5 Mayıs 2021 Çarşamba

АЛЛАХ АР БИР АДАМДЫН ДУБАСЫН КАБЫЛ КЫЛАТ

 

Чексиз мээримдүү, боорукер жана кудуреттүү Аллах Куранда адамдарга абдан жакын экендигин, Ага дуба кылып, бир нерсе сураганда алардын дубаларын кабыл кылаарын билдирген. Бул жөнүндөгү аяттардын бири мындай:

 

Эгер Менин пенделерим сенден Мен жөнүндө сурашса, (айткын) Мен (аларга) абдан жакынмын. Мага дуба кылышса, дуба кылуучунун дубасына жооп беремин. (Эми,) Мага да жооп беришсин жана ыйман кылышсын. Балким туура жолго түшүп калышаар. (Бакара Сүрөсү, 186)

 

Аллах аятында да билдиргендей, ар бир адамга абдан жакын, ар бир адамдын тилегин, ичиндеги ойлорун, максаттарын, бир досуна айткандарын, шыбырашып сүйлөшкөндөрүн, ал тургай, оюндагы нерселерине чейин баарын билет. Ошондуктан Аллах Ага кайрылып дуба кылган жана Андан бир нерсе сураган ар бир адамды угат жана билет. Бул адамдар үчүн эбегейсиз чоң жакшылык жана Аллахтын мээриминин, боорукердигинин жана чексиз кудуретинин бир көрсөткүчү.

Аллахтын кудурети жана илими чексиз. Аллах ааламдагы бардык нерселердин кожоюну. Эң күчтүүдөй көрүнгөн адамдардан эң чоң байлыктарга, эбегейсиз асман телолорунан топурактын астында жашаган кичинекей бир жаныбарга чейин жандуу-жансыздын бүт баары Аллахка тиешелүү жана баары Аллахтын эркине жана башкаруусуна баш ийет.

Бул акыйкатка ыйман кылган (ишенген) ар бир адам Аллахтан бүт нерсени сурай алат жана Аллах дубамды кабыл кылат деп үмүттөнө алат. Мисалы, айыкпачудай көрүнгөн бир ооруга чалдыккан адам, албетте, медицинанын бардык чараларына кайрылат. Бирок шыпааны Аллах берээрин билип, Аллахка ден-соолук сурап дуба кылат. Же бир нерседен коркуп, тынчсызданган бир адам Аллахтан жүрөгүнө бейпилдик берип, аны бардык коркуулардан куткарышын тилеп дуба кыла алат. Жумушунда кыйынчылыктарга туш болгон бир адам иштерин жеңилдетип, кыйынчылыктан куткарышы үчүн Аллахка кайрыла алат. Адам ушул сыяктуу сансыз нерселердин баарын Аллахтан сурай алат. Аллахтын ыйманын бекемдешин, аны бейиште чын ыкластуу пенделери менен бирге түбөлүккө сыйлашын, бейишти, тозокту, Аллахтын кудуретин жакшыраак түшүнүү үчүн акыл-эсин тереңдетишин, байлыгынын көбөйүшүн жана башка...

Бирок бул жерде белгилөө керек болгон, Куранда билдирилген дары бир сыр бар. Аллах бир аятта «Адам жакшылыкка дуба кылгандай жамандыкка да дуба кылат. Адам өтө шашма.» (Исра Сүрөсү, 11) деп билдирет. Мисалы, бир адам балдарынын келечеги үчүн Аллахтан көп мүлк жана байлык сурашы ыктымал. Бирок Аллах анын бул каалоосунда бир жакшылык көрбөшү мүмкүн. Балким байлык анын балдарынын жолдон адашып, көөп кетишине себеп болоттур. Аллах ал адамдын дубасын угат жана анын дубасына эң жакшысы кандай болсо, ошондой жооп берет. Же бир адам бир жерге эртерээк жетүү үчүн дуба кылат. Бирок балким ал үчүн ал жерге кеч барышы жана бирөөгө жолугуп андан акыретине пайдалуу бир нерселерди үйрөнүшү жакшыраак болот; Аллах муну билет жана ал адамдын дубасына да эң жакшысы кандай болсо, ошондой жооп берет. Башкача айтканда, Аллах ал адамды угат, бирок дубасында ал үчүн бир жакшылык көрбөсө, ал үчүн эң жакшысын жаратат. Бул абдан маанилүү бир сыр.

Бул сырды билбегендер Аллахка дуба кылган соң дубалары ишке ашпаса, Аллах мени уккан жок деп ойлошот. Бул абдан чоң адашуу жана жеткен караңгылык. Анткени Аллах адамга күрөө тамырынан да жакын (Каф Сүрөсү, 16). Ал адамдын ар бир сөзүн, ар бир ойун, өмүрүнүн ар бир көз ирмемин билет. Адам уктап жатканда да Аллах анын ар бир кыймылын, көргөн түштөрүнө чейин билет. Алардын баарын Аллах жаратат. Ошондуктан адам Аллахка ар бир дуба кылганда, Аллахтын дубасын бир ибадат катары кабыл алаарын билиши керек жана дубасына ал үчүн качан жана кандай болгондо эң жакшысы болсо, ошондой жооп берилээрине ишениши шарт.

Дуба ар бир адам үчүн абдан баалуу бир ибадат жана чоң жакшылык. Себеби Аллах адамга дуба аркылуу Аллах жакшы деп чечкен бүт нерсеге жетүү мүмкүнчүлүгүн берген. Аллах «Айткын, силердин дубаңар болбосо, Раббим силерди барктамак беле?...» (Фуркан Сүрөсү, 77) деген аяты аркылуу дубанын адамдар үчүн канчалык маанилүү экендигин билдирген.

 

 

Аллах бизге жакшылык каалайт


АДНАН ОКТАР: Аллах бизге оңойун сунуштаган, шайтандан Аллахка корголоном, Аллах «чын ыкластуу пенделерим кутулат» дейт, кандай чоң жеңилдик бар, кандай чоң жакшылык. Жана чын ыкластуулук бул дүйнөнүн эң ырахаттуу нерселеринин бири, б.а. ыйман жана чын ыкластуулук. Абдан бейпилдик берүүчү бир нур, жүрөктү тынчтандырат, чын ыкластуу пенделер Аллахтан абдан корксо, Аллахты абдан сүйсө, Куранды бекем карманса, Аллах ансыз да ошолор үчүн жараткан бейишти, б.а. Аллах силерге азап берип эмне кылсын, дейт Аллах, аят бар. Аллах силерге зулумдук кылып эмне кылсын дейт. «Аллах силерге зулумдук кылбайт» дейт Аллах. Аллах ар дайым бизге жакшылык каалайт, жакшы болушубузду каалайт, бизди клеткаларыбызга чейин кемчиликсиз жана сулуу кылып жараткан. Биз үчүн Аллах жарыкты жараткан, көлөкөнү жараткан, даамдарды жараткан, жыттарды жараткан, жагымдуу музыкаларды жараткан, сулуу адамдарды жараткан, сулуулук сезимин берген, ар кандай сый-жакшылыктарды тартуу кылган Аллахка мактоолор болсун. Биз Ага ибадаттарыбыз менен, дубаларыбыз менен, сүйүүбүз менен, сый-урматыбыз менен, моюн сунуубуз менен жооп беребиз, ошентип иншаАллах бейишке кирүүнү үмүт кылабыз, бирок Аллахтын максаты ансыз да пенделерин бейишине жиберүү. Тозок бейиштин баркын көтөрүү үчүн бир себепчи. (Урматтуу Аднан Октардын Чай ТВ каналына берген маегинен үзүндү, 2009-жыл 25-февраль)

 

Мусулман түшүнүн да мусулманга ылайык болушу үчүн дуба кылат


АДНАН ОКТАР: Түштө Улуу Аллахтын көптөгөн даанышмандыктары бар, көптөгөн максаты бар. Туурасын Аллах билет деп айтып берейин. Бир максаты тарбиялоо, анткени түшүндө адам өтө оор кырдаалдарга туш болот, татаал окуяларга кабылат. Аң-сезими жарым жабык болгону менен, баары бир баарына мусулмандай жооп берет, жакшылыкты көздөйт. Ошол үчүн түштө да аң-сезимим ачык болсун, түшүмдө да мусулмандай жашайын деп Аллахка дуба кылышы керек. Буга жетүүгө болот, мисалы, пайгамбарлардын түштөрү абдан тунук жана ачык, кадимкидей ибадат кылышат жана ачык аң-сезим менен жашашат түштөрүндө. Ыймандуулар да ушундай күчкө жетиши мүмкүн, муну Аллахтан тилеши керек. Мындан тышкары, ааламдын адамдардын мээлеринде жаратылган бир элес экендигин Аллах күн сайын адамдарга далилдеп көрсөтүп турат. Сыртта ааламдын оригиналы бар, бирок силер анын элесин көрөсүңөр дейт Улуу Аллах. Башкача айтканда, биз ар дайым анын сүрөттөлүшүн көрөбүз. Бир камеранын тышкы ааламды тартып, телевизордон бир адамдын аны көрүшү сыяктуу. Сыртта аалам бар, бир камера аны тартат, көздөр камеранын ролун аткарат, көздөр көрбөйт, сокур, адамдын эки көзү тең сокур, көз эч нерсени көрбөйт. Көз бир гана камеранын милдетин аткарат. Мээге келген электрдик сигналды адамдын руху көрөт, элесин көрөт жана чындап эле бар деп ойлойт. Аллах ошончолук кемчиликсиз жараткан. Катуулук сезими, жыт сезими, шамалдын согушу сыяктуу бардык сезимдерден улам, өзгөчө сүрөттөлүш үч өлчөмдүү көрүнгөнү жана үн үч өлчөмдүү угулганы үчүн адам чындап эле сырттагы затты түздөн-түз көрүп сезип жатам деп ойлойт. Дээрлик адамдардын 99,99%ы буга алданат. Бул дүйнөдө Аллах ушунчалык кемчиликсиз бир система жараткан. (Урматтуу Аднан Октардын Качкар ТВ каналына берген маегинен үзүндү, 2009-жыл 29-январь)

 

 

Аллах кыйналып, муктаж абалда болгон

адамдын дубасын кабыл алат

Дуба кылынган учурлар адамдын Аллахка болгон жакындыгы, достугу жана Аллахка канчалык муктаж экендиги эң айкын учурлар болот. Анткени адам дуба кылганда, бир жагынан, Аллахтын алдында канчалык алсыз жана күчсүз экендигин түшүнсө, экинчи жагынан, Аллахтан башка эч бир күчтүн жардам бере албай турганына көзү жетет. Адамдын дубасындагы чын ыкластуулук Аллахтан сураган нерсесине канчалык муктаж болгонуна байланыштуу. Мисалы, ар бир адам эле дүйнөдө тынчтык, бейпилдик болсун деп дуба кылышы мүмкүн. Бирок согуштун ортосундагы бир адамдын мындай дубасы башкаларга караганда көбүрөөк муктаждыкта кылынат, ошондуктан ал адам Аллахка көбүрөөк жалбарып, суранып дуба кылат. Же деңиздин ортосунда бороонго туш болгон бир кемедеги же кулаганы жаткан бир учактагы адамдардын баары Аллахка жалынып жалбарып дуба кылышат. Дуба кылып жатканда чын жүрөктөн, моюн сунуп тиленишет. Аллах бир аятта муну төмөнкүчө кабар берет:

 

Айткын: «Силер ачык жана жашыруун Ага жалбарып: «Ант болсун, бизди мындан куткарсаң, чындап шүгүр кылгандардан болобуз» деп дуба кылганыңарда, силерди кургактыктын жана деңиздин караңгылыктарынан ким куткарууда.» (Энъам Сүрөсү, 63)

 

Аллах Куранда адамдарга «жалынып жалбарып» дуба кылуу керек экендигин билдирген:

 

Раббиңерге жалбарып, купуя түрдө дуба кылгыла. Албетте, Ал чектен чыккандарды сүйбөйт. (Аьраф Сүрөсү, 55)

 

Аллах башка бир аятта болсо кыйналып, муктаж абалда калган адамдын дубасын кабыл кылаарын билдирген:

 

Же болбосо, зарыккан-муктаждын дубасына ким жооп берип, балээни ким кайтарат? Жана силерди жер бетине (ким) халифа-орун басар кылат? (Аллахпы) же Аллах менен (силер ага шерик кылган) башка «кудайбы»? Канчалык аз ойлоносуңар. (Немл Сүрөсү, 62)

 

Албетте, бир адам каалаганын сурап Аллахка жалбарышы жана кыйналган, муктаж абалда дуба кылышы үчүн өлүм коркунучуна кабылышы шарт эмес. Бул мисалдар дуба чын ыкластан жана чын жүрөктөн кылынышы үчүн кандай абалда болуу керек экенин, адамдардын өлүм жакындаган учурларда Аллахка канчалык жакындаарын салыштырып түшүнүү үчүн берилди. Аллахка чын жүрөктөн моюн сунган ыймандуулар болсо өлүмдү көрүшпөсө да, Раббибизге ар дайым чын ыкластан, алсыздыгын сезип, муктаж абалда дуба кылышат. Бул аларды ыймансыздардан жана ыйманы алсыздардан айырмалаган маанилүү өзгөчөлүк.

 

Дубага чектөө койбоо керек

Адам адал-арамдын чегинен чыкпастан Аллахтан каалаганынын баарын сурай алат. Себеби жогоруда да айтылгандай, Аллах бүт ааламдын жалгыз өкүмдары жана жалгыз кожоюну жана эгер кааласа, адамга сураганынын баарын берет. Дуба кылып Аллахка кайрылган ар бир адам Аллахтын бүт нерсеге кудуретинин жетээрине, бардык каалоолорунун Аллах үчүн абдан оңой экендигине, дубасы ага жакшылык алып келе турган болсо, Аллахтын аны ишке ашыраарына ишениши керек. Куранда мисал келтирилген пайгамбарлардын жана чын ыкластуу ыймандуулардын дубалары ыймандуулардын Аллахтан эмнелерди сураарына үлгү боло алат. Мисалы, Аз. Закария Аллахтан жакшы урпак сураган жана аялы төрөбөс болгонуна карабастан, Аллах анын дубасына жооп берген:

 

