Өлүм тууралуу көп
адамдар билбеген бир сырды Аллах Куранда кабар берет. Ал сырда айтылышы боюнча,
адамдын чыныгы өлүм абалы, башкача айтканда, өлүм учурунда көргөндөрү менен
сырттан башка адамдардын көргөндөрү бирдей болбойт. Аллах адамдардын өлүм
учурунда айланасындагыларга көрүнгөндөн башка окуяларды башынан өткөрөөрүн
аяттарда төмөнкүчө кабар берет:
Жан тамакка келип такалганда,
ал кезде силер (бир гана) карап-турасыңар. Биз ага силерден жакыныраакпыз; бирок
көрбөйсүңөр. (Вакыа Сүрөсү, 83-85)
Аллах бул
тууралуу дагы бир сыр катары өлүм учурунда ыймансыздардын абдан коркуп, азап
тартаарын билдирген. Аллах муну аяттарында төмөнкүчө кабар берет:
Аллахка карата жалган жалааларды чыгаргандан же эч нерсе
вахий болбосо да, «мага да вахий келди» дегенден жана «Аллах түшүргөнгө окшошту
мен да түшүрөм» дегенден залимирээк ким бар? Сен ал залимдерди өлүмдүн «күчтүү солкулдактары» учурунда периштелер колдорун созуп
аларга: «Жандарыңарды (бул кутулгус колго түшүүдөн) чыгаргыла, бүгүн Аллахка карата
жалгандарды айтып, Анын аяттарынан текеберденип (жүз бурганыңар) үчүн, басмырлоочу
бир азап менен жазаланасыңар» (деген кезде) бир көрсөң... (Энъам Сүрөсү, 93)
Аллах Куранда
билдирген бул сыр боюнча, бир ыймансыз киши төшөгүндө кыйналбай өлгөн сыяктуу
көрүнүшү мүмкүн. Өлүм учурунда эч азап тартып, кыйналбагандай, акырын көзүн
жумгандай сезилиши ыктымал. Бирок Аллах ыймансыздардын азап тартып, абдан
кыйналып өлөөрүн билдирүүдө. Өлүм периштелеринин ыймансыздардын жанын кандайча
алаары аяттарда минтип сүрөттөлөт:
Андай болсо, периштелер беттерине жана жондоруна уруп-согуп, жандарын алган
кезде кандай болот? Мына ушундай; себеби чындыгында алар Аллахты ачууланткан нерсени
ээрчишти жана Аны ыраазы кыла турган нерселерди жаман көрүштү; ошол үчүн (Аллах
алардын) иштерин текке кетирди. (Мухаммед Сүрөсү, 27-28)
Периштелердин алардын
жүзүнө жана жондоруна уруп: «Күйгүзүүчү азапты таткыла» деп ал ыймансыздардын жандарын
алып жатканын көргөнүңдөбү. Бул колдоруңар менен буга чейин жасаган иштериңерден улам. Болбосо,
чындыгында Аллах пенделерге зулумдук кылбайт. (Энфал Сүрөсү, 50-51)
Ыймансыздар
ушинтип кыйналып өлсө, ыймандуулардын өлүмү абдан оңой болот. Мисалы,
ыймансыздардын тескерисинче, пайгамбарлар менен бирге согушка чыккан жана
согушта канжар сайып өлтүрүлгөн бир ыймандуу чындыгында өлүм учурунда эч
кыйналбайт жана коркпойт. Аллах аятында билдиргендей, алардын жаны жумшак гана
алынат жана аларды периштелер салам берип, сүйүнчүлөп тосуп алышат. Аллах ыймандуулардын
өлүмүнүн кандай болоорун аяттарында төмөнкүчө кабар берген:
Периштелер жакшы мамиле
менен жандарын алышканда: «Салам силерге» дешет. «Кылгандарыңардын сыйлыгы катары
бейишке киргиле.» (Нахл Сүрөсү, 32)
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder