5 Mayıs 2021 Çarşamba

ШЕРИК (ШИРК) КОШПОСТОН ЫЙМАН КЫЛСАҢАР, АЛЛАХ ДИНИН ҮСТӨМ КЫЛАТ

 

Бир мусулмандын бул дүйнөдө жетүүнү көздөгөн эң негизги максаттарынын бири – бул, Куран адеп-ахлагынын дүйнө жүзүнө жайылып, адамдардын Аллахка талап кылынгандай ибадат кылышы. Аллах Куранда ыймандууларга бул максатка жетүүнүн жолун көрсөтүп, мындай деп айткан:

 

Аллах араңардан ыйман келтиргендерге жана салих (чын ыкластуу) иштерди кылгандарга убада кылган: Эч күмөнсүз, алардан мурдакыларга кандай «күч жана бийлик» берген болсо, аларга да жер жүзүндө ошондой «күч жана бийлик» берет, алар үчүн тандап жактырган динин аларга бекемдеп, орнотот жана аларды коркууларынан кийин бейпилдикке айландырат. Алар бир гана Мага ибадат кылышат жана Мага эч нерсени шерик кошушпайт. Ким мындан кийин чындыктан баш тартса, дал ошолор – бузукулар. (Нур Сүрөсү, 55)

 

Аллахтын ыймандууларга билдирген сыры боюнча, ыймандуулар бир гана Аллахка ибадат кылып, шерик кошпосо, Аллах Куран адеп-ахлагын жер жүзүнө орнотот. Бул абдан маанилүү бир сыр. Себеби бул Куран адеп-ахлагынын бүт адамдарга жайылышынын жоопкерчилиги ар бир ыймандуунун мойнунда дегенди билдирет. Демек абийирдүү ар бир мусулман Аллахка шерик кошуудан болушунча алыс болуп, бир гана Аллахка ибадат кылышы шарт. Эң негизгиси, ширк, башкача айтканда, Аллахка шерик кошуу Аллах кечирбей турган бир күнөө жана адамды тозок азабына алып барат. Бирок ширк дегенде көп адамдар бир гана идолдорго сыйынган бутпарастарды элестетиши мүмкүн. Анткен менен, адамдар өзгөчө жашыруун ширктен этият болушу керек.

Жашыруун ширкте адам Аллахка ыйман кылам, жалгыз кудай жана жаратуучу катары Аллахты кабыл алам жана бир гана Анын буйруктарын аткарам деши мүмкүн. Бирок ал адам эгер Аллахтан башкалардан корксо, адамдардын мактап, колдоо көрсөтүшүн абдан маанилүү көрсө, бул дүйнөдө мал-мүлкүнө же жанына зыян тийишинен тынчсызданса, соодасын, үй-бүлөсүн, урпактарын Аллахтан жана Аллах жолунда аракет кылуудан жогору тутуп, аларды биринчи кезекке койсо, анда ширк ичинде болот.

Аллах көрсөткөн чыныгы ыйманда Аллахтын ыраазылыгы баарынан жогору турат. Аллахтан башка бардык нерселер, бардык жакын мамилелер Аллахтын ыраазылыгына жетүүнүн бир жолу гана болушу мүмкүн. Же кандайдыр бир жакшылык үчүн адамдарга өзүн карыздар сезип, аларды өзүнүн коргоочусундай көргөндөр да Аллахка шерик кошкон болот. Анткени ар бир адамга ырыскы берген, анын курсагын тойгузган, коргогон, үй берген, оорусуна шыпаа берген Аллах. Аллах, албетте, буларды бир адам аркылуу бериши мүмкүн. Мисалы, Аллах бир адамга шыпаа берүүнү каалаганда, аны бир дарыгердин колу менен жасайт. Бирок адам дарыгерден үмүт кылбашы керек. Себеби Аллах кааламайынча эч бир дарыгер адамга шыпаа бере албайт.

Оорудан айыккан адам дарыгерди Аллахтын шыпаасынын себепкери катары көрөт жана, албетте, жакшы көрүп, урматтайт. Бирок шыпаа берүүчүнүн Аллах экенин билип, Ага шүгүр кылат. Антпесе, адамдарды Аллахка шерик кошуп, Аллахтын бир сыпатын адамдарга берген болот. Ар бир мусулман жашыруун ширктен мүмкүн болушунча алыс болуп, ар дайым өзүн таразалашы керек жана Аллахтан башка дос, сырдаш же таянычтарды тутунуп албашы шарт.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШҮҮ

  А дамдардын арасында Куранга ишенбегендер же ишенсе да аны өздөрүнө жол көрсөтүүчү катары кабыл албагандар өмүр бою жаңылып, кемчиликтерди...