Адамды
материалдык жана руханий кирлерден тазалаган, напсисин тарбиялап Аллах ыраазы
боло турган кулк-мүнөзгө жетишине себепчи болгон эң негизги ибадаттардын бири –
бул Аллах жолунда жакшылыкка коротулган каражаттар. Аллах пайгамбарга
ыймандуулардын мал-мүлктөрүнөн садака алып, ошол аркылуу аларды тазала деп
билдирген. Аятта мындай деп буйрук берилет:
Алардын мал-мүлктөрүнөн
садака ал, муну менен аларды тазалаган, (күнөөлөрдөн) жууган болосуң... (Тообо Сүрөсү,
103)
Бирок Куранда
билдирилгендей коротулган каражаттар гана адамдарды тазалап, кирлерин кетирет.
Адамдар жолдогу тилемчилерге майда акчаларынан бир аз бергенде же эски
кийимдерин жакыр деп эсептеген бир эки адамга таратканда же ачка бирөөнү
тойгузганда, мойнундагы жоопкерчиликти ашыкчасы менен аткардык деп ишенишет.
Булардын баары, албетте, Аллахтын ыраазылыгы үчүн жасалганда Аллах Кабатында
сооптуу иштер болуп эсептелет. Бирок Аллах Куранда билдирген чектер бар.
Мисалы, Аллах муктаждыктан арткан бөлүгүн садака кылгыла деп билдирет:
... Жана сенден
эмнени садака кылаарын сурашат. Айткын: «Муктаждыктан артканын. Аллах ушинтип
силерге аяттарын түшүндүрөт, ойлонот чыгаарсыңар.» (Бакара Сүрөсү, 219)
Адамдын бул
дүйнөдөгү жашоосуна керектүү муктаждыктары абдан аз. Адамдын муктаждыгы үчүн
колдонгондон башкасы муктаждыктан арткан бөлүгү болуп эсептелет. Негизгиси
эмнени короткону эмес, адамдын чын ыкластан бере ала турганы эмне болсо ошону
бериши. Аллах бүт нерсенин туурасын билет жана адамдардын муктаждыгынан арткан
бөлүгүнүн канчалык экенин толугу менен адамдын акылы менен абийирине калтырган.
Дүнүйөгө берилбеген, бул дүйнөсүн акыретке арнагандар үчүн садака абдан жеңил
ибадат. Аллах дүнүйөгө берилгендердин же ичинде бир аз болсо да ач көздүк
болгондордун мал-мүлктөрүнөн садака берип, тазаланышын жана ач көздүктү
ташташын каалаган. Албетте, бул ыймандуулардын акырети үчүн абдан маанилүү
ибадат.
Адам жакшы көргөн нерселеринен да
муктаждарга бериши керек
Адамдар
башкаларга жакшылык кылаарда ал жакшылыктын өздөрүнө эч тийбешин каалашат.
Мисалы, муктаж бирөөгө буюм-терим бере турган киши өзүнө жакпаган, балким эч
колдонбогон нерселерин берет.
Аллах
адамдардын өзүнө жакпаган, эски көрүнгөн, колдонбойм деп ойлогон
мал-мүлктөрүнөн эмес, жакшы көргөн буюмдарынан садака кылышынын туура болоорун
буйруган. Адам жакшы көргөн буюмдарын бергиси келбеши мүмкүн, бирок тазаланып,
жакшылыкка жетиши үчүн ушундай жоомарттык кылышы керек. Бул Аллахтын бизге
билдирген маанилүү бир сыры. Аллах антпесе адамдын эч качан жакшылыкка жете
албашын билдирген:
Жакшы көргөн нерселериңерден садака кылмайынча эч качан жакшылыкка жете
албайсыңар. Эмне берсеңер да, албетте, Аллах аны билет. (Али Имран Сүрөсү, 92)
Эй ыйман кылгандар,
тапкан байлыгыңардын жакшысынан жана силер үчүн жерден өстүргөндөрүбүздөн
садака кылгыла. Өзүңөр көзүңөрдү жумбай туруп албай турган жупуну нерселерди
берүүгө аракет кылбагыла жана билип койгула, албетте, Аллах эч нерсеге муктаж эмес,
мактоого татыктуу. (Бакара Сүрөсү, 267)
Аллах жолунда коротулган байлыктар Аллахка
жакындоонун бир жолу
Мусулман үчүн
эч нерсе Аллахтын ыраазылыгынан жана Анын сүйүүсүнө жетүүдөн жогору турбайт.
Ыймандуу адам өмүр бою ар дайым өзүн Аллахка жакындата турган себептерди
издейт. Аллах бир аятында ыймандууларга муну төмөнкүчө билдирет:
Эй ыйман кылгандар, Аллахтан
коркуп-тартынгыла жана (силерди) Ага (жакындата турган) себеп издегиле; Анын жолунда
жехд (аракет) кылгыла, кутулууга жетээрсиңер. (Маида Сүрөсү, 35)
Аллах Куранда
ыймандууларга бир сыр жана кубанычтуу кабар катары кылган садакаларынын Ага
жакындоого себеп болоорун билдирген. Ошондуктан жакшы көргөн нерселеринен жана
муктаждыгынан артып калганын башкаларга берүү мусулмандар үчүн бир кыйынчылык эмес,
тескерисинче Аллахка болгон жакындыгын жана сүйүүсүн көрсөтө турган абдан
баалуу бир мүмкүнчүлүк. Бул тууралуу аятта мындай деп айтылат:
Бедуиндердин (көчмөн
арабдардын) арасында ушундайлар бар, алар Аллахка жана акырет күнүнө ыйман
кылышат жана кылган садакасын Аллах Кабатында жакындоонун жана элчинин дуба
жана кечирим тилектеринин (бир жолу) катары көрүшөт. Кабарыңар болсун, бул
чындыгында алар үчүн бир жакындоо. Аллах аларды Өзүнүн мээримине бөлөйт.
Албетте, Аллах кечиримдүү, мээримдүү. (Тообо Сүрөсү, 99)
Аллах үчүн берилген ар бир садака
сыйлык болуп кайтат
Аллах садака
тууралуу дагы бир сырды кабар берген: адамдын жоомарттык кылып берген садакасы
сөзсүз өзүнө кайра кайтат. Бул Аллахтын бир убадасы. Жакырчылыктан коркпостон
Аллах жолунда мал-мүлктөрүн садака кылган адамдар өмүр бою эч күтпөгөн
жакшылыктардан ырыскы табышат. Жакшылык катары садака кылган нерселеринин баары
жакшылык болуп өздөрүнө кайтат. Аллах бул убадасын билдирген аяттардын кээ
бирлери төмөнкүдөй:
... Аллах жолунда эмнени
садака кылсаңар, силерге кемчиликсиз төлөнөт жана силер адилетсиздикке
кабылбайсыңар. (Энфал Сүрөсү, 60)
Ыймандуулар мал-мүлктөрү менен жандарын садака кылганда, бир гана Аллахтын
ыраазылыгын жана бейишин каалашат, бирок аяттардан көрүнүп тургандай, Аллахтын
бир сыры катары эмнени садака кылышса, өздөрүнө кайра кайтарылат. Аятта айтылгандай,
Аллах анын ордуна башкасын берет. Алар бул дүйнөдөгү жакшылыктар жана эң негизгиси
Аллахтын бейиште ыймандууларга даярдаган жакшылыктары. Ал эми тескерисинче
мал-мүлктөрүн сараңдык кылып сактаган же Аллах койгон чектерден чыгып байыганга
аракет кылгандардардын Аллах берекесин кетирет. Бул тууралуу аяттардын биринде
пайыз алгандардын абалы сүрөттөлөт:
Аллах
мал-мүлктөрүн садака кылгандарга Аллах Кабатынан берилген берекени башка
аяттарында төмөнкүчө билдирет:
Мал-мүлктөрүн Аллах жолунда сарптагандардын (кайыр-садака кылгандардын) мисалы
жети башак байлаган, ар бир башагы жүздөн уруктуу жалгыз бир уруктун мисалындай.
Аллах каалаганына эсе эсе көбөйтөт. Аллахтын (берешендиги) мол, (Ал баарын) билүүчү. (Бакара Сүрөсү, 261)
Эй ыйман келтиргендер, Аллахка жана акырет күнүнө ишенбестен, адамдардын көзүнө
(мактануу үчүн) мал-мүлкүн садака кылган сыяктуу милдет (садака берилгендерден бир
нерсе үмүт) кылып жана (аларды) басмырлап садакаларыңарды жараксыз (соопсуз) кылбагыла.
Мындайдын абалы үстүндө топурак турган бир таштын абалына окшойт; үстүнө себелеген
бир жамгыр жааса эле, аны (ал ташты) жыпжылаңач кылып койот. Алардын тапкандарынан
эч нерсеге күчтөрү жетпейт. Аллах каапырлар коомун туура жолго баштабайт. Бир гана
Аллахтын ыраазылыгын каалаган жана өздөрүндөгүнү тамырландырып-күчтөндүрүү үчүн
мал-мүлктөрүн садака кылгандардын мисалы бийик бир дөбөдө жайгашкан, нөшөрлүү жамгыр
жааганда түшүмүн эки эсе берген бир бакчага окшойт. Ага нөшөрлүү жамгыр жаабаса
да, бир себелеген (жамгыр бар). Аллах кылгандарыңарды көрүүчү. (Бакара Сүрөсү,
264-265)
Бул аяттардын
баары Аллахтын Куранда ыймандууларга билдирген сырлары. Ыймандуулар бир гана
Аллахтын ыраазылыгына, мээримине жана бейишине жетүү үчүн садака кылышат. Бирок
Аллахтын аяттарда билдирген бул сырларын да билгени үчүн, Аллахтын берекесин
жана мээримин үмүт кылышат. Алар Аллах жолунда адал-арамга көңүл буруп,
мал-мүлктөрү менен жандарын короткон сайын, Аллах алардын байлыктарын көбөйтүп,
иштерин жеңилдетет жана Аллах жолунда корото турган дагы көптөгөн
мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Бул сырды келечегин ойлонуп кыйналбастан, Аллахтан
коркуп тартынуу менен Аллахтын койгон чектеринен чыкпаган ар бир ыймандуу
өзүнүн жашоосунан көрөт.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder