Акылмандык
жана таасирдүү сүйлөө, Аллах аяттарында да билдиргендей, адамдарга Аллах
Кабатынан бир сый-жакшылык катары берилген өзгөчөлүктөр. Аллах муну аяттарында
төмөнкүчө кабар берет:
Кимге кааласа акылмандыкты ошого берет; чындыгында кимге акылмандык
берилсе, ага чоң жакшылык берилген болот. Таза акыл ээлеринен башкалар сабак алып
ойлонушпайт. (Бакара Сүрөсү, 269)
Анын мүлкүн
күчтөндүргөн элек. Ага акылмандык жана таасирдүү сүйлөө жөндөмүн берген элек. (Сад
Сүрөсү, 20)
Акылмандык
жана таасирдүү сүйлөө адамдарга берилген чоң жакшылык жана мыкты өзгөчөлүк. Бир
нерсени ар кандай жол менен, ар кайсы адамдар ар түрдүү түшүндүрүшү мүмкүн.
Бирок акылмандык жана таасирдүүлүк гана чындап натыйжалуу болот. Акылман жана
таасирдүү сөздөр адамдардын көңүлүн буруп, көзүн ачат жана эң жакшы билип
туруп, эч ойлонбогон нерселер жөнүндө ойлонуп, чындыктарды көрүшүнө себеп
болот. Акылмандыкта сөз керексиз узартылбайт. Бүт баары эң кыска, эң маңыздуу,
ошол эле учурда эң түшүнүктүү жана таасирдүү түшүндүрүлөт. Башка адамдар бир
канча саат айта турган нерсени акылман адам чын жүрөктөн чыккан бир эки сүйлөм
менен түшүндүрүп койот жана ал сөздөр тигил адамда чоң таасир калтырат. Эң
негизгиси, акылмандык менен сүйлөө окуп үйрөнө турган бир жөндөм эмес.
Эрежелери же кандайдыр бир өзгөчөлүктөрү жок. Акылмандык жана таасирдүү сүйлөө
жөндөмү үчүн чын ыкластуу болуп, Аллахтан бул жакшылыктарды тилөө керек. Аллах
каалаганына таасирдүү сөздөрдү каалаган учурда илхам кылат.
Акылмандыктын
жана таасирдүүлүктүн эң сонун үлгүсү – бул, Аллахтын сөзү Куран. Аллах бардык
китептерин бирдей акылмандык менен жиберген. Бул чындык аяттарда төмөнкүчө
кабар берилет:
Ант болсун, аларга
(ширктен жана бузулуудан) тосуп кайтара турган канчалаган кабарлар келди.
(Алардын баары) Эң жогорку даанышмандыктар. Бирок эскертүүлөрдөн пайда жок.
(Камер Сүрөсү, 4-5)
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder