Ыймандуулар үчүн
Аллахтын жараткан кереметтеринин бири – бул, ыймандуулардын аз санда болгонуна
карабастан, Аллахтын уруксаты менен ар дайым жеңишке жетиши. Бул Аллахтын
көптөгөн аяттарда билдирген маанилүү бир сыры жана ыймансыздардын алданышына
себеп болгон бир өзгөчөлүк. Жогорудагы Талут окуясынан да көрүнүп тургандай,
Аллах ыймандууларды моюн сунганы үчүн, аз санда болгонуна карабастан, үстөм
кылып жеңишке жеткирген. Аллах Талут окуясынын аягында төмөнкү аятты эске
салат:
Канчалаган аз сандагы
топ көбүрөөк болгон бир топту Аллахтын уруксаты менен жеңген; Аллах сабыр кылуучулар
менен бирге. (Бакара Сүрөсү, 249)
Сабырдуулук ыймандууларга чоң күч берет
Бул китепте
көп жолу белгиленгендей, Аллахтын Куранда билдирген көптөгөн аяттарында сырлар
жашырылган. Алардын бири сабырдуулук менен байланыштуу. Аллах сабыр
кылгандардын күчүнүн көбөйөөрүн сүйүнчүлөйт. Бул дүйнөдөгү күчтүн жана
мүмкүнчүлүктөрдүн бүт баарынын Аллахка тиешелүү экенин унутпаш керек. Аллахка
каршы чыккан адамдын күчү да негизи Аллахтын күчү. Аллах ал адамды жана
башкаларды сыноо үчүн ал адамга күч берет, каалаганда ал күчтү алып койот. Ошондуктан
Аллах каалаганына каалаган кезде күч жана жеңиш берет. Аллах аятында сабыр
кылгандардын күчтүү болоорун, башкача айтканда, ал адамдарга күч берээрин
билдирет. Бул жөнүндөгү аяттардын бири төмөнкүдөй:
Ооба, эгер сабыр кылсаңар,
сактансаңар жана алар да күтпөгөн жерден кол салып калышса, Раббиңер силерге периштелерден
беш миң киши менен жардамын жеткирет. (Али Имран Сүрөсү, 125)
Жогорудагы
аятта айтылгандай, Аллах адамдарды кааласа көрүнбөгөн жана сезилбеген жолдор
аркылуу колдоп, жеңишке жеткириши мүмкүн. Мисалы, бир
адам Аллахтын динин жактаса, Аллах аны көрүнбөгөн жолдор менен колдоп, сөздөрүн
эң кооз жана эң акылдуу кылышы мүмкүн жана адамдардын жүрөгүн анын сөздөрүнөн
таасирлентиши ыктымал. Негизи эч бир ийгилик, жеңиш же таасир адамга тиешелүү
эмес. Адамдардын милдети Аллахтын буйруктарына баш ийип, Анын койгон чектеринен
чыкпоо. Бардык жеңиштер, ийгиликтер жана жүрөктөрдөгү таасирлер Аллахка
тиешелүү. Аллах башка бир аятында ыймандууларга абдан маанилүү күчкө ээ
болуунун жолдорун билдирет:
Эй пайгамбар, ыймандууларды согушка даярдап-үндө. Эгер араңарда сабыр кылган жыйырма (адам) болсо, эки жүз (адамды) жеңет. Жана
эгер араңарда жүз (сабырдуу адам) болсо, каапырлардан миңин жеңет. Себеби алар
(чындыкты) аңдап-түшүнбөгөн бир коом. Эми Аллах силерден (жүгүңөрдү) жеңилдетти
жана силерде бир алсыздык бар экенин билди. Силерден жүз сабырдуу (адам) болсо,
(алардын) эки жүзүн кыйратат; эгер силерден миң (адам) болсо, Аллахтын уруксаты
менен, (алардын) эки миңин жеңет. Аллах сабыр кылуучулар менен бирге. (Энфал Сүрөсү,
65-66)
Аллах бул
аяттарда билдиргендей, эгер ыймандуулар өздөрүнүн арасында алсыздык кылбай,
сабырдуулукта жана такыбалыкта (Аллахтан коркууда) күчтүү болушса, бир
ыймандуунун күчү 10 кишиге тең келиши мүмкүн. Муну дененин күчү катары же башка
маанилерде да түшүнүүгө болот. Мисалы, бир ыймандуунун адамдарга динди
түшүндүрүү жана аларды Аллахтын жолуна чакыруу максатындагы иш-аракеттери он
кишинин аракетине тең келиши мүмкүн. Бир ыймандуунун илими он кишинин илимине
тең келиши ыктымал. Бир ыймандуунун Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн жасаган
сооптуу иши он кишинин биргелешип жасай турган ишине тең келиши мүмкүн. Бир
ыймандуу он ыймансыз тарабынан жолдон адаштырылган сандагы адамды Аллахтын
туура жолуна чакырып, алардын оң жолго түшүшүнө себепкер болушу ыктымал. Бир
ыймандуу он ыймансыздын айткандарын четке кагып, ордуна акыйкатты алып келиши
мүмкүн.
Аллахтын
Куранда билдирген бул сыры абдан маанилүү. Себеби ар бир мусулман, Аллахтын
уруксаты менен, эгер такыбалыкта жана мыкты кулк-мүнөздө жарышып алдыга чыгууну
көздөсө, саны канчалык аз болсо да айырмасы жок, Аллах алардын бардык иштерине
жеңиш берет. Мисалы, алдыларында дүйнө жүзүндөгү адамдар, канчалаган университеттердин
профессорлору турса жана алар канчалаган шаарлардагы адамдарды ыймансыздыкка
түртсө да, Аллах аз сандагы мусулманды ошол адамдардын баарына акыйкатты жана
чындыкты көрсөтө тургандай күчтүү, жөндөмдүү, акылдуу кылат жана ыймансыздардын
ишин кыйындатып, ыймандуулардын ишин болсо жеңилдетип тездетет. Бул сырды
билген ыймандуулар «менин аракетимден же менин кичинекей салымымдан эмне болмок
эле» дебеши шарт, чын ыкластан бир гана Аллахтын ыраазылыгы үчүн жасаган ар бир
ишинин абдан таасирдүү болооруна ишениши керек. Балким Аллахтын бар экенин
баяндаган чын ыкластуу бир пикир, Аллахка үндөгөн бир сөз же жылуу мамиле
көптөгөн адамдын кутулушуна жана Аллахты сүйүп, Андан коркуп тартынышына
себепчи болушу мүмкүн. Бул дүйнө жашоосунда бир гана Аллахтын Куранда билдирген
эрежелеринин жана себептеринин жарактуу экенин эч качан унутпаш керек. Бир гана
Куранга карап ойлонгон ар бир адам Аллахтын жаратуусундагы бул сырларды
түшүнүп, Аллахтын уруксаты менен, бардык адамдардан күчтүү жана акылдуу боло
алат. Аллах чындап ыйман кылгандарды бошоңдук кылышпаса, үстөмдүккө ээ болоорун
бир аятында төмөнкүчө сүйүнчүлөйт:
Бошоңдук кылбагыла (алсырабагыла), кайгырбагыла; эгер (чындап) ыйман кылган болсоңор, эң үстөм (жеңүүчү) болгон силерсиңер.
(Али Имран Сүрөсү, 139)
Аяттардан
көрүнүп тургандай, Аллах үстөмдүккө жана жеңишке жетүү, ошондой эле, бул
дүйнөдө жана акыретте пайда табуу үчүн бир гана чын ыкластуу ыйманды шарт
койгон. Аллах ал үчүн Аллахка шерик кошпостон ишенүүнү дагы бир сыр катары
билдирген.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder