн. Чындыгында ал силер үчүн жакшылык болот. Ошондой эле, (кээде) силер жакшы көргөн нерсе өзүңөргө жамандык болуп чыгат. Аллах билет, силер билбейсиңер.» (Бакара Сүрөсү, 216)

 

Ыймандуулар бул сырды билгени үчүн, баштарына келген бардык окуялардын жакшы тарабын издешет. Терс, кыйынчылык же кемчиликтей көрүнгөн эч бир окуя аларды кайгыга салып, тынчсыздантпайт. Бул чоң-кичине бардык окуяларга тиешелүү. Чын ыкластуу мусулман көп жылдар бою иштеп тапкан бардык байлыгынан ажыраса да, анын жакшы тарабын ойлонот. Мисалы, Аллахтын өмүр бергенине шүгүр кылат. Аллах мени бир жамандыктан, арам жолдон же мал-мүлккө жана акчага азгырылып, Аллахтын жолунан адашуудан коргогон болушу мүмкүн деп ойлонот. Ага да шүгүр кылат. Себеби адам бул дүйнөдө эмнесинен гана ажырабасын, ал акыреттеги жоготуусуна эч качан тең келбейт. Акыреттеги жоготуу адамдын түбөлүккө чейин (Аллах кааламайынча) жан чыдагыс азап тартышы дегенди билдирет. Акыретти ойлонуп жашаган адам үчүн бул дүйнөдөгү окуялардын баары акырет үчүн бир жакшылык болот. Мындай окуяга кабылган адам алсыздыгын жана муктаждыгын жакшыраак түшүнүп, дуба менен жана тереңирээк ойлонуу менен Аллахка көбүрөөк кайрылып, көбүрөөк жакындайт. Бул адамдын акырети үчүн абдан чоң жакшылык болот. Ошондой эле, мындай окуяга тобокел кылып, сабырдуу болуу менен Аллахтын ыраазылыгына жетет. Аллахтын ыраазылыгы баарынан жогору.

Адам бир гана чоң жана маанилүү окуялардан эмес, күнүмдүк жашоосундагы бардык окуялардан жакшылык издеши керек. Мисалы, аярлап жасап жаткан тамагын күйгүзүп алган бир адам келечекте бул кайталанбашы үчүн керектүү чараларды көрөт жана ошентип чоң кырсыктарга бөгөт коюлат. Бир өспүрүм эңсеген окуу жайына абдан даярданып, өтпөй калышы мүмкүн. Анда да бир жакшылык бар экенин билиши керек. Балким Аллах мени ал окуу жайдагы кээ бир коркунучтардан, жашоомо терс таасири тийе турган адамдардан же чөйрөлөрдөн коргоп жаткандыр деп ойлонуп, ал жыйынтыкка кубанышы зарыл. Же Аллахтын ар бир окуяда ал билбеген, ал тургай, элестете да албаган дагы канчалаган жакшылыктарды жаратышы мүмкүн экенин ойлонуп, Аллахка моюн сунушу шарт.

Адам ар дайым эле ар бир окуянын артындагы жакшылыктарды байкай бербеши мүмкүн. Бирок байкай албаса да, сөзсүз бир жакшылык бар экенин билип, Аллахка окуялардын артындагы жакшылыктарды жана сырларды көрсөтүшү үчүн дуба кылат.

Ар бир окуянын жакшылык менен жаратылганын билген адамдар «аттиң», «атаганат» деген сыяктуу сөздөрдү колдонушпайт. Каталардын, кемчиликтердин, унутчаактыктардын, терс сыяктуу көрүнгөн окуялардын баарында чоң жакшылыктар бар жана баары адам үчүн тагдырдын бир тарбиясы. Аллах ар бир адамдын тагдырын өзгөчө кылып жараткан жана ал тагдырда адамдарга абдан маанилүү насааттарды жана эскертүүлөрдү көрсөтөт. Акылмандык жана даанышмандык менен талдаган адамдар үчүн аларда кемчиликтер, унутчаактыктар, терс окуялар эмес, Аллах Кабатынан сабак, таалим, эскертүүлөр жана даанышмандыктар бар. Мисалы, жогоруда мисал келтирилген, дүкөнү күйүп кеткен мусулман ошол замат абийирин угуп өзүн сындайт жана балким Аллах мени ач көздүккө каршы эскертүү берип сынады деп ойлонуп, ак ниетин жана ыкласын бекемдейт.

Адам бул дүйнөдө кандай гана окуяга туш болбосун, ал окуя сөзсүз өтөт. Ар бир адам өмүрүндөгү эң кыйын же эң коркунучтуу күнүн эстесе, анын бир элес катары гана эсинде калганын көрөт. Адамдар телевизордон көргөн тасмаларын да ошондой эле эстешет. Ошондуктан адам үчүн эң маанилүү жана эң «оор» күн дагы бир күнү башына келет жана бир тасманын кадрына окшоп, бир эскерүү, бир элес катары эсинде калат. Бирок ал көз ирмемден бир гана нерсе калат жана ал түбөлүккө чейин уланат: ал адамдын ошол оор учурдагы мамилеси жана Аллахтын ал адамдан ыраазы болуп болбошу. Адам башынан өткөргөн окуяларынан эмес, ошол окуяларга болгон мамилесинен, ойлорунан жана ниетинен суракка алынат. Ошондуктан ар бир окуядан Аллахтын жараткан жакшылыктарын көрүүгө аракет кылып, ошого жараша мамиле жасоо ыймандууларга бул дүйнөдө жана акыретте чоң пайда алып келет. Бул сырды билген ыймандуулар дүйнөдө да, акыретте да коркушпайт жана кайгырышпайт. Эч бир адам, эч бир күч жана эч бир окуя ыймандууларды коркуу, бактысыздык, үмүтсүздүк деген сыяктуу терс маанайларга түртпөйт. Аллах бул сырды Куранда төмөнкүчө кабар берет:

 

«Ал жерден баарыңар түшкүлө. Мындан кийин силерге Менден бир хидаят (туура жол) келгенде, ким Менин хидаятымды ээрчисе, аларга коркуу жок жана алар кайгыга батышпайт» дедик. (Бакара Сүрөсү, 38)

 

Кабарыңар болсун; Аллахтын достору (велилери), алар үчүн коркуу жок, кайгы да жок. Алар ыйман келтиргендер жана (Аллахтан тартынып күнөөдөн) сактангандар. Дүйнө жашоосунда жана акыретте сүйүнүчтүү кабар алар үчүн. Аллахтын сөздөрү эч өзгөрбөйт. Улуу кутулуу жана бактылуулук мына ушул. (Йунус Сүрөсү, 62-64)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШҮҮ

  А дамдардын арасында Куранга ишенбегендер же ишенсе да аны өздөрүнө жол көрсөтүүчү катары кабыл албагандар өмүр бою жаңылып, кемчиликтерди...