5 Mayıs 2021 Çarşamba

ПАЙГАМБАРГА МОЮН СУНУУ АЛЛАХКА МОЮН СУНУУ ДЕГЕНДИ БИЛДИРЕТ

 

Ыймандууларга Куранда билдирилген эң маанилүү ибадаттардын бири – бул, Аллахтын пайгамбарларына моюн сунуу. Аллах пайгамбарларын аларга моюн сунулушу үчүн жөнөткөнүн билдирген жана бардык доорлордо ыймандуулар пайгамбарга моюн сунуу боюнча сыналышкан. Пайгамбарлар – Аллахтын сөзүн, буйруктарын адамдарга жеткирген, адамдарга Аллахтын аяттарын жана акырет күнүн эскертип коркуткан, Аллах тарабынан адамдардын арасынан тандалып башкалардан жогору кылынган, адамдарга такыбалыгы, кыймыл-аракеттери жана кулк-мүнөздөрү менен эң мыкты үлгү көрсөткөн, чын ыкластуу, Аллахтын досу жана жакыны болгон куттуу инсандар. Пайгамбарларга моюн сунуу, Аллах аятында да билдиргендей, чындыгында Аллахка моюн сунуунун бир көрсөткүчү.

 

Ким пайгамбарга моюн сунса, чындыгында Аллахка моюн сунган болот. Ким баш тартса, Биз сени алардын үстүнөн күзөтчү кылып жөнөткөн жокпуз. (Ниса Сүрөсү, 80)

 

Пайгамбарга моюн сунбоо ал адамдын Аллахка жана динге каршы экенин, мусулманмын деп айтканы менен, чын жүрөктөн ишенбей турганын көрсөтөт. Бул Аллахтын Куранда билдирген маанилүү сырларынын бири. Аллах бир аятында пайгамбарга моюн сунгандар менен сунбагандардын абалын төмөнкүчө кабар берген:

 

Булар Аллахтын (койгон) чектери. Ким Аллахка жана элчисине моюн сунса, аны астынан дарыялар аккан, ичинде түбөлүк жашай турган бейиштерге киргизет. Улуу кутулуу жана бакыт мына ушул. Ким Аллахка жана элчисине баш көтөрсө жана анын чектеринен чыкса, аны ичинде түбөлүк кала турган отко киргизет. Ал үчүн басмырлоочу бир азап бар. (Ниса Сүрөсү, 13-14)

 

Аллах Куранда пайгамбарга моюн сунуу тууралуу көптөгөн маалыматтарды берген жана ал аркылуу чыныгы моюн сунуунун кандай болоорун, кандай учурда Аллах Кабатында кабыл алынаарын адамдарга көрсөткөн. Ал аяттардан да көрүнүп тургандай, бир адамдын диндин бардык өкүмдөрүн аткарып, дин үчүн абдан көп кызмат кылып жаткандай көрүнүшү жетиштүү эмес. Эгер ал адам пайгамбарга моюн сунууда Аллах билдирген адеп-ахлакка жана кулк-мүнөзгө туура келбесе, пайгамбарга моюн сунууда Куранда айтылган кемчиликтерди кетирип жатса, Аллах анын бардык иштерин жараксыз кылышы мүмкүн. Бул тууралуу аяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:

 

Пайгамбарга толук моюн сунмайынча,

ыйман кылган болуп эсептелбейт

Аллах Ниса Сүрөсүндө адамдарга абдан маанилүү бир сырды билдирет. Ал аят төмөнкүдөй:

 

Жок андай эмес. Раббиңе ант болсун, талашып-тартышкан нерселерде сени калыс кылып, анан сенин чыгарган өкүмүңө ичтеринен эч кыйналбай, толук моюн сунмайынча, ыйман кылган болушпайт. (Ниса Сүрөсү, 65)

 

Бул аят бизге пайгамбарга моюн сунуунун кандай болоору жөнүндө маанилүү бир сырды билдирүүдө. Адамдардын көпчүлүгү моюн сунуу (баш ийүү) деген түшүнүктү билишет. Бирок пайгамбарга моюн сунуу адамдар билген бардык моюн сунуу түшүнүктөрүнөн айырмаланат. Аллах аятта билдиргендей, ыймандуулар пайгамбарга чын жүрөктөн, ичинде эч кандай күмөн санабастан моюн сунушу шарт. Эгер бир адамдын ичинде пайгамбардын айткандарына карата бир күмөн бар болсо, өзүнүн акылын көбүрөөк жактырып, өзүнүн ойун туурараак жана жакшыраак деп ойлосо, бул ал адамдын Аллах аятта билдиргендей ыйман кылбаганын көрсөтөт.

Чындап ишенип, моюн сунган ыймандуулар пайгамбардын ар бир айтканынын алар үчүн эң жакшысы экенин билишет. Айтылгандар кызыкчылыктарына карама-каршы келсе да, чын дилден кабыл алып аткарышат. Мындай кулк-мүнөз чыныгы ыймандын бир көрсөткүчү жана Аллах ушинтип моюн сунгандардын кутулууга жетээрин сүйүнчүлөйт. Аллах сүйүнчү кабарды билдирген аяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:

 

Ким Аллахка жана пайгамбарга моюн сунса, мына ошолор Аллах сый-жакшылык берген пайгамбарлар, чынчылдар, шейиттер жана чын ыкластуулар менен бирге болушат. Алар кандай гана жакшы достор. (Ниса Сүрөсү, 69)

 

Ким Аллахка жана элчисине моюн сунса жана Аллахтан коркуп Андан тартынса, «кутулууга жана бактылуулукка» мына ошолор жетет. (Нур Сүрөсү, 52)

 

Айткын: «Аллахка моюн сунгула, пайгамбарга моюн сунгула. Эгер кайра эле баш тартсаңар, анын (пайгамбардын) жоопкерчилиги ага жүктөлгөн, силердин жоопкерчилигиңер болсо силерге жүктөлгөн. Эгер ага моюн сунсаңар, туура жолго түшкөн (хидаят тапкан) болосуңар. Пайгамбардын милдети динди апачык түшүндүрүп жеткирүү гана.» (Нур Сүрөсү, 54)

 

Аллах жогорудагы аятта билдиргендей, пайгамбарга моюн сунгандар туура жолго түшүшөт. Тарых бою бардык адамдар Аллахтын пайгамбарларын ээрчип же ээрчибеши менен сыналган. Аллах бардык пайгамбарларын адамдардын арасынан тандаган. Кээ бир аңкоо жана акылсыз кишилер өздөрүнүн арасынан чыккан же мал-мүлкү жагынан башкаларга салыштырмалуу көп бай эмес бир адамга моюн сунууну түшүнө алышкан эмес. Бирок Аллах пайгамбарларды тандап, Өзүнүн Кабатынан бүт тараптан күчтөндүргөн жана аларга илим, күч-кубат берген. Ал кишилер тандоонун Аллахтын колунда экенин түшүнө алышкан эмес. Чын ыкластуу ыймандуулар Аллах тандаган инсанга чын көңүлдөн моюн сунуп, ага чын жүрөктөн ишенет жана урматтайт. Пайгамбардын сөзүн аткарып жатканда ар дайым негизи Аллахты угуп моюн сунуп жатканын билет. Аллахка жана динге баш ийгендер Аллахтын пайгамбарына да чын жүрөктөн толук баш ийишет. Аллах Ага баш ийгендер тууралуу аятта мындай деп билдирет:

 

Жок, ким (жакшы иш жана) жакшылык кылып өзүн Аллахка тапшырса, анын Раббисинин Кабатында сыйлыгы бар. Аларда коркуу жана кайгы-капа болбойт. (Бакара Сүрөсү, 112)

 

Үнүн пайгамбардын үнүнөн жогору

чыгаргандардын иштери текке кетет

Аллах Куранда мындай деп билдирет:

 

Эй ыйман кылгандар, үнүңөрдү пайгамбардын үнүнөн жогору чыгарбагыла жана бири-бириңерге кыйкыргандай, ага кыйкырып сүйлөбөгүлө; болбосо өзүңөр байкабастан иштериңер текке кетет. Чындыгында, Аллахтын пайгамбарынын жанында үндөрүн акырын чыгаргандар болсо, Аллах алардын жүрөктөрүн такыбалык менен сынаган. Алар үчүн кечирим жана улуу сыйлык бар. (Хужурат Сүрөсү, 2-3)

 

Аллахтын пайгамбары ар дайым ыймандууларды акыйкат жолго, эң туура жана эң жакшы нерселерге үндөйт. Пайгамбарлардын мындай чакырыктары, албетте, айланадагы адамдардын напсилерине кээде карама-каршы келет, бирок ыймандуулар менен пайгамбарга моюн сунгандар эң оор шарттарда да, напсилерин эмес, Аллахтын, пайгамбарынын жана Курандын сөзүн угушат. Ыйманы алсыздар же напсисин башкара албагандар болсо пайгамбардын чакырыгына моюн сунбай же көңүлсүз мамиле кылышы мүмкүн. Аятта да айтылгандай, үндөрү, сүйлөө манералары, тандаган сөздөрү алардын жүрөктөрүндөгү оорусун, жакшы моюн суна албаганын аныктап турушу ыктымал. Сый-урматты билбестен, пайгамбардын сөзүнө каршы чыгып, акылсыздык менен үндөрүн көтөрүшү мүмкүн. Аллах мындай адамдардын кылган иштеринин текке кетээрин билдирген. Мындай адамдар, буга чейин да айтылгандай, күнү-түнү диндин жайылышы үчүн кызмат кылса да, моюн сунбаганы үчүн Аллах алардын сооптуу иштеринин текке кетээрин кабар берген.

Бул Курандын көптөгөн аяттарында кабар берилген абдан маанилүү бир сыр. Аллах адамдарга сооптуу иштерди жасоону, Ислам үчүн чечкиндүүлүк менен кызмат кылууну, кулк-мүнөзүн оңдоону, кең пейил, сабырдуу, ак көңүл, чынчыл, убадасына бекем адамдардан болууну буйруган. Чындыгында булардын баары адамдын акыретине пайда алып келе турган абдан маанилүү ибадаттар. Бирок жогорудагы Хужурат Сүрөсүнүн аятынан көрүнүп тургандай, адамдын бардык жакшы иштери Аллахтын пайгамбарына орой мамиле кылганы үчүн текке кетиши ыктымал. Албетте, бул дагы Аллахтын пайгамбарларына болгон моюн сунуунун жана сый-урматтын канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу эске салат.

 

 

Аллах пайгамбарга моюн сунбагандардын күчүн кетирет

Аллах Куранда кабар берген Талут жана аскерлери жөнүндөгү окуя Аллахтын пайгамбарына моюн сунуунун мааниси тууралуу эскертүүлөрдүн бири. Куранда айтылгандай, Аллахтын элчиси Талут аскерлери менен бирге душмандарды көздөй баратканда, аскерлерин эскертип, алдыбыздан чыга турган дарыядан суу ичпегиле деп айткан. Аятта бул төмөнкүчө сүрөттөлөт:

 

Талут аскерлери менен бирге бөлүнгөндө (мындай) деди: «Чындыгында Аллах силерди бир дарыя менен сынайт. Ким андан ичсе, эми ал менден эмес жана ким, колу менен бир ууч ичкенден тышкары, аны ичпесе менден. Аз ганасынан тышкары (баары суудан) ичишти. Ал аны менен бирге ыйман кылгандар менен (дарыядан) өткөндө алар (калгандар): «Бүгүн биздин Жалутка жана аскерлерине каршы (тиреше турган) күчүбүз жок» дешти. (Ошондо) Сөзсүз Аллахка жолугаарын үмүт кылгандар (мындай) дешти: «Канчалаган аз сандагы топ көбүрөөк болгон бир топту Аллахтын уруксаты менен жеңген; Аллах сабыр кылуучулар менен бирге.» (Бакара Сүрөсү, 249)

 

Аяттан көрүнүп тургандай, Талуттун буйругуна баш ийбегендер алсыз болуп калышкан. Талутту уккандардын болсо күч-кубаты көбөйгөн жана Аллахтын уруксаты менен, сандары абдан аз калганына карабастан, жеңишке жетишкен. Булар Аллахтын Куранда билдирген сырлары. Адамдар ойлогондой күч, жеңиш жана үстөмдүк материалдык мүмкүнчүлүктөрдө, санынын көп болушунда, бийликте же физикалык өзгөчөлүктөрдө эмес. Ким Аллахтын белгилеген чектеринен чыкпай, Аллахка жана элчисине моюн сунса, Аллах ал адамды бардык адамдардан күчтүү кылып, ага акыл, ден-соолук, сулуулук, ырыскы, байлык сыяктуу сансыз жакшылыктарды тартуулайт. Акыретте болсо алар үчүн алда канча кооз жана шаан-шөкөттүү түбөлүк жашоо даярдалган.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШҮҮ

  А дамдардын арасында Куранга ишенбегендер же ишенсе да аны өздөрүнө жол көрсөтүүчү катары кабыл албагандар өмүр бою жаңылып, кемчиликтерди...