Беш убакыт
намаз Аллах Куранда парз кылган негизги ибадаттардын бири. Аллах намаздарына
аяр мамиле кылып, үзбөй окугандарга сыйлык берээрин билдирет. Аллах Куранда
намаздын дагы бир пайдасын төмөнкүчө кабар берген:
Аллах аятында
билдиргендей, намаз окугандар ыплас уятсыздыктардан жана жаман иштерден алыс
болушат. Аллах алардын жүрөгүнө мындай жаман нерселерден алыс болууну илхам
кылат.
Куранда
билдирилген намаз ибадатын аярдык менен аткарган адам – бул, Аллахтан корккон
адам. Күн сайын Раббибиздин алдында беш убак кыямга турган, сажда жана руку
кылган адам ичиндеги сый-урматтан жана коркуудан улам, албетте, жаман иштерге
да жакындай албайт. Аллахтын уруксаты жана илхамы менен, ал адамдын абийири
анын жаман иштерге жана ыплас уятсыздыктарга барышына бөгөт койот. Мындай адам кандайдыр
бир жаман ишти жасаса да, Раббибиздин алдында дуба кылып, Анын чексиз кудуретин
ойлонуп жатканда, кылган жамандыгын ошол замат түшүнөт жана тообо кылып, андай
иштерди кайра кайталабайт.
АЛЛАХ ЖОЛУНДА ӨЛТҮРҮЛГӨНДӨР ӨЛҮҮ ЭМЕС
Ыймандууларга Куранда
билдирилген дагы бир сыр болсо – Аллах жолунда өлгөндөрдүн чындыгында «өлүү»
катары кабыл алынбашы. Аллах андай адамдардын Өзүнүн Кабатында тирүү жүрөөрүн
билдирет. Бул акыйкат аяттарда төмөнкүчө кабар берилет:
Аллах жолунда өлтүрүлгөндөрдү эч качан «өлүүлөр» деп
эсептебегиле. Жок, алар Раббилеринин Кабатында тирүү, жеп-ичип жүрүшөт. Аллах Өз берешендигинен аларга бергендеринен кубаныч ичинде болушат. Аларга
арттарынан али келе электерге алардын эч коркпой турганын жана кайгырбай турганын
сүйүнчүлөөнү каалашат. Алар Аллахтын
сый-жакшылыгын, берешендигин жана чындыгында Аллахтын ыймандуулардын сыйлыгын
текке кетирбей турганын сүйүнчүлөшөт. (Али Имран Сүрөсү, 169-171)
Аллах жолунда
өлтүрүлгөндөр тууралуу Куранда шейиттердин Аллах Кабатында хидаяттарынын
толукталып, бейишке кабыл алынып, кутулууга жетээри кабар берилет.
Раббилери аларга (дубаларын кабыл алып) жооп берди: «Күмөнсүз, Мен эркек болсун,
аял болсун, силерден бир (сооптуу) иш кылгандын ишин текке кетирбейм. Силер бири-бириңерденсиңер.
Хижрат кылгандардын (көчкөндөрдүн), мекендеринен сүрүлүп-чыгарылгандардын жана (Менин) жолумда кыйноого кабылгандардын,
согушуп өлтүрүлгөндөрдүн сөзсүз жамандыктарын жашырам жана аларды астынан дарыялар
аккан бейиштерге киргизем. (Бул) Аллах Кабатынан бир акы (сооп). (Ал) Аллах, акынын
(сооптун) эң сонуну – Анын Кабатында.» (Али Имран Сүрөсү, 195)
Бул аяттарда Аллах
жолунда өлтүрүлгөн адамдар тууралуу кабар берилген бул акыйкаттар да Курандын
эл арасында көп билинбеген жана айтылбаган сырларынын бири.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder