5 Mayıs 2021 Çarşamba

ЖАКШЫЛЫК КЫЛГАН ЖАКШЫЛЫК КӨРӨТ

 

Жакшылык кылгандардын бул дүйнөдө жана акыретте сөзсүз жакшылык көрөөрү Аллахтын Куранда билдирген сырларынын дагы бири. Бул тууралуу аяттардын биринде мындай деп айтылат:

 

Айткын: «Эй ыйман кылган пенделерим, Раббиңерден тартынгыла. Бул дүйнөдө жакшылык кылгандарга жакшылык бар. Аллахтын жери кенен. Сабыр кылгандарга сыйлыктары эсепсиз төлөнөт.» (Зүмер Сүрөсү, 10)

 

Бирок ал үчүн чыныгы жакшылыктын кандай болоорун билүү керек. Бардык элдерде жакшылык тууралуу кеңири тараган бир түшүнүк бар: сылык болуу, тилемчилерге акча берүү же бүт баарын түшүнүү менен кабыл алуу деген сыяктуу. Чыныгы жакшылык Куранда сүрөттөлгөн. Аллах бир аятта чыныгы жакшылыктын кандай болоорун төмөнкүчө баяндайт:

 

Жүзүңөрдү чыгышка жана батышка бурушуңар жакшылык эмес. Жакшылык – Аллахка, акырет күнүнө, периштелерге, Китепке жана пайгамбарларга ыйман кылган; мал-мүлктү жакшы көргөнүнө карабастан, аны жакындарга, жетимдерге, жакырларга, жолдо калганга, тилемчиге жана кулдарга (эркиндиги үчүн) берген; намазды туптуура окуган, зекетти берген жана убадалашканда убадаларына тургандар менен кыйынчылыкта, ооруганда жана согуш күчөгөн учурларда сабыр кылгандар(дын иш-аракеттери). Мына ошолор – чынчылдар, жана такыбалар (Аллахтан корккондор) да ошолор. (Бакара Сүрөсү, 177)

 

Аятта да көңүл бурулгандай, жакшылык кылуу Аллахтан коркуп тартынуу менен акыреттеги суракты ойлонуу жана абийирин колдонуп ар дайым Аллахты эң көп ыраазы кыла турган иш-аракеттерди тандоо дегенди билдирет. Аллах ыйманы, Аллахтан коркушу жана Аллахка болгон сүйүүсүнөн улам, тынымсыз жакшылыктарды жасагандарды сүйөөрүн жана аларга жакшылык менен жооп берээрин билдирет:

 

Ошентип Аллах бул дүйнөнүн жана акыреттин кооз сообун аларга берди. Аллах жакшылык кылгандарды жакшы көрөт. (Али Имран Сүрөсү, 148)

 

... Бул дүйнөдө жакшы иштерди жасагандарга жакшылык бар; акырет мекени болсо андан да жакшыраак. Такыбалуулардын (Аллахтан корккондордун) мекени кандай сонун. (Нахл Сүрөсү, 30)

 

Бул жакшылык жасап жан аябастык кылгандарга, Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн болгон аракетин жумшагандарга Аллахтын Куранда билдирген кубанычтуу кабары. Аллах бул дүйнөдө да, акыретте да мындай адамдарга сонун жашоо берээрин сүйүнчүлөйт. Бул материалдык жана руханий жакшылыктардын көбөйүшү дегенди билдирет. Куранда эч ким жете албай турган эбегейсиз байлыкка жеткен Аз. Сулайман, Египеттин казыналарын башкарган Аз. Йусуф буга мисал. Аллах Аз. Мухаммед (сав) тууралуу да «Сени жакыр кеңизде таап, байытпадыбы?» (Духа Сүрөсү, 8) деген аяты аркылуу Пайгамбарыбызга (сав) тартуулаган жакшылыктарын кабар берген.

Бул дүйнөдөгү кооз жана салтанаттуу жашоо тарыхта жашап өткөн ыймандуулар менен эле чектелген эмес. Аллах бардык доорлордо ыймандуу пенделерине сонун жашоо берээрин да убада кылган:

 

Эркек болсун, аял болсун, бир ыймандуу катары ким чын ыкластуу иш-аракет жасаса, албетте, Биз аны сонун жашоодо жашатабыз жана алардын акысын кылгандарынын эң сонуну менен сөзсүз беребиз. (Нахл Сүрөсү, 97)

 

Ыймандуулар эч качан дүнүйөнүн артынан чуркабайт. Бул дүйнөдөгү мал-мүлккө, кадыр-баркка жана бийликке жулунбайт. Аллах аятында билдиргендей, алар акыретти сатып алуу үчүн жандары менен мал-мүлктөрүн сатышат. Соодалары дагы, иштери дагы алардын ибадаттарына, Аллахты эстешине жана дин үчүн кызмат кылышына жолтоо болбойт. Ал тургай, ачкалык жана жакырчылык менен сыналганда да, абдан сабырдуу, сылык болушат жана эч качан арызданышпайт.