Ал Раббисине жашыруун кайрылганда: «Раббим, шексиз менин сөөктөрүм бошошту жана карылыктан чачтарым агара баштады; мен сага дуба кылуу менен бактысыз болгон жокмун. Чындыгында мен менден соң келе турган жакындарым үчүн коркуп жатам, менин аялым болсо төрөбөс (аял). Эми мага Өз Кабатыңдан бир жардамчы тартуу кыл. Мага мураскор болсун. Йакуб урпактарына да мураскор болсун. Раббим, аны ыраазы болунган(дардан) кыл» деген эле. (Мариям Сүрөсү, 3-6)

 

Аллах Аз. Закариянын дубасын кабыл алып, ага Аз. Яхьяны сүйүнчүлөгөн. Аз. Закария болсо уулдуу болоору тууралуу сүйүнүчтүү кабарды укканда, аялы төрөбөс болгону үчүн ага таң калган. Аллахтын Аз. Закарияга берген жообу ыймандуулар дуба кылганда унутпашы керек болгон бир сырды камтыйт:

 

«Раббим, аялым төрөбөс (бир аял) болсо, мен кандайча балалуу болушум мүмкүн? Өзүм болсо абдан улгайдым» деди. (Ага келген периште:) «Мына ушундай» деди. «Раббиң айтты: Бул Мен үчүн оңой, мурда сен эч нерсе эмес (жок) кезиңде сени жаратканмын.» (Мариям Сүрөсү, 8-9)

 

Куранда дубасына жооп берилген дагы көптөгөн пайгамбарлар тууралуу кабар берилет. Мисалы, Аз. Нух коомун туура жолго үндөп бардык ыкмаларды колдонгонуна карабастан, коому ансайын чектен чыкканда, Аллахтан азап жиберишин сураган жана Аллах дубасына жооп кылып, коомуна тарыхта кала тургандай катаал азап жиберген.

Бир кыйынчылыктан улам Аз. Айуб да Аллахка «...Чындыгында мени бул дарт (жана оору) ороп алды. Өзүң ырайымдуулардын эң ырайымдуусусуң» (Анбия Сүрөсү, 83) деп кайрылган. Аллах Аз. Айубдун дубасына болгон жообун Куранда төмөнкүчө кабар берет:

 

Анан Биз анын дубасын кабыл кылып, аны дарттан арылттык жана Өзүбүздөн ырайым-рахмат ирээтинде жана (сабырдуу) ибадат кылуучуларга эскерме-сабак болсун деп ага үй-бүлөсүн кайтарып, алар менен дагы ошончо (перзент) бердик. (Анбия Сүрөсү, 84)

 

Аз. Сулаймандын Куранда кабар берилген «Раббим, мени кечир жана менден кийин эч кимге насип болбогон бир мүлктү мага тартуула. Чындыгында Сен акысыз тартуу берүүчүсүң» (Сад Сүрөсү, 35) деген дубасына жооп катары Аллах ага абдан күчтүү бийлик жана эбегейсиз байлык берген.

Ошондуктан дуба кылгандар Аллахтын кудуретинин бүт нерсеге жетээрин жана Аллахтын «Бол» деген буйругу менен бүт нерсенин бир заматта болуп калаарын билиши керек жана буга ишенип Аллахтан сурашы зарыл. Аллах Куранда да билдиргендей, Аллах үчүн баары оңой жана Аллах бардык дубаларды угат жана билет.

 

 

Чын дилден, терең ыйман менен кылынган дубада чоң сыр бар

АДНАН ОКТАР: «Раббиңди эрте менен, кечинде бийик эмес үн менен, өзүңчө, коркуу менен, жалбара жалбара жана терең терең эсте (зикир кыл). Капилет (бейкапар) калгандардан болбо» (Аьраф Сүрөсү, 205). Карагыла, «Раббиңди эрте менен, кечинде», б.а. ар дайым, үзгүлтүксүз. «Бийик эмес үн менен», кыйкырып эмес. «Өзүңчө», б.а. өзүң уга тургандай үн менен. «Коркуу менен», терең көңүл коюп, сүйүү менен, чын дилден. «Жалбара жалбара», алсыздыгыңды билип, жалбарып. «Терең терең», чын дилден, чын жүрөктөн, «зикир кыл», дуба кыл. Аллахка жакында, Аллахты ошентип зикир кыл. «...Капилет калгандардан болбо». Бул дагы бир парз. Карагыла, эрте менен кечинде 1, бийик эмес үн менен 2, өзүңчө 3, чын дилден коркуп, жалбарып, толкундануу менен, терең терең зикир кыл. Андай кылбай, башкача дуба кылсам, кандай болот деши мүмкүн адам. Дубада бир сыр бар. Башкача айтканда, дуба талап кылынгандай кылынганда, өтө чоң натыйжа берет, өтө чоң натыйжа. Адамдар муну билишпейт. «Мен дуба кылып жатам, болбой атат» дешет. Ар бир дуба кабыл болот. Ишке ашпашы мүмкүн, бирок анын сообун аласың. Түшүнүктүүбү? Дуба бир ибадат. Ибадат максатында, Аллахтын ыраазылыгы үчүн кылуу керек. Ишке ашпаса, демек жакшылык бар.

Мисалы, Америкага барам дейт. Гангстерлер сени ал жерде өлтүрүп койсочу, же башыңа бир балээ келсе, Аллах ага бөгөт койгон болот, бир жакшылык бар. Барбай калдым деп катуу кыжаалат болот. Аллахка шүгүр кылышы керек. Йа Рабби, мында бир жакшылык, бир даанышмандык бардыр дейт. Мисалы, автобустан кечигип, кыжыры кайнайт. Тобокел кыл, бир жакшылык бардыр. Мисалы, бир жол кырсыгына кабылат, бир жакшылык бардыр. Аллах аны андан да чоң балээден куткаргандыр, Аллах Өзүнө бургусу келгендир, терең ойлонушуна себеп болгондур, балким дүнүйөгө берилип кеткендир, балким андан улам тозокко кетмек, Аллах Өзүнө буруу үчүн кырсык берет; ал өлүмдү ойлонот, акыретти ойлонот, бул дүйнөгө берилбей, Аллахка моюн сунат. Жөнөкөйлүгү, боорукердиги, сүйүүсү артат, андан сооп табат. Айланасындагы адамдар ага жардам берип, боорукердик кылат, ал жерден бир сооп алат, айланасындагы адамдар. Мындан тышкары, сыноонун табигый шарты түзүлөт жана бардык адамдар андан сабак алат, бул жагынан да өзүнчө сообу болот жана ал тагдырда бар. Мисалы, мен дейт, оңго солго караганымда, ал машина мени сүзмөк эмес. Оңго солго эмес, кааласаң телескоп менен кара, дүрбү менен кара, ал машинанын астына түшөсүң баары бир. Сени эч ким андан тосо албайт, тагдырда болсо сөзсүз болот, чара көрүү буйрукту тоспойт. Ошол үчүн бушайман болуунун кереги жок, бушаймандыктын максаты кайра кайталабаш. Бир даанышмандык, бир жакшылык бар деши керек. Бул окуяда бир жакшылык бар деши керек. Сөзсүз жакшылык болот. Бирок кайра кайталанбашы үчүн мага сабак болду дейт. Антпесе, бар го «аттиң» деп бушайман болот, муну кылбаганымда кана дейт, барып ичимдик ичет, башын дубалдарга ургулайт, булар уят көрүнүштөр. Мындайдын кереги жок.

Негизи, бир жакшылык бар деп, жолун улантуу керек. Себеби бул жер сыноо мекени. Жол кырсыгы да болот, оору да болот, балээ да болот, өлүмдөр да болот, туурабы? Жаш кезде көз жумду дешет, 90 жаштагы чоң ата каза болсо, ага да өкүрүп ыйлашат. 100 жашында өлсө, ага да ыйлашат. Каалаганыңар эмне? Силер жараттыңар беле аны, Аллах жараткан. Аллах берди, Аллах алды. Силерге эмне кыйынчылык? Эмне кайгырып атасыңар? Ыйлап эмне кереги бар? Бейишке кеткен болсо сүйүн, болгондо да кандай сүйүн. Бул дүйнөдө эмне кылмак эле? Бейишти дүйнөгө салыштырып болобу? Түбөлүк жашоого жеткен болот. Тозокко кеткен болсо, демек ошого татыктуу болгон, ага да кубан, туурабы? (Аднан Октардын Мави Карадениз ТВ каналына берген маегинен үзүндү, 2010-жыл 5-январь)

 

 

Аллах бул дүйнөнү сурагандарга бул дүйнөнү берет,

бирок алар акыретте чоң жоготууга туш болушат

Аллахтан чындап коркуп тартынбаган, акыретке да толук ишенбеген адамдардын тилектери бир гана бул дүйнөгө байланыштуу болот. Алар байлыкты, мүлктү, кадыр-баркты бир гана бул дүйнөдөгү жашоолору үчүн сурашат. Аллах бул дүйнө үчүн гана сурагандардын акыретте эч бир пайда көрбөй турганын кабар берет. Ыймандуулар болсо Аллахтан бул дүйнө жашоолору үчүн да, акырет жашоолору үчүн да сурашат, себеби акыреттин бул дүйнө жашоосундай эле анык жана жакын экендигине ишенишет. Аллах муну Куранда төмөнкүчө билдирет:

 

... Адамдардын ушундайы бар: «Раббибиз, бизге бул дүйнөдө бер» дейт; анын акыретте насиби жок. Алардын ушундайы да бар: «Раббибиз, бизге бул дүйнөдө да жакшылык бер, акыретте да жакшылык (бер) жана бизди оттун азабынан сакта» дейт. Мына ушулардын тапкандарына жараша насиптери бар. Аллах абдан жакшы эсептешүүчү. (Бакара Сүрөсү, 200-202)

 

Ыймандуулар да дубаларында Аллахтан ден-соолук, байлык, илим жана сулуулук сурашат. Бирок алардын бардык дубаларында Аллахтын ыраазылыгы жана динге туура келген бир ниет бар. Мисалы, байлыкты Аллах жолунда колдонуу үчүн сурашат. Бул жөнүндө Аллах Куранда мисал көрсөткөн пайгамбарлардын бири Аз. Сулайман.

