5 Mayıs 2021 Çarşamba

ЖАКШЫЛЫКТЫН ЖАНА ЖАКШЫ СӨЗДҮН ТААСИРИ

 

Адамдар ар дайым бейпил, коопсуз, ынтымактуу жана көңүлдүү шарттарда жашоону каалашат. Бирок ошондой шартты түзүү үчүн аракет кылышпайт, ал тургай, түздөн-түз өздөрү бейпилдикти бузушат. Бүт баары бейпилдикти, достукту жана коопсуздукту башкалардын камсыз кылышын күтүшөт. Бул үй-бүлөнүн ичиндеги мамилелерден бир фирманын кызматкерлерине же коомдук бейпилдиктен өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерге чейин бүт баарына тиешелүү. Бирок кооздуктар, достуктар, бейпилдик жана ынтымак кең пейилдикти талап кылат. Эгер ар бир адам өзүнүн каалоосуна жеткиси келсе, ар бир адам сүйлөгөндө жана чечимдеринде башкалардан үстөм болууга аракет кылса, ар бир адам өзүнүн бейпилдигин ойлоп, кең пейилдик кылбаса, албетте, адамдардын ортосунда жаңжалдар жана карама-каршылыктар келип чыгат. Аллахтан корккон ыймандуулар башкача болот. Алар кең пейил, кечиримдүү жана сабырдуу болушат. Аларга карата адилетсиздик кылынганда да, акыларын кечирип, коомдун бейпилдиги менен коопсуздугун жана адамдардын маанайын өздөрүнүн напсилеринен жогору коюп, сылык мамиледе болушат. Бул Аллахтын ыймандууларга буйруган бийик кулк-мүнөз өзгөчөлүгү:

 

Жакшылык менен жамандык эч качан тең болбойт. Жамандыкка сылык мамиле менен жооп бер. Ошондо (көрөсүң) ортоңордо душмандык болгон киши ынак дос(уң) болуп калат. Буга болсо сабыр кылгандардан башкасы жете албайт. Жана буга чоң бир үлүшү барлардан башкасы да жете албайт. (Фуссилет Сүрөсү, 34-35)

 

Раббиңдин жолуна акылмандык менен жана жакшы насаат менен чакыр жана алар менен эң жакшы жол менен күрөш. Чындыгында сенин Раббиң жолунан адашканды билет жана туура жолду тапканды да билет. (Нахл Сүрөсү, 125)

 

Аятта айтылгандай, Аллах мындай бийик мамилеге сыйлык катары ыймандуулардын душмандарын «ынак доско» айлантат. Бул Аллахтын сырларынын бири. Чындыгында бардык адамдардын жүрөгү Аллахтын колунда. Аллах кимди кааласа анын жүрөгүн жана ойлорун өзгөртө алат.

Аллах сылык жана жумшак сөздүн таасирин башка аяттарда да кабар берет. Аллах Аз. Муса менен Аз. Харунга Фараонго барып, ага сылык сүйлөгүлө деп буйрук берген. Фараон абдан көпкөн, таш боор жана залим болгон. Бирок Аллах ошого карабастан, элчилерине ага жумшак сүйлөгүлө деп буйруган. Аллах мунун себебин да аяттарында түшүндүргөн:

 

Экөөңөр Фараонго баргыла, себеби ал жолдон адашты. Ага жумшак сүйлөгүлө, балким сабак алып-ойлоноор же ичи титиреп-коркоор. (Таха Сүрөсү, 42-44)

 

Бул аяттарда ыймандуулардын ишенбегендерге, душмандарына жана көпкөн адамдарга кандай мамиле кылышы керек экени сүрөттөлгөн. Мындай мамиле, албетте, сабырдуулукту, эркти, жөнөкөйлүктү жана акылды талап кылат. Аллах ыймандуулардын Анын буйругун угуп сылык мамиле кылганда, жооп катары аны натыйжалуу кылаарын жана душмандарын доско айлантаарын бир сыр катары кабар берген.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШҮҮ

  А дамдардын арасында Куранга ишенбегендер же ишенсе да аны өздөрүнө жол көрсөтүүчү катары кабыл албагандар өмүр бою жаңылып, кемчиликтерди...