Бизге Аллах
тарабынан Куранда билдирилген сырлардын эң негизгилеринин бири – бул кээ бир
адамдардын Куранды түшүнө албашы. Бул негизи абдан улуу бир сыр. Себеби Куран
апачык, абдан түшүнүктүү китеп. Каалаган ар бир адам Куранды окуп, Аллахтын
буйруктарын, жактырган кулк-мүнөзүн, бейиш менен тозоктун өзгөчөлүктөрүн жана
колуңуздагы бул китепте каралган көптөгөн сырларды Курандан түшүнө алат. Бирок
Аллахтын бир даанышмандыгы катары, апачык болгонуна карабастан, кээ бир адамдар
Куранды түшүнө алышпайт. Болгондо да, андай адамдар атом инженери же биология
профессору боло алышат, физика, химия, математика сыяктуу эң оор илим тармактарын
эң жакшы түшүнө алышат, ал тургай, буддизмди, индуизмди, синтоизмди, материализмди,
коммунизмди аңдай алышат, бирок Куранды түшүнө алышпайт. Куранга сыйбаган
системалардын татаал эрежелерин жашоолорунда колдонгон адамдар Аллахтын апачык
жана оңой динин эч түшүнө алышпайт жана апачык жагдайларды да чече алышпайт.
Ошентип эң
оңой нерсени түшүнө албай, маанилүү бир кереметке мисал болушат. Аллах алардын
баамдоо жөндөмүнүн жана түшүнүгүнүн ушунчалык тар экенин көрсөтүү аркылуу кээ
бир адамдардын башкача табиятта жаратылганын түшүндүрүүдө. Ошондой эле, бул
бардык адамдардын жүрөктөрүнүн, акыл жана баамдоо жөндөмдөрүнүн толугу менен
Аллахтын колунда экендигин далилдейт. Анткени Аллах бой көтөргөн, башкача
айтканда, Аллахка моюн сунбаган адамдардын жүрөктөрүн жана баамдоо жөндөмдөрүн
жаап койоорун билдирген. Курандан башка бүт баарын түшүнүп, бир гана Куранды
түшүнө албашы Аллахтын аларды аяттарынан тосуп койгондугун, эки жүздүүлүгүнөн
улам аларды Курандан алыс тутаарын көрсөтөт. Аллах Куранда бул тууралуу билдирген
аяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:
Куран окуп жатканыңда сени менен акыретке ишенбегендердин ортосуна көрүнбөс бир тосмо (парда) койдук. Жана алардын жүрөктөрүнө
аны аңдап-түшүнүүлөрүнө тоскоол болуучу тосмолорду, кулактарына бир тоскоолдук койдук. Сен Куранда Раббиңди гана «бир жана жалгыз» (Кудай) катары эскергениңде,
«жаман көрүү менен качып», артты көздөй кетишет. (Исра Сүрөсү, 45-46)
Алардын (арасында) сени тыңдагандары бар; Биз болсо аны аңдап түшүнүшүнө (бир
тосмо катары) жүрөктөрүндө кабат кабат тосмолор жана кулактарында бир тоскоолдук пайда кылдык. Алар кандай гана «апачык далилди»
көрүшпөсүн, баары бир ишенишпейт. Ал ыймансыздар сага келгенде, сени менен талашып: «Бул мурдакылардын
ойлоп тапкан жомоктору гана» дешет. (Энъам Сүрөсү, 25)
Раббиңдин аяттары насаат кылынып эскертилгенде, андан жүз бурган жана колдору
менен жасагандарын (иштерин) унуткандан да залимирээк барбы? Биз чындыгында, жүрөктөрүнө
аны аңдап-түшүнүүлөрүнө тоскоол болуучу бир парда (тарттык), кулактарына бир тоскоолдук койдук. Сен аларды туура жолго чакырсаң да, алар түбөлүккө чейин эч качан туура жолду (хидаят) таба алышпайт. (Кехф Сүрөсү, 57)
Аяттардан да
көрүнүп тургандай, ыймансыздардын аяттарды түшүнө албашынын сыры Аллахтын
алардын баамдоо жөндөмдөрүн жаап койгондугунда. Аллах ишенбегени үчүн алардын
жүрөктөрүн мөөрлөп койгон, ошондуктан Куранды түшүнө алышпайт. Бул ошол эле
учурда Аллахтын улуу кудуретин, ар бир адамдын жүрөгүн жана ой-пикирлерин
башкарып тураарын көрсөткөн улуу керемет.