Аз. Сулайман Аллахтан эч ким жете албай турган эбегейсиз мүлк сураганда, аны бул дүйнө үчүн ач көздүк катары эмес, Аллах жолунда колдонуп, адамдарды Аллахтын динине үндөө жана Аллахты эстөө үчүн сураган. Аз. Сулаймандын Куранда кабар берилген сөздөрү анын ак ниетинин бир көрсөткүчү. Аятта мындай деп айтылат:

 

«... Чындыгында мен мал-мүлккө болгон сүйүүнү Раббимди зикир кылуу (эстөө) үчүн тандадым.» (Сад Сүрөсү, 32)

 

Аллах Аз. Сулаймандын бул дубасын кабыл кылган жана ага бул дүйнөдө да эбегейсиз байлык берип, акырет жакшылыктары менен да сыйлаган. Ошондой эле, бир гана бул дүйнө жашоосун сурап, акыретти ойлобогондорго да Аллах бул дүйнөдө сурагандарын берет, бирок аларды акыретте азаптуу жашоо күтөт. Акыретте бул дүйнөдөгү колдорундагы эч бир жакшылыкка жете алышпайт.

Аллах бул маанилүү акыйкатты Куранда адамдарга төмөнкүчө кабар берет:

 

Ким акырет түшүмүн (эгинин) кааласа, Биз анын түшүмүн көбөйтөбүз. Ким дүйнөнүн түшүмүн кааласа, ага ошондон беребиз; бирок анын акыретте насиби жок. (Шура Сүрөсү, 20)

 

Ким абдан бат өтө турганды (убактылуу дүнүйөнү) сураса, ал жерде каалаган кишиге каалаганыбызды тездетип беребиз, анан ага тозокту (мекен) кылабыз; ага жемеленген жана куулган абалда кирет. (Исра Сүрөсү, 18)

 

 

 

АЛЛАХ ШҮГҮР КЫЛГАНДАРГА

ЖАКШЫЛЫКТАРЫН КӨБӨЙТӨТ

 

Ар бир адам өмүр бою ар дайым Аллахка муктаж. Дем алган абасы, жеген тамагы, колу-бутун колдоно алышы, сүйлөй алышы, жашай алышы, күлүп көңүлүнүн көтөрүлүшү сыяктуу бүт нерселерде Аллахтын жаратып, ага тартуулаган жакшылыктарына муктаж болуп жашайт. Бирок адамдардын көпчүлүгү алсыздыгын жана Аллахка муктаж экенин түшүнүшпөйт. Алар бүт баары өзүнөн-өзү болот же колундагы нерселердин баарына өзүмдүн аракетим менен жеттим деп ойлошот. Бул бир жагынан чоң жаңылыштык болсо, экинчи жагынан Аллахтын жакшылыгын эч түшүнбөгөндүк болот. Кичинекей бир белек берген адамга да кантип ыраазычылык билдирээрин билбей кыйналган адамдар Аллахтын өмүр бою берген сансыз жакшылыктарын көрмөксөн болуп жашашат. Чындыгында болсо Аллахтын ар бир адамга берген жакшылыктарына сан жетпейт. Аллах муну бир аятында төмөнкүчө кабар берет:

 

Эгер Аллахтын сый-жакшылыктарын санагыңар келсе, аны топторго бөлүп да санай албайсыңар. Чындыгында Аллах – кечиримдүү, боорукер. (Нахл Сүрөсү, 18)

 

Ошого карабастан, адамдардын көпчүлүгү шүгүр кылбайт. Анын себеби аяттарда кабар берилет. Адамдарды Аллахтын жолунан адаштырууга ант ичкен шайтан адамдардын шүгүр кылышына да жолтоо болоорун айткан. Шайтандын бул сөздөрү Куранда төмөнкүчө кабар берилет:

 

«Кийин сөзсүз алдыларынан, арттарынан, оң жагынан жана сол жагынан (азгырганы) келемин. Алардын көпчүлүгүнүн шүгүр кылганын көрбөйсүң.» (Аллах) Айтты: «Жек көрүлгөн, басмырланган жана куулган абалда ал жерден чык. Ант болсун, алардан ким сени ээрчисе, тозокту силер менен толтурам.» (Аьраф Сүрөсү, 17-18)

 

Ыймандуулар болсо канчалык алсыз жана муктаж экенин ойлонуп, колундагы ар бир жакшылык үчүн Аллахка шүгүр кылышат. Ыймандуулар Аллахка бир гана байлык же мал-мүлк үчүн шүгүр кылышпайт. Бүт нерсенин ээсинин жана кожоюнунун Аллах экенин билген ыймандуулар ден-соолугу, сулуулугу, илими, акылы, ыйманды сүйүшү, каапырдыкты жаман көрүшү, туура жолдо жүргөнү, таптаза ыймандуулар менен бирге болгону, баамдуу, парасаттуу болгону жана күчү үчүн шүгүр кылышат. Кооз табиятты көргөндө же жумушу оңой бүткөндө, сураган бир нерсеси ишке ашканда, жакшы сөз укканда, жакшы көрүлүп, урматталганда жана дагы сансыз жакшылыктарга туш болгондо, ошол замат Аллахка шүгүр кылып, Анын мээримин, боорукердигин, Рахман (Мээримдүү) жана Рахим (Ырайымдуу) экендигин ойлонушат.

Аллах алардын мындай кулк-мүнөзүнө жооп катары Куранда бир сырды билдирген. Ал Аллахтын шүгүр кылгандарга жакшылыгын көбөйтөөрү тууралуу бир сыр. Мисалы, ден-соолугу жана күчү үчүн шүгүр кылган бир мусулмандын Аллах күчүн жана ден-соолугун ансайын бекемдейт. Илими же байлыгы үчүн шүгүр кылгандарга Аллах андан да көбүрөөк илим жана байлык берет. Мунун себеби, алар Аллахтын бергенине ыраазы болуп, колундагы жакшылыктарга сүйүнгөн, чын ыкластуу, Аллахка дос адамдар болушат. Аллах бул сырды Куранда төмөнкүчө кабар берген:

 

Раббиңер мындай деген эле: «Ант болсун, эгер шүгүр кылсаңар, чындыгында силерге көбөйтөм жана ант болсун, эгер шүгүрсүздүк кылсаңар, күмөнсүз, Менин азабым абдан оор. (Ибрахим Сүрөсү, 7)

 

Шүгүр кылуучулардан болуу ал адамдын Аллахка болгон жакындыгынын, достугунун жана Аллахка болгон сүйүүсүнүн дагы бир көрсөткүчү. Шүгүр кылуучу адамдар ар дайым ар кандай окуяда Аллах жараткан кооздуктарды жана жакшылыктарды көрө алышат. Ыймансыз же шүгүрсүз адам болсо эң сонун шарттарда да кемчиликтерди көрүп, андан көңүлү чөгөт же тынчсызданат. Аллахтын жаратуу даанышмандыгы катары андай адамдар тынымсыз терс сыяктуу көрүнгөн окуяларга, жагымсыз көрүнүштөргө туш болушат. Ак ниеттүү, оң көз-караш менен караган адамдарга болсо Аллах ар дайым кооздуктарды жана жакшылыктарды көбөйтүп көрсөтөт.

Көрүнүп тургандай, Аллахтын шүгүр кылгандарга жакшылыктарын көбөйтөөрү Курандын сырларынын бири. Бирок эң негизгиси шүгүр чын ыкластан болушу керек. Чын ыкластан Аллахка кайрылып, Анын чексиз боорукердигин жана мээримин сезип шүгүр кылбастан, бир гана эл көзүнө шүгүр деп айтып коюу, албетте, толугу менен жасалмалык болот. Жана жүрөктөгү сырларды билген Аллах мындай жасалмалыкты да көрөт. Жасалма шүгүр кылгандар Аллахтын жүрөктөгү сырларды, адамдардын ниеттерин, жашыргандарын, жашыруундун жашыруунун да билээрин аңдап түшүнүшпөйт. Бейпил учурда эл көзүнө шүгүр кылышат, бирок кыйынчылык учурунда бир заматта жакшылыктын баарын унутуп калышат.

Бир нерсени унутпаш керек, чын ыкластуу ыймандуулар эң кыйын шарттарда да шүгүр кылышат. Үстүртөн караган адамдарга ыймандуулардын колундагы жакшылыктар азайгандай көрүнүшү мүмкүн. Бирок ыймандуулар ар кандай окуянын жана шарттардын жакшылык тарабын көрө алганы үчүн анда да бир жакшылык бар экенин билишет. Мисалы, Аллах адамдарды бир аз коркуу же ачарчылык менен, же болбосо жандарды, мал-мүлктөрдү азайтуу аркылуу сынаарын билдирген. Мындай абалдарда ыймандуулар аларга сабыр кылса, Аллахтын аларды бейиштеги жакшылыктар менен сыйлаарын үмүт кылып, сүйүнүшөт жана шүгүр кылышат. Аллахтын аларга эч качан күчтөрү жетпей турган жүктү жүктөбөшүн билип, ошол ишеним менен сабырдуу болуп, шүгүр кылышат. Ошондуктан ар дайым шүгүр кылуу ыймандуунун белгилүү мүнөзү жана Аллах шүгүр кылгандарга акыретте да, бул дүйнөдө да жакшылыктарын көбөйтөт.

 

 

Ыймандуу адам ар дайым шүгүр кылат


АДНАН ОКТАР: «Биз ансыз да Аллахка ыйман кылганыбыз үчүн, ансыз да шүгүр кылабыз. Аллах бизге ыйман бергени үчүн, бизге Куранды тартуулаганы үчүн, ушундай куттуу бир Пайгамбарды жөнөткөнү үчүн, акыл бергени үчүн, рухубузду денебизди чың кылганы үчүн, санап бүткүс жакшылыктарынын баарына биз шүгүр кылабыз. Бир жакшылыгы, мисалы кээде сый-жакшылык бербейт Аллах, кээде оору берет. Анда да өтө чоң жакшылыктар болот. Адамдар биле албайт, «... Аллах билет, силер биле албайсыңар» дейт Аллах аятта. Адам, мисалы, шайтандан Аллахка корголоном, «...силер жакшылык деп ойлойсуңар, жамандык болот, жамандык деп ойлосуңар, жакшылык болот» дейт. Биз аларды биле албайбыз. Биз Курандын рухунан муну көрө алабыз. Аллахтын чексиз сый-жакшылыктары бар. Аллах «...бир-бирден санасаңар, ансыз да санап бүтө албайсыңар, топтоштуруп санасаңар да Аллахтын сый-жакшылыктарын санап бүтө албайсыңар» (Нахл Сүрөсү, 18) дейт. Ушунчалык чексиз сый-жакшылыктарды берген Аллахка шүгүр кылып баштадык дейли, баарына шүгүр кылганга өмүрүбүз жетпейт. Ар бир секунда шүгүр кылсак, баары бир жетпейт, бүт тарапты сансыз сый-жакшылыктар курчап турат.» (Аднан Октардын Качкар ТВ каналына берген маегинен үзүндү, 2009-жылы 26-февраль)

 

 

Ыймандуунун бардык шүгүрлөрү Аллахка багытталат


АДНАН ОКТАР: МашаАллах, ыраазычылыктарыбыз Аллахка, шүгүрүбүз да Аллахка. ИншаАллах. Адамдар адамдарга ыраазычылык билдиргенде, Аллахка ниет кылып рахмат айтышсын, буга абдан көңүл буруу керек, анткени, сый-жакшылыкты берген Аллах, сый-жакшылыкты ким берсе, биз ошого шүгүр кылабыз. Мисалы, кофе алып келсе, рахмат дейбиз. Кофени сунган Аллах. Чындыгында ушундай. Кофенин сүрөттөлүшүн көрөбүз, аны ичирген да Аллах. Колун жогору көтөрүп, ага көрсөткөн да Аллах. Ал тургай, Аллах аятта айтат, шайтандан Аллахка корголоном, «Ыргытканда сен ыргыткан жоксуң» дейт Аллах аятта, «Аллах ыргытты» (Энфал Сүрөсү, 17) дейт. «Сага моюн сунгандар Аллахка моюн сунушту» дейт. «Аллахтын колу алардын колунун үстүндө болчу» (Фетих Сүрөсү, 10) дейт. Бирок Пайгамбарыбыздын (сав) колун кармашкан. Туурабы? «Алар Аллахтын колун кармашты» дейт; анткени ал Аллахтын чагылуусу. Аллахка арнайбыз, Аллахка арнап айтабыз. Карагыла, «Ыргытканда сен ыргыткан жоксуң», бирок Пайгамбар (сав) ыргыткан, мисалы, ок аткан же колундагы бир нерсени ыргыткан. «Сен ыргыткан жоксуң» дейт Аллах, «Аллах ыргытты» дейт. «Сага моюн сунгандар Аллахка моюн сунушту» дейт, «Аллахтын колу алардын колунун үстүндө болчу» дейт. Бирок Пайгамбарыбыздын (сав) колун кармашкан. Бүт тарап, бүт баары ушундай. Аллахтын чагылуусу. Аллах «Мен бүт тараптамын» дейт. «Силерге күрөө тамырыңардан да жакынмын» (Каф Сүрөсү, 16) дейт Аллах. Күрөө тамырыбыз биздин ичибизде туурабы? «Мен андан да жакынмын» дейт Аллах бизге. Ичиңердин ичинен да жакыныраакмын... Аллах ыраазы болсун деп айтуу жакшыраак болот. Аллах ыраазы болсун, Аллахка мактоолор болсун...

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШҮҮ

  А дамдардын арасында Куранга ишенбегендер же ишенсе да аны өздөрүнө жол көрсөтүүчү катары кабыл албагандар өмүр бою жаңылып, кемчиликтерди...