5 Mayıs 2021 Çarşamba

АДАМ ОЙЛОРУНАН ЖАНА НИЕТИНЕН ДА СУРАККА АЛЫНАТ

 

Бардык ибадаттардын чын жүрөктөн, бир гана Аллахтын ыраазылыгы үчүн жасалаары Куранда кабар берилет. Аяттарда мындай деп айтылат:

 

... Ким чын көңүлдөн бир жакшылык кылса, бул өзү үчүн жакшы болот. Орозо кармоо –эгер билсеңер- силер үчүн жакшыраак. (Бакара Сүрөсү, 184)

 

Намаздарды жана орто намазды (абдан көңүл коюп) уланткыла жана Аллахка чын жүрөктөн моюн сунуп (намазга) тургула. (Бакара Сүрөсү, 238)

 

Чындыгында Ибрахим (өзү жалгыз) бир үммөт болчу; Аллахка чын жүрөктөн кайрылып, моюн сунган бир муваххид эле жана ал шерик кошкондордон эмес эле. (Нахл Сүрөсү, 120)

 

Аллах Куранда башкаларга көрүнүү үчүн садака кылган же эл көзүнө намаз окуган адамдар тууралуу кабар берет. Бирок аяттарда билдирилгендей, намаз окуган, орозо кармаган, зекет берген, диндин буйруктарын аткарган адамдын чыныгы ниети жана жүрөгүндөгү мүдөөлөрү маанилүү. Мындай адамдар намаз окуп жатканда Аллахты, Анын алдында канчалык алсыз жана баш ийүүчү экенин ойлонбостон бир гана ооздору менен дуба жана тасбихтерди кылып жаткан болушу мүмкүн. Же бир адам көптөгөн жакшы иштерди жасап, окуу жайларын ачып, жакырларга жардам бериши ыктымал. Бирок ал киши эгер ал иштерин Аллахтын ыраазылыгын тилеп, Аллахтын алдында алсыз жана муктаж экенин ойлонуп, акыреттен коркуп жасабаса, кылган иштери Аллах Кабатында кабыл алынбашы мүмкүн.

Аллах адамдардын сойгон курмандыктарынын кандарынын эмес, такыбалыгынын Ага бараарын бир аятта төмөнкүчө кабар берет:

 

Алардын эттери менен кандары эч качан Аллахка барбайт, Ага силердин такыбалыгыңар (Аллахтан коркуп-тартынууңар) гана барат. Силерди туура жолго салган Аллахтын улуулугун эстешиңер үчүн, аларды силерге моюн сундурган. Жакшылык кылгандарды сүйүнчүлө. (Хаж Сүрөсү, 37)

 

Көпчүлүк адамдардын эң чоң жаңылыштыктарынын бири, алар бир гана кылган иштерибизден суракка алынабыз деп ойлошот. Бирок Аллах адамдын ниетинен, ойлорунан, жүрөгүндөгү жашыруун сырларынан да суракка алынаарын кабар берет.

 

Асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары Аллахка таандык. Ичиңердегини ачык айтсаңар да, жашырсаңар да, Аллах силерди андан суракка алат. Анан каалаганын кечирип, каалаганын азаптайт. Аллах бүт нерсеге кудуреттүү. (Бакара Сүрөсү, 284)

 

Аллах ар бир адамдын жүрөгүн, ойлорун, көмүскө туюмун, адамдардан жашырган сырларын эң жакшы билет. Аллах адам менен анын жүрөгүнүн ортосунда. Ошондуктан адам Аллахтан эч нерсесин жашыра албайт. Оюна келген кандайдыр бир күмөн же азгырыкты, ыймандуулар жөнүндөгү чыныгы ойлорун, Куран тууралуу ишенимин, ибадаттарды жасап жаткан учурдагы ойлорун, бүт баарын Аллах билет жана алардын баары периштелер тарабынан жазылат. Мисалы, бир ибадатты эгер каалабай жасап жатса, ичинен терс ойлор өтүп жатса, Аллах аны билет. Жана акырет күнү адамга бүт баары көрсөтүлөт. Адам кутулууга жетүү үчүн жүрөгү таза болушу жана динди үстүртөн эмес, жүрөгүндө, ойлорунда чын ыкластан сезип жашашы шарт. Кыска жана убактылуу жашоо үчүн акыреттеги түбөлүктүү, чыныгы жашоону унутуп коюшу абдан акылсыздык болот. Аллах бул дүйнө жашоосунун убактылуулугу тууралуу адамдарды эскерткен аяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:

 

Эй коомум, чындыгында бул дүйнө жашоосу убактылуу бир пайдалануу гана. Чындыгында акырет (чыныгы) түбөлүктүү мекен ошол. (Момун Сүрөсү, 39)

 

Чындыгында, булар тез өтүп кете турганды (дүйнөнү) жакшы көрүшүүдө. Алдыларында турган оор күндү унутуп жатышат. (Инсан Сүрөсү, 27)

 

 

ЖҮРӨКТӨРДӨГҮ СҮЙҮҮНҮ АЛЛАХ ЖАРАТАТ

 

Адамдардын жүрөктөрүнө сүйүү жана достуктун Аллах тарабынан берилээри көптөгөн аяттарда билдирилет. Мисалы, Аллах бир аятта ыймандууларды бириктирип, аларга ынтымак берип, бир тууганга Өзү айландыраарын төмөнкүчө кабар берген:

 

Бардыгыңар Аллахтын жибин бекем кармагыла жана бөлүнүп-жарылбагыла. Аллахтын силерге берген сый-жакшылыгын эстегиле: бир кезде силер өз ара душман болуп, (токтоосуз согушуп) турганыңарда жүрөгүңөрдү бири-бирине үлпөт кылды жана Анын бул жакшылыгы себептүү (бир туугандай) дос болуп калдыңар. Жана силер тозок чуңкурунун жээгинде элеңер, андан силерди куткарды. Аллах силерге Өзүнүн аяттарын туура жолго түшөөрсүңөр деп ушинтип баяндайт. (Али Имран Сүрөсү, 103)

 

Аллах башка аяттарында ыймандууларга сүйүү жаратып, аларга сүйүү сезимталдыгын Өзү берээрин билдирет.

 

Жана Биз ага Кабатыбыздан сүйүү сезимталдыгын (мээримдүүлүк) жана таза-пакизалык (да тартууладык). Ал – абдан такыбаа эле. (Мариям Сүрөсү, 13)

 

Албетте, ыйман кылып, чын ыкластан сооптуу иштерди жасагандар үчүн Рахман (Аллах) сүйүү жаратат. (Мариям Сүрөсү, 96)

 

Жана Анын белгилеринен – алар менен тынчтанууңар үчүн силерге өзүңөрдөн болгон жубайларды жаратып бергени жана араңарга сүйүү, ырайым салып койгону. Чындыгында бул нерселерде ой жүгүрткөн адамдар үчүн аят-белгилер бар. (Рум Сүрөсү, 21)

 

Аллах касташкан кишилер менен ыймандуулардын ортосуна да сүйүү берээрин билдирет. Бул ыймандуулардын жана башка бардык адамдардын жүрөктөрүнүн Аллахтын колунда экендигин көрсөткөн дагы бир аят.

 

Балким, Аллах алардын арасындагы касташкан адамдарыңар менен силердин ортоңордо сүйүү-байланышын жаратаар. Аллах кудуреттүү. Аллах өтө кечиримдүү, абдан боорукер. (Мүмтехине Сүрөсү, 7)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШҮҮ

  А дамдардын арасында Куранга ишенбегендер же ишенсе да аны өздөрүнө жол көрсөтүүчү катары кабыл албагандар өмүр бою жаңылып, кемчиликтерди...