5 Mayıs 2021 Çarşamba

ЖАКШЫЛЫКТЫН БЕРИЛИШИНДЕГИ ЖАНА АЛЫНЫШЫНДАГЫ СЫРЛАР

 

Адамдарга жакшылыктардын берилишинин же ал жакшылыктардын кайра алынышынын бир себебин Аллах Куран аяттарында төмөнкүчө кабар берет:

 

Себеби мындай: бир коом (эл) өзүндөгүнү өзгөрткөнгө чейин Аллах ага жакшылык катары тартуулаганын өзгөртпөйт. Аллах, албетте, угуучу, билүүчү. (Энфал Сүрөсү, 53)

 

Анын (адамдын) алдынан жана артынан байкоочулар бар, аны Аллахтын буйругу менен байкап коргоп турушат. Чындыгында Аллах өздөрүнүн напсилериндегини (өздөрүндөгүнү) өзгөртүп бузганга чейин, бир коомдогуну өзгөртүп бузбайт. Аллах бир коомго жамандык каалаган болсо, аны артка кайтарууга эч бир (мүмкүнчүлүк) жок, алар үчүн Андан башка бир таяныч (вели) жок. (Рад Сүрөсү, 11)

 

Бул аяттарда адамдар көбүнчө билбеген же көңүл бурбаган абдан маанилүү сырлар айтылган. Аллах адамдарга жакшы кулк-мүнөзү үчүн ар кандай жакшылыктарын көбөйтсө, начар мүнөздүү адамдарга жакшылыктарды азайтаарын, адамдардын мамилелеринин жана ниеттеринин өзгөрүшүнө жараша, аларга келген жакшылыктардын да өзгөрөөрүн кабар берүүдө.

Бул сырды билген ыймандуулар башына келген ар бир окуяда Аллахтын даанышмандыктарын издегенде, бул жагдайга да көңүл бурушат. Эч качан өздөрүн кемчиликсиз көрүшпөйт жана ар дайым Куран адеп-ахлагын көбүрөөк аткарууга, кемчиликтерин оңдоого аракет кылышат. Эч качан өзүн жетиштүү көрүп, өзгөрүүгө жана кулк-мүнөзүн оңдоого умтулууну токтотушпайт.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШҮҮ

  А дамдардын арасында Куранга ишенбегендер же ишенсе да аны өздөрүнө жол көрсөтүүчү катары кабыл албагандар өмүр бою жаңылып, кемчиликтерди...