«... КӨЗДӨРҮ
БАР, КӨРҮШПӨЙТ, КУЛАКТАРЫ БАР, УГУШПАЙТ... (АЬРАФ СҮРӨСҮ,
179)»
АДНАН ОКТАР: Аллах «түбөлүккө чейин ыйман кылышпайт» дейт, башкача айтканда, тагдырлары ошондой. Аллах ошондой жараткан, «көздөрү бар, көрүшпөйт» дейт Аллах, шайтандан Аллахка корголоном, «кулактары бар, угушпайт, алар айбандар сыяктуу, айбандардан да төмөн» дейт (Аьраф Сүрөсү, 179). Себеби айбанда инстинкт бар, мүнөзү жумшак, мисалы, баласын жалайт, сүйкүмдүү кыймыл-аракеттерди жасайт, бирок Аллах белгилеген каапырлар, башкача айтканда, Аллах ошондой адамдардын зулумдугун белгилеген. Алардын таш боордугун, өзүмчүлдүгүн жана адамдарга берген азаптарын билдирген, ошондуктан айбан мындай нерселерди кылбайт, албетте, айбан боорукер болот, себеби баласын коргойт. Өзүн коргоо үчүн балким кол салат. Айбандарга салыштырат Аллах, ал тургай, «айбандардан да төмөн» дейт. «Силер аларды тирүү деп ойлойсуңар, бирок алар өлүү» дейт. Карагыла, бул абдан маанилүү маалымат, «алар тирүү эмес» дейт Аллах, «баары өлүү» дейт, мисалы, көп адамдар сыртта тирүү адамдар жүрөт деп ойлошот, бирок абдан көп өлүү адамдар бар сыртта, караганы үчүн, көзү ачык турганы үчүн, сүйлөгөнү үчүн тирүү деп ойлошот. Бирок өлүү, өлүү болгону үчүн түшүнүшпөйт дейт Аллах. «Сен көздөрү менен карап жатканын көрөсүң.» Башкача айтканда, «сен көрүп жатат деп ойлойсуң, алар көрүшпөйт» дейт, «угуп жатат деп ойлойсуң, алар угушпайт» (Аьраф Сүрөсү, 179) дейт. Мисалы, сүйлөйт, бирок укканын аңдабайт. Алар ойлошот, мисалы, кандайсың десе, жакшымын дейт. Бирок ал робот сыяктуу жакшымын дейт. Берки адамга болсо аң-сезими менен жакшымын дегендей сезилет. Мисалы, «Аллахка ишенесиңби» десең, «ишенбейм» дейт. Бирок ал бир робот, роботко окшош, биз түшүнгөн мааниде аң-сезими жок, башкача болот. Аллах аларды «өлүү» дейт. Бирок мусулман да, албетте, андай абалда болуудан коркот. Андай болуудан коркот. «Мен да ошондой абалда эмесминби?» деп ойлонушу керек. «Ошондой абалда экенимди билбей жаткан жокмунбу?» деши керек. (Урматтуу Аднан Октардын Темпо ТВ каналына берген маегинен үзүндү, 2009-жылы 5-октябрь)
АЛЛАХ АНДАН КОРКУП ТАРТЫНГАНДАРГА
БААМДОО ЖӨНДӨМҮН БЕРЕТ
Туураны туура эместен айырмалоо жөндөмү Аллахтын Андан корккондорго
Куранда сүйүнчүлөгөн бир сыры жана бул жөндөм «акыл» деп аталат. Аллах муну
Энфал Сүрөсүндө төмөнкүчө кабар берет:
Эй ыйман келтиргендер, Аллахтан коркуп-тартынсаңар, силерге туураны
туура эместен айырмалоочу бир нур жана баам-түшүнүк (фуркан) берет,
жамандыктарыңарды жашырат жана силерди кечирет. Аллах – Улук пазилет ээси. (Энфал
Сүрөсү, 29)
Жогоруда
айтылгандай, Аллах ыймансыздардын акылы менен баамдоо жөндөмүн жаап койот. Алар
канчалык мээлүү болсо да, акылы болбойт жана динге байланыштуу апачык
нерселерди да баамдап түшүнө алышпайт. Акыл бир гана ыймандууларда болот. Эл
арасында көп адамдар мээ менен акылды бир деп ойлошот. Чындыгында болсо мээ
бардык адамдарда болгон бир жөндөм. Мисалы, бир адамдын атом инженери болушу же
математикада ийгиликке жетиши анын мээлүү экендигин көрсөтөт. Акыл болсо
адамдын Аллахтан коркуп, абийирин колдонушуна жараша өсө турган бир өзгөчөлүк
жана мээ менен байланышы жок. Бир адам абдан мээлүү болушу мүмкүн, бирок
Аллахтан коркпосо, анда акылдуу эмес.
Ошондуктан
акыл ыймандууларга берилген абдан чоң жакшылык. Мындай түшүнүгү жок адамдар
өзүнүн кандай жаман абалда турганын да баамдай алышпайт. Мисалы, күчүнө же
колундагы мүмкүнчүлүктөрүнө өзүм жеттим деп ойлогон адам ага бой көтөрүп,
текеберденет жана башкаларга мактанат. Бул анын акылсыздыгын көрсөтөт. Анткени
акылы бар болсо Аллах кааламайынча эч нерсеге күчү жетпеген алсыз адам экенин
билип, ошого жараша жөнөкөй болот. Аллах кааласа бир канча секунданын ичинде
колундагы бардык байлыгынын жер менен жексен болоорун же өлүмгө туш болуп,
бардык мал-мүлкүн бул дүйнөгө калтырып, сурак берүү үчүн тозоктун жээгине барып
калаарын ойлонбойт. Мындай нерселер акылына да келбейт. Бирок булардын баары
анын колундагы нерселерден да аныгыраак акыйкаттар. Аллахтан коркуп тартынган
ыймандууларда ушундай баамдоо жөндөмү бар жана алар бул дүйнөнүн жалган
кооздуктарына алданбай, бүт нерсенин ички бетин жана чыныгы жүзүн билип
жашашат. Аллах ыйманы үчүн ыймандууларга баам жөндөмүн берет жана Аллахка
жакындаган сайын, баамдары менен түшүнүктөрү да тереңдеп, Аллахтын жаратуу
сырларын ансайын тереңирээк түшүнүшөт.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder