5 Mayıs 2021 Çarşamba

АЛЛАХ ДИНИНЕ ЖАРДАМ БЕРГЕНГЕ СӨЗСҮЗ ЖАРДАМ БЕРЕТ

 

Ыймандууларга Куранда сүйүнчүлөнгөн сырлардын бирин Аллах төмөнкүчө кабар берет:

 

Эй ыйман келтиргендер, эгер Аллахка (Аллахтын дини Исламга жана мусулмандарга) жардам берсеңер, Аллах дагы силерге жардам берет жана кадамыңарды бекем кылат. (Мухаммед Сүрөсү, 7)

 

Ыймандуулар өмүр бою Курандагы адеп-ахлакты адамдарга жеткирип, адамдардын Аллахка ишенишине себепчи болуу үчүн болгон аракетин жумшашат. Ал эми ыймансыздардын арасындагы бир топ болсо тарых бою ар дайым ыймандууларга каршы чыгып, аларга кысымчылык жана зордук-зомбулуктар аркылуу бөгөт коюуга аракет кылып келишкен. Аллах Куранда ыймансыздарга каршы ар дайым ыймандуулардын тарабында экенин, алардын иштерин жеңилдетээрин, ыймандууларга жардам берип, колдоо көрсөтөөрүн билдирет. Аллах жолунда чын ыкластан аракет кылган ыймандуулар өздөрүнүн жашоолорунда буга ар дайым күбө болушат. Аллах алардын бардык иштерин жеңилдетип, ийгиликтүү кылат. Эң оор же татаалдай көрүнгөн окуяларда да ыймандууларга жеңилдик берет. Ал тургай, ыйманы алсыз кишилер кокуйлап, үмүтсүздүккө түшүп, кутулуу жолу калган жок деп ойлогон учурларда да Аллах ыймандууларга Кабатынан жардам жиберип, ыймандууларды ийгиликке жеткирген.

Аллахтын жардам берип, колдоо көрсөтөөрүнө ишенген ыймандуулар эч качан үмүтсүздүккө түшүшпөйт, Аллахтын окуяны кандайча жыйынтыктаарын толкундануу менен күтүшөт. Аз. Муса менен коому мунун бир мисалы. Аз. Муса Израилдин урпактарын фараондун зулумдугунан куткаруу үчүн Египеттен алып чыгат. Фараон болсо армиясы менен Аз. Мусанын жана коомунун артынан түшөт. Аз. Муса менен Израил урпактары деңиздин жээгине жеткенде, алардын арасындагы кээ бир ыйманы алсыздар фараонго кармалабыз деп ойлоп, дүрбөлөңгө жана үмүтсүздүккө түшүшкөн. Ал эми, Аз. Муса болсо «... Күмөнсүз, Раббим мени менен бирге; мага жол көрсөтөт.» (Шуара Сүрөсү, 62) деп, Аллахтын ыймандуулар менен бирге экенине ишенимин көрсөткөн. Чындап эле Аллах деңизди экиге бөлүп, Аз. Муса менен коомунун аркы жээкке өтүшүнө жардам берип, андан соң деңизди бириктирип фараон менен армиясын сууга чөктүргөн.

Аллахтын ыймандуулар менен бирге экенине ишенип, Аллахка дос жана жакын болгон ыймандуу адам жашоосунда ар дайым бул сырга күбө болот. Албетте, деңиздин экиге бөлүнүшүнө окшогон кереметтерди Аллах кээ бир пайгамбарларына көрсөткөн. Бирок ар бир ыймандуу чын ыкластан ой жүгүртүп, жашоосундагы бардык окуяларды Аллахтын жаратуусу жана Курандын аяттары аркылуу ойлонсо, дээрлик керемет деп атоого боло тургандай, чоң-кичине бардык окуялардан Аллахтын колдоосунун жана жардамынын белгилерин көрөт.

 

Аллах ыймандууларга сезбеген

тараптардан да жардам берет

Аллах көптөгөн аяттарында ыймандууларга колдоосунун кандай болушу мүмкүн экенин билдирген. Мисалы, бир аятта Аллах ыймандууларды душмандарынын көзүнө эки эсе көп кылып көрсөткөнүн төмөнкүчө кабар берет:

 

Бет маңдай келген эки топто силер үчүн ант болсун бир аят (сабак) бар. Бир топ Аллах жолунда согушуп жаткан эле, экинчиси болсо каапыр эле, алардын көзүнө маңдайындагылар алардан эки эсе көп көрүнүп жаткан. Аллах ушундайча каалаганын жардамы менен колдойт. Күмөнсүз, мында көрө алгандар үчүн чындыгында бир сабак бар. (Али Имран Сүрөсү, 13)

 

Аллах ыймандууларга курулган тузактарды бузуу

аркылуу ыймандууларга жардам берет

Жогоруда да айтылгандай, каапырлар ыймандууларды Аллах жолунан тосуу үчүн аларга ар кандай кыйынчылыктарды чыгарып, аларга каршы тузактарды курушат. Бирок Аллах Куранда ыймандууларга курулган бардык тузактардын бузулуп, аны жасагандардын өзүнүн башына келээрин жана ыймандууларга эч кандай зыяны тийбешин кабар берет. Ал аяттардын кээ бирлери мындай:

 

Жер бетинде бой көтөрүшчү жана жамандыкты пландап түзүшчү. Чындыгында тузак өзүнүн ээсинен башканын башына келбейт. Эми алар мурдакылардын сүннөтүнөн башкасын күтүп жатышабы? Сен Аллахтын сүннөтүндө (мыйзамында) эч кандай өзгөрүү таба албайсың жана сен Аллахтын сүннөтүндө эч кандай бир артка кайтуу да таба албайсың. (Фатыр Сүрөсү, 43)

 

Силерге бир жакшылык келсе капаланышат, силерге бир жамандык келгенде болсо буга сүйүнүшөт. Эгер силер сабыр кылсаңар жана сактансаңар, алардын «тузактары» силерге эч бир зыян бере албайт. Күмөнсүз, Аллах кылып жаткандарын курчап турат. (Али Имран Сүрөсү, 120)

 

Курулган тузактардын белгилүү убакыттан соң сөзсүз ыймандуулардын пайдасына, аны кургандардын зыянына айланаарын көрсөткөн мисалдардын бири – бул Аз. Йусуфка курулган тузак. Йусуф Сүрөсүндө кабар берилгендей, аталарынын сүйүүсүнө ичи күйгөн бир туугандары Аз. Йусуфка тузак куруп, аны бир кудукка таштап өлүмгө түртүшкөн. Аз. Йусуф бойго жеткен кезде ага чогуу жашаган вазирдин аялы тарабынан дагы бир тузак курулган. Бирок Аллахтын убадасына ылайык ал тузактардын бирөөсүнүн дагы Аз. Йусуфка зыяны тийген эмес. Аз. Йусуфка курулган тузактардын жана кудукка ташталышынан келип чыккан окуялардын натыйжасында Аз. Йусуф Египеттин казыналарынын башчысы болуп дайындалган. Аз. Йусуф ошол окуялардын баарынын аягында тузактардан майнап чыкпай турганын айткан:

 

(Йусуф ортомчуга мындай деди:) «Бул (моюнга алуу вазир) жок кезде чындыгында ага кыянаттык кылбаганымды жана чындыгында Аллахтын кыянат кылуучулардын тузактарын ийгиликке жеткирбей турганын билип түшүнүшү үчүн болчу.» (Йусуф Сүрөсү, 52)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШҮҮ

  А дамдардын арасында Куранга ишенбегендер же ишенсе да аны өздөрүнө жол көрсөтүүчү катары кабыл албагандар өмүр бою жаңылып, кемчиликтерди...