Ыймандын жана
ыймынсыздыктын адамдардын жүзү менен терисине чагылышы Аллахтын Куранда
билдирген сырларынын дагы бири. Аллах көптөгөн аяттарында ыймандуулардын
жүзүндө нур, ыймансыздардын жүзүндө болсо караңгы кордук болоорун билдирет:
Аларды кор болуп, баштары шылкыйган абалда, ага (отко) киргизилип жатканда,
көздөрүнүн учу менен сездирбестен караганын көрөсүң... (Шура Сүрөсү, 45)
Жакшылык кылгандарга андан да жакшысы жана көбү бар. Алардын жүзүн каралык да,
басмырлануу да оробойт, мына ошолор бейиш калкы; ал жерде түбөлүк жашашат. Жамандыктарды жасагандар болсо, ар бир жамандыкка ошого
тең бир жаза берилет. Аларды бир басмырлануу оройт. Аларды Аллахтан (куткара
турган) эч бир коргоочу жок. Алардын жүзү караңгы түн каптагандай болот. Мына
ошолор отттун тургундары; ал жерде түбөлүк калышат. (Йунус Сүрөсү, 26-27)
Аллах бул
аяттарда билдиргендей, ыймансыздардын жүзүндө кордук жана караңгылык болот.
Ыймандуулардын жүзү болсо нурдуу болот. Аллах алардын жүзүндөгү сажданын изинен
таанылаарын билдирет:
Мухаммед – Аллахтын элчиси. Жана анын жанындагылар да каапырларга карата катуу,
өз араларында болсо мээримдүү. Алардын рүку кылгандарын, сажда кылгандарын көрөсүң;
алар Аллахтан бир берешендик жана ыраазычылык каалашат. (Алардын) Белгилери жүздөрүндөгү
сажданын изи... (Фетих Сүрөсү, 29)
Аллах башка
аяттарында ыймансыздардын жана күнөөкөрлөрдүн жүзүнөн таанылаарын билдирет:
(Анткени ал күнү) Кылмышкер-күнөөкөрлөр жүздөрүнөн таанылып, маңдайларынан
жана буттарынан кармалышат. (Рахман Сүрөсү, 41)
Эгер Биз кааласак, сага аларды, албетте, көрсөтөбүз, ошентип аларды
жүздөрүнөн тааныйсың. Ант болсун, сен аларды сүйлөгөн сөздөрүнүн айтылышынан да
тааныйсың. Аллах кылган иштериңерди билет. (Мухаммед Сүрөсү, 30)
Бир адамдын
ыйманына же кылмышкер күнөөкөр болгонуна жараша, жүзүнүн өзгөрүшү Аллахтын улуу
керемети жана Куранда билдирген маанилүү бир сыры. Руханий сезимдер денеге
физикалык жактан таасир берет жана ал адамдын жүзү ошол бойдон турса дагы,
көрүнүшү өзгөрүп, нурдуу же караңгы болуп калат. Айланасына ыйман менен караган
адам Аллахтын адамдарда жараткан бул кереметин эгер Аллах кааласа көрө алат.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder