5 Mayıs 2021 Çarşamba

ЖҮРӨКТӨР АЛЛАХТЫ ЭСТӨӨ МЕНЕН ГАНА ТЫНЧТАНАТ

 

Дүйнө жүзүндө жашап жаткан бардык адамдар чыныгы бакытка жетүүнүн жолдорун издешет. Ар биринин бактылуу болуу үчүн койгон бир максаты бар. Кээ бирлер бай болгондо, кээ бирлер жакшы жумушка киргенде, кээ бирлер сүйгөн адамы менен турмуш курганда, кээ бирлер эстетикалык операция жасатканда, кээ бирлер университетке өткөндө бактылуу болом деп ойлойт. Максатына жеткенде издеген бакытын же таба албайт, же болбосо анын кыска мөөнөттүү гана, канааттандырбаган бир бакыт экенин түшүнөт. Андан соң башка максатка умтулат. Ошого жеткенде бактылуу болом деп ойлойт. Бирок ушул күнгө чейин мындай жолдор менен чыныгы бакытка жеткен бир адам болгон эмес. Эң бактылуумун деп ойлогон адамдын да жүрөгүн өйүткөн, ойлонгусу келбеген, тынчын алган сансыз көйгөйлөрү бар.

Чыныгы бакытка, бейпилдикке, ички кубанычка жана тынчтанууга бир гана Аллахты эстөө менен жетүүгө болот. Аллах бул акыйкатты бир аятта төмөнкүчө кабар берет:

 

Булар – ыйман кылгандар жана жүрөктөрү Аллахты эстөө менен бейпилдикке жеткендер. Кабарыңар болсун; жүрөктөр Аллахты эстөө менен гана бейпилдикке жетет (тынчтанат). (Рад Сүрөсү, 28)

 

Бул Аллахтын Куранда билдирген абдан маанилүү бир сыры. Көп адамдар бул чындыкты билбей, жогоруда сүрөттөлгөндөй жашашат. Бул дүйнөнүн кооздуктарынан ырахат алууга аракет кылышат. Эч качан өлбөчүдөй болуп, сурак күнүнө бараарын ойлонбостон, бул дүйнөнүн баалуулуктарына жетүү үчүн ач көздөнүп болгон аракетин жумшашат.

Бирок бул чоң алдануу. Алардын колундагы эч нерсе аларга чыныгы бейпилдикти жана бакытты алып келбейт. Аллахка чын жүрөктөн таянган, Анын боорукердигин, мээримин жана аларды ар дайым коргоп тураарын билген ыймандуулар гана бейпил, бактылуу өмүр сүрө алышат. Ар бир көргөн окуясында, ар бир уккан сөзүндө Аллахты эстеген, Аллахтын жаратуу далилдерин көрүп Аны ойлонгон адамдын жүрөгүнө Аллах ушундай ички бейпилдикти берет. Ошондуктан адамдардын ички бейпилдикти жана бакытты башка жерлерден издешинен эч майнап чыкпайт.

 

 

 

ШАЙТАНДЫН ТУЗАГЫ АЛСЫЗ
 

Аз. Адам атадан бери адамзаттын бул дүйнөдөгү эң чоң душманы – бул шайтан. Шайтан Аз. Адам жаратылганда, Аллахка моюн сунбай, бүт адамдарды Аллахтын жолунан адаштырууга убада берген. Аллах Куранда шайтандын адамдарды жолдон чыгаруу үчүн ар түрдүү ыкмаларды колдоноорун, адамдарга тузак кураарын жана бул дүйнө жашоосун кооз, жагымдуу көрсөтүүгө аракет кылаарын кабар берет. Аллах шайтан тууралуу дагы бир маалымат берип, анын тузагынын алсыз экенин жана адамдарды эч качан мажбурлай албашын билдирген:

 

Ыймандуулар Аллах жолунда күрөшүшөт, ыймансыздар болсо шайтандын (тагут) жолунда күрөшүшөт, ошондуктан шайтандын достору менен күрөшкүлө. Эч күмөнсүз, шайтандын тузагы (айлакерлиги) абдан алсыз. (Ниса Сүрөсү, 76)

 

Ант болсун, иблис алар жөнүндөгү күмөнүн чындыкка чыгарды, натыйжада ыйман кылган бир топтон тышкары, (баары) аны ээрчишти. Чындыгында болсо анын аларга карата эч кандай мажбурлоочу күчү жок эле; бирок Биз акыретке ыйман кылгандарды (ишенгендерди), андан күмөн санагандардан айырмалоо үчүн (ага мындай чакыруу мүмкүнчүлүгүн бердик). Сенин Раббиң бүт нерсени көзөмөлдөп-коргоочу. (Саба Сүрөсү, 20-21)

 

Негизи шайтандын тузагынын алсыз болушу жана адамдарды мажбурлай албашы Аллахтын адамдар үчүн жараткан бир жеңилдиги. Анткени дин менен жашаган адамдын алдында динге каршы терс бир күч катары шайтан турат. Анын алсыз болушу ыймандуулардын Куранга ылайык жашоодо эч кыйналбай тургандыгын көрсөтөт. Бирок ал үчүн ыйман чын жүрөктөн болушу шарт. Куранда чын ыкластууларга шайтандын тузактарынын таасир тийгизе албашы кабар берилет:

 

Ал айтты: «Раббим, мени жолдон чыгарган нерсең үчүн, ант болсун, мен дагы жер жүзүндө аларга (сага баш көтөрүүлөрүн жана дүйнөнүн каалоолорун) көздөрүнө кооз кылып көрсөтөм жана алардын баарын сөзсүз азгырып жолдон адаштырам. Бирок алардан ыкластуу (мухлис) пенделериңден башкасын.» (Хижр Сүрөсү, 39-40)

 

Аллах башка аяттарда болсо шайтандын ыймандууларга жана тобокел кылгандарга эч кандай таасир бере албашын төмөнкүчө билдирген:

 

Чындыгында ыймандууларга жана Раббилерине тобокел кылгандарга анын (шайтандын) эч кандай мажбурлоочу-күчү жок. Анын мажбурлоочу-күчү бир гана аны (шайтанды) дос туткандарга жана ал аркылуу Ага (Аллахка) шерик кошкондорго (таасир берет). (Нахл Сүрөсү, 99-100)

 

 

Күмөндөрдөн жана азгырыктардан кутулуунун сыры

Ыймандууларга шайтандын бир таасири болбогону менен, кээде шайтан ыймандууларга да бир жумушту же сооптуу бир ишти жасап жатканда азгырык берүүгө аракет кылышы мүмкүн.

Аллах Куранда маанилүү бир сыр катары адамдын ага келген азгырык ойлордон кантип кутула алаарын билдирген. Бул Аллахтан корккон жана бейишти үмүт кылган ыймандуулар үчүн абдан маанилүү. Себеби азгырык – бул шайтандын адамдарды Аллахтын жолунан алыстатып, аларды пайдасыз жана максатсыз иштер менен убактыларын алуу максатында шыбыраган сөздөрү. Шайтан ушундай жолдор менен адамдарга кайгы, коркуу жана кыйынчылык берүүгө, ынтымактарын бузууга, Аллах, Куран же дин тууралуу күмөнгө салууга аракет кылат. Жок жерден адамдарды узун жана керексиз санааларга салат. Куранда шайтандын азгырык берүү өзгөчөлүгүн сүрөттөгөн аяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:

 

«Аларды, кандай гана болбосун, жаңылтып-адаштырам, эч болбогон куру санааларга салам жана аларга сөзсүз малдардын кулактарын кесүүнү буйруйм жана Аллахтын жараткандарын өзгөртүүнү буйруйм.» Ким Аллахты коюп, шайтанды дос тутса, албетте, ал апачык кыйроого туш болот. (Шайтан) Аларга убадаларды берет, аларды болор-болбос куру кыялдарга салат. Чындыгында болсо шайтан аларга алдануудан башка эч нерсени убада кылбайт. (Ниса Сүрөсү, 120)

 

Ал (азгыруучу) адамдардын дилдерине азгырык берет (ичтерине күмөндөрдү шыбырайт) (Нас Сүрөсү, 5)

 

Шайтан ыймандууларды кандай гана күмөндөргө салбасын, Аллахтын көрсөткөн жолун угушса, шайтан аларды алаксыта албайт. Аллах шайтан тууралуу ыймандууларга мындай насаат берет:

 

Эгер сага шайтандан бир азгырык келсе, ошол замат Аллахка корголо. Себеби Ал угуучу, билүүчү. (Аллахтан) Коркуп-тартынгандарга шайтандан бир азгырык келгенде (алгач) жакшылап ойлонушат (Аллахты зикир кылып, эстешет), анан кийин карасаң, байкап түшүнүшкөн болот. (Аьраф Сүрөсү, 200-201)

 

Аяттан көрүнүп тургандай, ыймандуулар шайтандан келген азгырыктарга карата абдан этият болушат. Андан келген азгырыктарды көпкө чейин ойлонуп убакыт жоготушпайт, азгырыктарга алданып Аллах ыраазы болбой турган, ыймандууга жарашпай турган маанайга түшүп, кайгырышпайт, кыйналышпайт жана коркушпайт. Тынчсызданганда же Куранга туура келбеген ой-санаалар пайда болгондо, ошол замат ойлонушат. Анын Аллах ыраазы болбой турган шайтандан келген азгырык экенин түшүнүшөт. Ошол замат Аллахты жана Курандын аяттарын эстеп, шайтандын азгырыктарынан кутулушат.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШҮҮ

  А дамдардын арасында Куранга ишенбегендер же ишенсе да аны өздөрүнө жол көрсөтүүчү катары кабыл албагандар өмүр бою жаңылып, кемчиликтерди...