Адамдардын көпчүлүгү эч качан өлбөчүдөй болуп бул дүйнөгө берилишет жана
ушул себептен диндин өкүмдөрүн аткаруудан, акырет жашоосун жана өлүмдү
ойлонуудан алыс болушат. Бирок алардын абдан берилген бул дүйнө жашоосу өтө
кыска жана убактылуу. Эң узун жашаган адам дагы бир күнү сөзсүз көз жумат.
Ошондой эле, бул дүйнө жашоосу көрүнгөнчөлүк деле узун эмес. Аллах бул сырды
Курандын көптөгөн аяттарында адамдарга кабар берет:
«Жыл санагы менен жер бетинде канча болдуңар?» деди. «Бир күн же бир күндүн
бир аз бөлүгүнчөлүк болдук, эсептегендерден сура» дешти. «Аз (убакыт) гана болдуңар,
чындыгында билген болгонуңарда» деди. Биз силерди
бош бир максат үчүн жаратты жана чындыгында Бизге кайра кайтпайбыз деп
ойлодуңар беле? (Мүминун Сүрөсү, 112-115)
Кыямат күнү болгондо,
кылмышкер-күнөөкөрлөр (бул дүйнөдө) бир саат гана өмүр сүрдүк деп ант ичишет. Мына
алар ушундай бурулуп кетишчү. (Рум Сүрөсү, 55)
Бул аяттардагы
сөздөр өлгөндөн кийин суракка алынуу үчүн чогултулган адамдардын ортосунда
болууда. Алардын сөздөрүнөн да көрүнүп тургандай, адамдар өлгөндөн кийин
чындыгында бул дүйнөдө абдан кыска убакыт гана болушканын түшүнүшөт. Башкача
айтканда, бул дүйнөдө бизге 60-70 жылдай көрүнгөн мөөнөт негизи бир күн же бир
күндүн бир бөлүгүнчөлүк кыска. Бул түшүндө бир адамдын айлап, күндөп, ал
тургай, жылдап жашап, бирок ойгонгондо болгону бир канча секундалык гана түш
көргөнүн түшүнүшүнө окшошот.
Адам негизи
бир аз ойлонсо, бул дүйнөдө жашап жаткан кезде эле өмүрдүн кыскалыгын жана
убактылуулугун түшүнөт. Мисалы, ар бир адам алдына максаттарды койуп, пландарды
түзөт. Максаттары менен пландары улам бирден өтүп кете берет. Мектепти бүтүрөт,
университетке өтөт, университетти бүтүргөндө бир жумушка кирет... Булар абдан
тездик менен өтө берет. 35 жашка чыгуу ага абдан алыстай сезилсе, бир караса
эле 40 жашка келип калган болот.
Бул дүйнөнүн
абдан кыскалыгы Аллах Куранда кабар берген жана ой жүгүрткөн ар бир адам байкай
ала турган анык чындык. Бул чындыкты түшүнгөн адамдардын мынчалык кыска жана убактылуу
жашоо үчүн акыреттеги түбөлүктүү, чыныгы жашоону унутуп коюшу абдан акылсыздык
болот. Аллах бул дүйнө жашоосунун убактылуулугу тууралуу адамдарды эскерткен
аяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:
Эй коомум, чындыгында бул дүйнө жашоосу убактылуу бир пайдалануу гана.
Чындыгында акырет (чыныгы) түбөлүктүү мекен ошол. (Момун Сүрөсү, 39)
Чындыгында, булар тез
өтүп кете турганды (дүйнөнү) жакшы көрүшүүдө. Алдыларында турган оор күндү унутуп
жатышат. (Инсан Сүрөсү, 27)
АЛЛАХ ЫЙМАНСЫЗДАРДЫН ЖҮРӨГҮНӨ
КОРКУНУЧ САЛАТ
Курандын көптөгөн
аяттарында ыймансыздардын жүрөгүнө коркуу сезиминин салынаары төмөнкүчө кабар
берилет:
Раббиң периштелерге вахий кылган эле: «Чындыгында Мен силер мененмин, ыймандууларга
бекемдик кошкула, ыймансыздардын жүрөктөрүнө катуу коркунуч саламын...» (Энфал
Сүрөсү, 12)
Китеп берилгендерден
ыймансыздарды алгачкы сүргүндө мекендеринен Ал чыгарган. Силер алардын чыгаарын
күткөн эмес элеңер, алар болсо сепилдер бизди Аллахтан коргойт деп ойлошкон.
Ошентип Аллах(тын азабы) аларга күтпөгөн тараптан келди, жүрөктөрүнө коркунуч
салды; мындан улам үйлөрүн өз колдору менен жана ыймандуулардын колдору менен
бузуп жатышты. Эй акылмандар мындан сабак алгыла. (Хашр Сүрөсү, 2)
Бул аяттарда
кабар берилгендер Аллахтын жараткан бир керемети. Аллах ыймандууларга каршы
чыккандардын, Аллахка жана динге каршы күрөшкөндөрдүн жүрөктөрүнө коркунуч
салып, алардын күчүн жана динге каршы күрөшүү мүмкүнчүлүктөрүн азайтат.
Ыймандуулар бул аяттар жөнүндө ойлонуп, андан сабак алышы керек. Себеби, буга
чейин да айтылгандай, бардык адамдардын жүрөктөрү Аллахтын колунда жана Аллах
кимге кааласа, анын жүрөгүнө каалаганын илхам кылат. Ыймандуулардын милдети
адамдарга таасир берүүгө аракет кылуу эмес, бир гана чын ыкластуу болуу. Мисалы,
бир мусулман башкаларды Аллахтын аяттары менен эскертип коркутууга милдеттүү.
Бирок ал адам дин ага жакшы түшүндүрүлгөнү үчүн туура жолго түшпөйт. Ага Аллах
хидаят берип, туура жолго салат. Ошол сыяктуу эле, ыймандуу өзүн коркунучтардан
коргой албайт. Же душмандарын коркутуу күчүнө ээ эмес. Ыймандуулардын чын
ыкласы жана Аллах жолундагы аракеттери үчүн, Аллах аларды Өзүнүн Кабатынан
жиберген жардамдары аркылуу коргойт. Мисалы, бул аяттарда да билдирилгендей,
душмандарынын жүрөктөрүнө коркунуч салат жана ошентип аларды өздөрүнүн
түйшүктөрү менен алпуруштурат. Ошентип ыймандуулардын алдындагы коркунучтарды
жок кылат.
Аллах
ыймансыздардын жүрөгүнө ар кандай коркунучтарды салышы мүмкүн. Алардын
жүрөктөрүнө өлүмдөн коркуу, келечегинен коркуу, жаракат алуудан же бир
органынан ажыроодон коркуу, ачка калуудан коркуу, бир балээге туш болуудан
коркуу, жакшы көргөндөрүн жоготуудан коркуу сыяктуу жүздөгөн коркунучтарды
салышы мүмкүн.
Ыймансыздар
Аллахты дос жана таяныч тутпаганы, кылган иштерин жана жеткен нерселерин өзүм
жасадым деп ойлогону жана акыретке ишенбей бул дүйнөгө абдан берилгени үчүн
мындай коркунучтарга оңой эле алдырышат. Мисалы, кирешесинин азайышы жана
акчасыз калуу алар үчүн эң чоң коркунучтардын бири. Же акыретке ишенбей бул
дүйнөгө абдан берилгени үчүн, өлүмдү жок болуу катары көрүшөт. Өлгөндө жок
болом жана бүт баарынан ажырайм деп ойлогону үчүн, өлүмдөн абдан коркушат.
Мындай коркуулары аларды алсыз, күчсүз адамдарга айлантат. Аллах Ага шерик
кошкону үчүн, ыймансыздардын жүрөктөрүнө коркунуч салынаарын жана алардын оор
акыбетке туш болоорун төмөнкүчө кабар берет:
Эч бир далил
түшүрүлбөгөн бир нерсени Аллахка шерик кошушканы үчүн, ыймансыздардын
жүрөктөрүнө коркунуч салабыз. Алардын жашай турган жери от. Залимдердин турак
жайы кандай жаман. (Али Имран Сүрөсү, 151)
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder