5 Mayıs 2021 Çarşamba

АРАЗДАШУУ КҮЧТҮ АЗАЙТАТ

 

Ыймандууларга Куранда кабар берилген эң негизги сырлардын биринде өз ара араздашпагыла, антпесе күчүңөр азайып, ынтымагыңар бузулат жана алсыздайсыңар деп айтылат. Ал аят төмөнкүдөй:

 

Аллахка жана элчисине моюн сунгула жана өз ара урушуп талашпагыла, маанайыңар түшүп, күчүңөр жоголот. Сабыр кылгыла. Күмөнсүз, Аллах сабыр кылгандар менен бирге. (Энфал Сүрөсү, 46)

 

Куранда сылык, эч нерсеге ач көздүк кылбаган, ынтымакка үндөгөн, маселелерди чечип, иштерди жеңилдете турган кулк-мүнөз сүрөттөлөт. Антпесе адамдардын ортосунда араздашуулар, карама-каршылыктар пайда болот. Ар бир адамдын көз-карашы, албетте, ар кандай болушу мүмкүн. Мисалы, бир маселени чечүү үчүн 20 адам 20 түрдүү ойду сунушташы ыктымал. Алардын баары өзүнүн ичинде туура жана калыс көрүнүшү мүмкүн. Бирок ар бир адам өзүнүн оюн таңуулап баштаса, сөзсүз түрдө карама-каршылык келип чыгат. Натыйжада ал 20 киши биргелешип иштөөнүн ордуна, өзүнүн оюн кабыл алдыруу үчүн бир туугандары менен араздашып баштайт жана жасала турган жакшылык иштер үзгүлтүккө учурайт. Ошентип ал 20 киши бардык күчүнөн ажырап, өз ара ынтымагы жана бир туугандыгы бузулат.

Ыймандуулар болсо бири-бири менен араздашуу мындай турсун, бири-бирине карата өтө кең пейил болуп, бири-бирин абдан сүйүшү керек жана ынтымакты бекем сактап, көмөктөшүшү шарт. Өзгөчө кыйынчылык учурларында мурдакыдан да көбүрөөк Аллахты эстеп, бири-бирине мурдакыдан да көбүрөөк түшүнүү менен мамиле кылышы жана иштерди жеңилдетиши зарыл. Араздашуу күчтү азайтса, биримдик менен ынтымак тескерисинче ыймандууларга күч берет. Аллах башка бир аятында ыймандуулар достошуп, бири-бирине жардам бербесе, дүйнөнүн башаламандыкка жана бузулууга туш болоорун өзүнчө бир сыр катары кабар берген:

 

Каапырлар бири-биринин досу. Эгер силер да андай кылбасаңар (бири-бириңерге жардам берип, дос болбосоңор) жер жүзүндө бир фитна (башаламандык) жана чоң бир бузукулук болот. (Энфал Сүрөсү, 73)

 

Булардын баары Аллах сыр катары билдирген жана мусулмандарга жүктөгөн жоопкерчиликтер. Эч бир мусулман башка бир тууганы менен араздашып кетсе, «мындан эмне болмок эле?» дебеши керек. Анткени Аллах билдиргендей, бул мусулмандардын күчтөн тайышы деген мааниге келет жана ал мусулмандын мойнуна жоопкерчилик болот. Мусулмандар бири-биринин катачылыктарын, туура эмес иштерин, кемчиликтерин издебеши керек, бири-бирин жаап, боорукердик жана мээрим менен бири-бирин толукташы шарт. Ошентип бардык күчтөрүн Аллахтын динин, Куран адеп-ахлагын адамдарга жеткирип, аларга Аллахтын бар экендигинин далилдерин көрсөтө турган илимий иштерге арнай алышат жана бүт адамзатка чоң кызмат кыла алышат. Бирок бир нерсени унутпаш керек, ар бир адам түпкүрүндө өзүнүн акырети үчүн жана Аллахтын азабынан кутулуу үчүн кызмат кылат.



Мусулмандар биримдикте болсо бейпилдикке жетет


АДНАН ОКТАР: Бирок мусулман бир туугандарыбыздын Пайгамбар Мырзабыздын (сав) акыр заманды сүрөттөгөн хадистерине маани бербешинен да келип чыгып жатат бул окуялар менимче. Себеби Куранда да Аллах акыр заманды сүрөттөгөн, мусулмандарга кандай кылуу керек экенин айткан. Ошондой эле, Пайгамбар Мырзабыз (сав) да хадистеринде акыр заманды абдан терең айтып берген. Эң биринчиден, мусулмандар биримдикте болушу шарт, башкача айтканда, бир күчкө айланышы керек. Түрк Ислам биримдиги курулушу керек. Бөлүнүп жарылган мусулмандардын ар кимге жем болоору, Аллахтын каалоосу менен, анык. Анткени Аллахтын буйругуна каршы чыгылган болот. Аллах мусулмандардын биримдикте болушун каалайт. Жүрөгүңөрдөн, руханий жактан бири-бириңерди жакшы көргүлө деп айтат. Акыр заманда ушул сыяктуу окуялардын болоорун Пайгамбарыбыз (сав) кабар берген. Фитналардын (оор сыноолордун) болоорун, кыргындардын, башаламандыктардын болоорун; биздин доор Аз. Мехдинин доору, Аз. Иса (ас) кайра келе турган доор. Аз. Иса (ас)дын кайра келээрине маани бербегендер, Аз. Мехди (ас)дын чыгышына маани бербегендер, окуяларды өздөрүнүн мээлери менен чечмелегенге аракет кылгандар туюктан чыга алышпайт. Кыйынчылыктардан чыга алышпайт. Мындан чыгуу үчүн акыр заман тууралуу бардык маалыматтарды мусулмандар билиши керек. Куттуу Пайгамбарыбыз (сав) буларды жөн эле айтып койгон эмес. Акыр заманда боло турган окуяларды жөн эле айткан эмес. Пайгамбарга маани бербегендер динге да маани бербеген болот. Ошондуктан акыр заманды жакшылап байкасак, жакшылап карасак, чечүү жолдорун да Пайгамбар (сав) бул жерде эң сонун түшүндүргөн. Ошол чечүү жолдорун колдонсок, эң сонун жыйынтыктарга жетебиз. (Урматтуу Аднан Октардын Хилал ТВ каналына берген маегинен үзүндү, 2008-жыл 27-декабрь)


 

Бардык мусулмандар бир тууган


АДНАН ОКТАР: Мен ахли сүннөт мазхабындамын, ханефимин. Бирок шиит бир туугандарымды абдан такыба, эч кемчиликсиз деп ойлойм. Эң жакшы адамдар деп эсептейм. Чын ыкластуу мусулмандар катары көрөм. Ошол сыяктуу эле, ваххабит бир туугандарым да абдан такыба, абдан динчил. Диндин өкүмдөрүн эң жакшы аткарган адамдар деп эсептейм. Биз бир мектептин окуучулары сыяктуубуз. Бирок бир мектептин окуучуларыбыз. Башкача айтканда, бир максатка кызмат кылабыз. Анткени Аллахыбыз бир, китебибиз бир, кыбылабыз бир. Бир пайгамбарга ишенебиз, бир пайгамбарларга ишенебиз. Бүт нерсебиз бир. Болгону такыбалыкта жарыш бар. Такыбалыкта жарышабыз.

КАБАРЧЫ: Мусулмандар кыргындарга дуушар болуп жатат. Буга чейин Боснияда. Эми Иракта, Афганистанда, Палестинада, эмне кылуу керек сиздин оюңузча?

АДНАН ОКТАР: Мусулмандардын биримдикте болбошу, чогуу чечим албашы арам (күнөө). Буга тыюу салынган. Мусулмандардын чогуу чечим алышы, бир тууган болушу, бүт баарынын бири-бирине бир тууган болушу жана бир лидерге баш ийиши Куранда парз кылынган. Мусулмандар муну кылбай жатышат. Мусулмандар бул парзды аткарышы керек. Мен ошол үчүн айтып жатам, түрктөрдүн лидерлиги астында, түрк элинин лидерлиги астында бир Түрк Ислам биримдиги түзүлсүн. Бардык мамлекеттер көз-карандысыз мамлекет бойдон калсын. Ар бир мамлекет өз алдынча, эркин болсун, бирок баштарында бир руханий лидер турсун. Себеби христиндардын Папасы бар, лидерлери бар. Мусулмандарда да бир руханий лидер болушу шарт. Бул руханий биримдиктин башында бир лидер болсо, бул башаламандык, бул фитна бат эле токтойт. Ошондо дүйнөнүн бир жеринде мусулмандардын манжасынын учуна бир зыян тийсе, бардык мусулмандар ынтымактуу болгондуктан, ал окуя заматта токтотулат. Бирок азыркыдай бөлүнүп жарылса, «бөл, майдала, жут» саясатына алданышса, албетте, майда бөлүктөрдү жутуу оңой. Бирок мусулман ааламы бир бүтүн болсо, аны эч ким жута албайт. Мусулмандар бул парзды эртерээк аткарышы керек. (Урматтуу Аднан Октардын «Аль-Багдадия» каналына берген маегинен үзүндү, 2008-жыл 29-июнь)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШҮҮ

  А дамдардын арасында Куранга ишенбегендер же ишенсе да аны өздөрүнө жол көрсөтүүчү катары кабыл албагандар өмүр бою жаңылып, кемчиликтерди...