5 Mayıs 2021 Çarşamba

КӨПЧҮЛҮКТҮ ЭЭРЧҮҮ АДАМДЫ ТУУРА ЖОЛДОН АДАШТЫРАТ

 

Көпчүлүк адамдардын негизги жаңылыштыктарынын бири, алар адамдардын көпчүлүгү ээрчиген же ишенген нерсени туура деп ойлошот. Ал тургай, көп кишилерден кандайдыр бир кыймыл-аракетинин же ишениминин себеби суралса, адамдардын көпчүлүгү ушундай кылат деп жооп берет. Бирок Аллах Куранда көпчүлүктү ээрчүү жолдон адаштырат деп билдирет:

 

Жер бетиндегилердин көпчүлүгүн ээрчисең, сени Аллахтын жолунан адаштырып-азгырышат. Алар күмөндөрүнө гана таянышат жана алар жалаң гана «күмөн жана божомол менен» жалган сүйлөшөт. (Энъам Сүрөсү, 116)

 

Аллах башка бир аятында адамдардын көпчүлүгүнүн ыйман кылбай турганын билдирет:

 

Сен абдан кааласаң да, адамдардын көбү ыйман кылышпайт. (Йусуф Сүрөсү, 103)

 

Маида Сүрөсүндө «ыплас» нерселердин көп болоору кабар берилип, акылдуу адамдарга андан тартынгыла деп буйрулган:

 

Айткын: «Ыплас (арам) нерсенин көптүгү сени кызыктырса да, ыплас менен таза тең эмес. Эй таза акыл ээлери, Аллахтан коркуп-тартынгыла. Мүмкүн кутулаарсыңар.» (Маида Сүрөсү, 100)

 

Ошондуктан көпчүлүктүн эмне кылганы, эмнеге ишенгени, эмнени жактаганы бир адам үчүн эч качан ишенимдүү булак же чен-өлчөм боло албайт. Адамдар «үйүр психологиясынан» улам көпчүлүктү туурагылары келет. Бирок Аллахтын Куранда билдирген бул сырын уккан ыймандуулар көпчүлүктү эмес, бир гана Аллахтын буйруктарын жана динин ээрчишет. Жападан жалгыз калышса да, ишениминен жана жолунан эч качан күмөн санашпайт.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШҮҮ

  А дамдардын арасында Куранга ишенбегендер же ишенсе да аны өздөрүнө жол көрсөтүүчү катары кабыл албагандар өмүр бою жаңылып, кемчиликтерди...