Пайгамбарыбыздын (сав) доорунда хижрат кылган (башка аймакка көчкөн) ыймандуулар мунун бир мисалы. Алар Аллах жолунда үйлөрүн, иштерин, соодаларын, бардык мал-мүлктөрүн, бакчаларын, бактарын артка калтырып, башка шаарга көчүшкөн жана азга канаат кылышкан. Ал үчүн бир гана Аллахтын ыраазылыгын каалашкан.

Аллах ыймандуулардын мындай чын ыкластуу, чын дилден акырет мекенин ойлонгон сыпаалыгы үчүн аларга ар дайым ырыскы берип, кооз жана таза жакшылыктарды тартуулаган. Ал жакшылыктар менен байлыктар болсо аларды бул дүйнөгө берилтпестен, тескерисинче Аллахка шүгүр кылып Аны эстөөлөрүнө себепчи болгон. Аллахтын убадасынын бир жыйынтыгы катары ушундай мүнөздөгү бардык ыймандуулар бул дүйнөдө сонун жашоодо жашашат.

 

Ар бир жакшылыктын эсе эсе көбөйтүлүп ээсине кайтышы

Аллах жакшылык кылган пенделерине эсе эсе кайтарып берээрин да убада кылган. Аллахтын Куранда бул тууралуу билдирген аяттарынын кээ бирлери төмөнкүдөй:

 

Ким бир жакшылык менен келсе, ага анын он эсеси бар, ким бир жамандык менен келсе, ошого барабар өлчөмдө жаза берилет жана аларга адилетсиздик кылынбайт. (Энъам Сүрөсү, 160)

 

Чындыгында Аллах кыпындай да адилетсиздик кылбайт. (Кыпындай) Бир жакшылык болсо, аны эсе эсе көбөйтөт жана Өзүнүн жанынан абдан чоң сыйлык берет. (Ниса Сүрөсү, 40)

 

Аллахтын жакшылыкка эселеп сыйлык берээринин эң жакшы көрсөткүчү бул дүйнөдөгү жашоо менен акыреттеги жашоонун ортосундагы айырма. Бул дүйнө жашоосу орточо 60 жылга созулган абдан кыска убакыт. Бул дүйнөдө чын ниеттен жакшылык кылган адамдар кыпкыска өмүрдө жасаган жакшылыктары үчүн акыретте чексиз кооздуктар менен сыйланат. Аллах бул убадасын бир аятында төмөнкүчө билдирген:

 

Жакшылык кылгандарга андан да жакшысы жана көбү бар... (Йунус Сүрөсү, 26)

 

Мунун канчалык чоң сыйлык экенин түшүнө алуу үчүн «чексиз» деген түшүнүк жөнүндө бир аз тереңирээк ойлонуу керек. Жер жүзүндө буга чейин жана мындан кийин жашай турган бардык адамдарды өмүрлөрүнүн ар бир секундасын эсептеп өткөрдү деп элестетели. Албетте, алардын баарынын эсептеген сандарын кошуп чыксак, айтуу кыйын болгон эбегейсиз чоң сан келип чыгат. Бирок ошончолук чоң сан дагы «чексиз», башкача айтканда, «түбөлүк» деген түшүнүктүн алдында нөлдөн айырмасыз болуп калат. Анткени «түбөлүк» деген эч качан бүтпөй турган мөөнөттү билдирет. Бул дүйнөдө Аллах үчүн жашаган адамдардын акыретте мекени бейиш болот жана ал жерде түбөлүк жашап, көңүлдөрү каалаган жана рухтары ырахат алган нерселердин баарына каалашынча ээ болушат. Аллахтын чексиз мээримин түшүнүү үчүн бул мисал тууралуу тереңирээк ойлонуу керек.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШҮҮ

  А дамдардын арасында Куранга ишенбегендер же ишенсе да аны өздөрүнө жол көрсөтүүчү катары кабыл албагандар өмүр бою жаңылып, кемчиликтерди...