Ыймандуулардын
максаты – Аллахтын ыраазылыгына, мээримине жана бейишине жетүү. Бирок адам алсыз
жана унутчаак болуп жаратылган, ошондуктан көптөгөн каталары жана кемчиликтери болушу
мүмкүн. Пенделерин эң жакшы билген, чексиз мээримдүү жана боорукер Аллах чын
ыкластуу пенделеринин жамандыктарын жашырып, алардын сурагын жеңил кылаарын
билдирген:
Эми кимдин китеби оң тарабынан берилсе, ал оңой бир сурак менен суракка алынат,
жана өз жакындарына кубануу менен кайтат. (Иншикак Сүрөсү, 7-9)
Аллах,
албетте, бардык адамдардын жамандыктарын жакшылыкка айлантпайт. Аллах
жамандыктарын жашырып кечире турган ыймандуулардын өзгөчөлүктөрү да Куранда
билдирилген:
Чоң күнөөлөрдөн алыс болгондор
Аллах бир
аятта «Силерге тыюу салынган чоң күнөөлөрдөн алыс болсоңор, силердин
каталарыңарды жашырабыз жана силерди кадыр-барктуу даражага жеткиребиз» (Ниса
Сүрөсү, 31) деп билдирет. Муну билген ыймандуулар Аллахтын койгон чектерине
абдан көңүл буруп, алардын сыртына чыгуудан жана күнөө иштерден алыс болушат.
Эгер унутуп, жаңылып же байкабастан ката кетиришсе, ошол замат Аллахка
кайрылышат жана тообо кылып, Андан кечирим тилешет.
Аллах кандай
пенделеринин тообосун кабыл алаарын да Куранда билдирген. Анда айтылышынча, бир
адамдын «Аллах кандай болсо да кечирет» деп ойлоп, ар дайым туура эмес иштерди
жасашы чоң жаңылыштык болот. Анткени Аллах билбей жамандык кылып алган же кылганын
байкаар замат өжөрлөнбөй жана убакыт жоготпой ошол замат тообо кылып, кыймыл-аракеттерин
оңдогон пенделеринин тообосун кабыл алат. (Ниса Сүрөсү, 17-18)
Аяттардан да
көрүнүп тургандай, ар бир адам каталары жашырылып, дин (сурак) күнү бушайман
болбошу үчүн күнөө иштерден болушунча алыс болушу керек. Ыймандуу киши күнөө кылганда
ошол замат Аллахка чын ниеттен тообо кылышы шарт.
Чын ыкластуу иш-аракеттерди жасагандар
Аллах башка
аяттарында чын ыкластуу иш-аракеттерди жасагандардын жамандыктарын жашыраарын
билдирет. Ал аяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:
Силерди чогулуу күнү үчүн бир жерде топтой турган күнү;
мына ошол алдануу (тегабүн) күнү. Ким Аллахка ыйман кылып чын ыкластуу бир ишти
жасаса, (Аллах) анын жамандыктарын жашырат жана ичинде түбөлүк жашай турган астынан
дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Улуу «бакыт жана кутулуу (февз)» мына ушул.
(Тегабүн Сүрөсү, 9)
Бир гана тообо кылган,
ыйман келтирген жана чын ыкластуу иштерди жасагандар башка; мына ошолордун күнөөлөрүн
Аллах жакшылыктарга айлантат. Аллах абдан кечиримдүү, абдан боорукер. (Фуркан Сүрөсү,
70)
Бир адамдын
бир гана Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн жасаган иш-аракеттери «салих амал»,
б.а. чын ыкластуу иш-аракет деп аталат. Мисалы, бир адамдын башкаларга динди
жеткириши, тобокелсиз бирөөгө тагдырды эстетиши, ушак сүйлөгөнгө бөгөт коюшу,
үйүн жана денесин таза кармашы, илимин жана маданиятын көтөрүшү, жакшы сөздөрдү
сүйлөшү, адамдарга акыретти эстетиши, оорулуу адамга кам көрүшү, улгайган
кишини жакшы көрүп, боорукер мамиле кылышы, жакшылыкка колдонуу үчүн иштеп акча
табышы, жаман сөзгө жакшылык жана сабырдуулук менен жооп бериши сыяктуу бардык
кыймыл-аракеттери Аллахтын ыраазылыгы үчүн жасалганда чын ыкластуу иш-аракет
болот.
Акыретте
Аллахтын жамандыктарын жашырып, жакшылыкка айландырышын каалагандар ар дайым
Аллахты эң ыраазы кыла турган иштерди тандашы керек. Ал үчүн адам акырет күнү
бере турган сурагын ойлонушу шарт. Мисалы, акырет күнү бир адамга тозоктун
отунун жанына токтотулуп кылган жамандыктары көрсөтүлсө жана «бул жамандыктарың
кечирилиши үчүн чын ыкластуу иш-аракеттерди жасашың керек» деп айтылса, анын
кандай мамиле кылаары белгилүү болот.
Тозоктун отун
жанынан көргөн, тозоктогу адамдардын үмүтсүздүгүн, бушаймандыгын, азаптан улам
онтогон үндөрүн уккан жана тозоктогу азаптын кандай болоорун өз көзү менен
көргөн адам Аллахты эң ыраазы кыла турган иш-аракеттерди тандайт жана болгон
күчү менен аракет кылат. Андай абалдагы адам чын ыкластуу иштерди жасоодо
бошоңдобойт, эч качан жалкоолук кылбайт, Аллахты ыраазы кыла турган бир иш
турса, башка нерсени тандабайт, билмексен болбойт жана эч качан кыла турган
ишин унутпайт. Себеби тозок ар дайым жанында болот жана ага түбөлүк жашоосун
жана Аллахтын азабын тынымсыз эстетип турат. Мындай абалдагы адам кыла турган
иштерин кечиктирип, кийинкиге да жылдырбайт. Абийири буйруган нерсенин баарын
ошол замат, эч кемчиликсиз аткарат. Ибадаттарына абдан кунт коюп, эч
калтырбайт.
Аллах бул
дүйнө жашоосунда тозокту көрүп келгендей же тозокту ар дайым жанында көрүп
тургандай болуп, чын ыкластуу иштерди жасагандардын, Аллахтан жана акыреттен
коркуп тартынгандардын жамандыктарын жакшылыкка айлантат. Мындай ыймандуулар
акыретке толук ишенишет жана Аллахтын азабынан абдан коркуп тартынышат.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder