Акыретке
ишенбеген жана бул дүйнө жашоосунан кийин жашоо жок деп ойлогон адамдардын
көпчүлүгү бул дүйнөдө күч-кудуретке жана үстөмдүккө жетүүгө аракет кылышат. Ал
үчүн өмүр бою болгон аракетин жумшашат. Алардын түшүнүгү боюнча, күчтүн,
үстөмдүктүн жана кадыр-барктуу болуунун белгилүү көрсөткүчтөрү бар. Ал үчүн бай
болуу, жетекчи болуу, сөзү өтүмдүү болуу жана атактуу болуу керек. Булардын
биринен ажыраганда, бардык кадыр-баркым жана абройум жер менен жексен болду деп
ойлошот. Бирок бул чоң жаңылыштык жана Аллах алардын мындай жаңылыштыгын
Куранда төмөнкүчө кабар берет:
Күч-кудурет
менен кадыр-барк бир гана Аллахтын колунда жана Аллах күч-кудурет менен
кадыр-баркты каалаганына берет. Ошондуктан күчкө жана үстөмдүккө жетүү үчүн
Аллахтан тилебей, башка себептер менен ортомчуларды издегендер Аллахка шерик
кошкон болушат. Себеби байлыктын да, абройдун да, бийликтин да адамга күч бере
турган бир эрки же кудурети жок. Ошондой эле, Аллах булардын баарын адамдардан
бир заматта алып койо алат. Мисалы, эң жогорку кызматтагы адам бир заматта
кызматынан түшүп, байлыксыз жана кадыр-барксыз калышы мүмкүн. Анткени бүт
нерсенин жалгыз жана чыныгы ээси Аллах.
Аллах
кадыр-баркты Ага дос болуп, чын жүрөктөн моюн сунган жана Куранды ээрчиген
пенделерине берет. Куранды ээрчиген адам эч качан аны акыретте Аллахтын алдында
уят кылып, бушаймандыкка сала турган кулк-мүнөзгө жана иш-аракеттерге
жакындабайт. Эч кимден коркпойт, эч кимге кошомат кылбайт, эч кимдин күчүнөн же
залимдигинен коркуп тартынбайт. Бир гана Аллахты ыраазы кылгысы келет жана бир
гана Аллахтан коркуп тартынат. Ошондуктан эч кимдин алдында басынбайт.
Мал-мүлкү, байлыгы же бийлиги болбосо да, Аллах аны Өзүнүн жардамы менен күчтүү
жана кадыр-барктуу кылат. Ошондой эле, мындай адамда Куран адеп-ахлагында
болуунун жана ыймандын кадыр-баркы болот. Аллах муну бир аятында төмөнкүчө
кабар берет:
... Чындыгында болсо ызаат (күч, кадыр-барк жана
улуулук) Аллахка, Анын пайгамбарына жана ыймандууларга тиешелүү... (Мүнафикун Сүрөсү,
8)
ТУУРА ЖОЛДУ ТАБУУНУН СЫРЛАРЫ
Дүйнөдөгү
дээрлик ар бир адамдын өзүнүн тууралары жана туура эместери бар. Туураларды
аныктоодо ар бири ар кайсы булакка таянат. Кээ бирлер окуган бир китебин, кээ
бирлер айланасындагы бир адамды, кээ бирлер бир саясатчыны, кээ бирлер болсо
бир философту өзүнө жол башчы тутат. Бирок эң туура жана адамды кутулууга
жеткире турган жападан жалгыз жол – бул, Аллахтын адамдарга белгилеген дини. Жана
ал жолдо адамдын бир гана максаты болот: Аллахтын ыраазылыгына, мээримине жана
бейишине жетүү. Башка жолдор адамдарга канчалык кооз жана жагымдуудай көрүнсө
да, алдамчы болот. Бүт баары адамдарды бул дүйнөдө жана акыретте түбөлүккө
чейин созула турган бүлгүнгө, үмүтсүздүккө, бактысыздыкка жана оор азапка
түртөт.
Кимдердин
туура жолго салынаары да Куранда билдирилген сырлардын бири. Аларды аткаргандар
Аллахтын туура жолго салып, бейишинде сыйлай турган пенделери.
Анык илим менен ыйман кылуу
Адам туура
жолго түшүшү үчүн, эң биринчиден, ыйман кылышы керек. Эгер бир адам
асмандардын, жердин жана ал экөөнүн ортосундагылардын жалгыз ээсинин жана
жаратуучусунун Аллах экендигине жана адамдардын бул дүйнөгө Аллахка ибадат
кылуу үчүн жаратылганына ишенип, өмүр бою Аллахтын ыраазылыгын көздөсө, Аллах
аны туура жолго салат. Аллахка, акыретке жана Куранга болгон ыйман (ишеним)
бекем ыйман болушу шарт. Кээ бир адамдар ишенем деп айтканы менен, ыйманында
күмөн же алсыздык болушу мүмкүн. Андай адамдар ыймансыздардын жанында алардын
таасирине кирип, бат эле динден алыстап, Аллахка жана динге каршы
иш-аракеттерге барышы ыктымал. Аллах туура жолго салган пенделеринин ыйманы
болсо бекем жана күмөнсүз:
(Ошондой эле) Илим берилгендердин мунун (Курандын) эч талашсыз Раббилеринен
келген бир чындык экендигин билиши үчүн. Ошентип ага ыйман кылышсын жана жүрөктөрү ага ыраазы
болгон абалда байлансын. Чындыгында Аллах ыйман кылгандарды туптуура жолго багыттайт. (Хаж Сүрөсү, 54)
Аллахка толук моюн сунуу
Ыймандуулардын
Аллахка толук моюн сунушу, Аллахка чын жүрөктөн ыраазы болуп баш ийиши да туура
жолду табуунун бир сыры. Аллахка ишенип, акыреттен корккон ыймандуу бул дүйнөгө
ач көздүк кылбайт. Жалгыз максаты Аллахты ыраазы кылуу болот. Ошондуктан
ыймандуу адам ар бир иш-аракетинде Аллахты эстейт жана Аллахтын аны сынап
жатканын билип, ар бир окуяда Аллахтын ал үчүн жазган тагдырына моюн сунат. Аллах
Ага моюн сунгандардын туура жолго салынаарын төмөнкүчө кабар берген:
Ал: «Динди туптуура сактагыла жана анда бөлүнүүчүлүккө түшпөгүлө» деп динден
Нухка осуят кылганын жана сага вахий кылганыбызды, Ибрахимге, Мусага жана Исага
осуят кылганыбызды силер үчүн да бир шарият кылды. Сен аларды чакырган нерсе мушриктерге
оор сезилди. Аллах каалаганын буга тандайт жана чын жүрөктөн Ага кайрылганды хидаятка жеткирет (туура жолго салат). (Шура Сүрөсү, 13)
Айтылган насааттарды аткаруу
Аллахтын туура
жолго түшкүсү келген пенделерине дагы бир буйругу төмөнкүдөй:
Аллахтан
корккон ыймандуулар ар дайым каталарынан тазаланып, Аллах эң көп ыраазы боло
турган кулк-мүнөзгө жетүүгө аракет кылышат. Бирок, албетте, каталардан бат
кутулуп, туура жолго жетүү үчүн адам жөнөкөй болушу керек. Бой көтөрбөгөн жана
тазаланууну каалаган адам, эң биринчиден, Аллахтын буйруктарын толук аткарат.
Ошондой эле, чын ыкластуу ыймандуулар бири-биринин таянычы. Бири-бирин
жакшылыкка үндөп, жамандыктан тосушат. Ошондуктан ыймандуулар бири-биринин
насааттарын да жөнөкөйлүк менен кабыл алышы жана ыймандуу бир тууганы бир
катасын көрсөтсө, акырети үчүн чоң жакшылык экенин түшүнүп, ага кулак салышы
шарт. Айтылган насааттарды уккан адам каталарынан абдан тез кутулат жана Аллах аятта
билдиргендей, туура жолго түшөт. Аллах шайтандын азгырыктарынан алыс болуп,
Куранга жана мыкты адеп-ахлакка үндөгөн кишилерди ээрчиген пенделерин төмөнкүчө
сүйүнчүлөйт:
НАПСИ АДАМДЫ БОЛГОН КҮЧҮ МЕНЕН
ЖАМАНДЫККА ҮНДӨЙТ
Ар түрдүү жамандыкты
да, андан алыс болууну да билген напси адамдын ичиндеги буйрук берүүчү күч
болуп саналат. Башкача айтканда, адамга бир иш-аракетти жасатып, чечим
чыгарткан руханий күч – бул, напси. Аллах Куранда напсинин бул эки өзгөчөлүгүн
төмөнкүчө кабар берген:
Напсиге жана ага бир калып
бергенге, кийин ага жаман-бузукулукту жана андан сактанууну илхам кылганга (ант
болсун). Аны тазалаган чындыгында кутулууга жетти. (Шамс Сүрөсү, 7-9)
Аяттарда
адамдардын жасаган уятсыздыктары жана жаман иштери тууралуу сөз кылынганда,
анын булагы катары напси көрсөтүлөт. Напси бул жагынан адамдын эң чоң
душмандарынын бири. Напси текебер, сараң жана өзүмчүл, ар дайым өзүнүн
каалоолорун, өзүнүн текебердигин канааттандыргысы келет жана өзүнүн
бейпилдигин, өзүнүн кызыкчылыгын, өзүнүн ырахатын ойлойт. Каалоолоруна ар дайым
эле туура жолдор менен жете албаганы үчүн, адамды болгон күчү менен жамандыкка
үндөйт. Бул чындык Куранда Аз. Йусуфтун оозунан төмөнкүчө баяндалат:
Мен напсимди актабайм.
Себеби чындыгында напси, Раббим аны коргобосо, болгон күчү менен жамандыкка чакырат.
Эч күмөнсүз, менин Раббим кечиримдүү, коргоочу. (Йусуф Сүрөсү, 53)
Напсинин
адамды болгон күчү менен жамандыкка чакырышы Аллахтан корккон ыймандуулар үчүн
абдан маанилүү бир сыр. Бул напсинин оюндарынын бир саамга да токтобошун, ар
дайым адамды жамандыкка үндөп, болгон күчү менен аны Аллахтын жолунан тосууга
аракет кылаарын көрсөтөт. Бул сырда айтылгандай, напси эч качан унчукпай
калбайт, өзүн ар дайым туура көрүп, бардык адамдардан көбүрөөк жакшы көрөт, бой
көтөрүп, бүт баарынын аныкы болушун каалайт, өзүнүн бейпилдигин биринчи кезекке
койот, кыскасы, Аллах жактырган кулк-мүнөздүн карама-каршысын адамга кабыл
алдыруу үчүн болгон аракетин жумшайт.
Ыймансыздардын,
Куранды укпагандардын кыймыл-аракеттери менен кулк-мүнөздөрү бүтүндөй напсилери
тарабынан калыптанат. Алар Аллахтан коркпогону үчүн, абийирлерин укканга
эрктери жетпейт, бир гана напсилеринин буйруктарын аткарышат. Динден алыс
жашаган коомдордогу уруш-талаштардын, кызыкчылык жаңжалдарынын, бактысыздыктардын
түбүндө бардык адамдардын напсисин угуп, бир гана өзүнүн кызыкчылыгын ойлошу
жана чыныгы сүйүү, сый-урмат, кең пейилдик сыяктуу адамгерчилик касиеттерин
толугу менен жоготушу турат.
Ошондуктан
Аллахтын билдирген бул сыры абдан маанилүү. Эгер адам бул сырды унутпаса,
напсисине карата чара көрө алат. Кулк-мүнөзүн жана кыймыл-аракетин ошого жараша
оңдойт. Напси жалкоолукка үндөсө, аны эсе эсе иштетип, напси өзүмчүлдүккө
үндөсө, ансайын кең пейил болуп, напси сараңдыкка үндөсө, андан да жоомарт болуп,
кыскасы, напси жамандыкка үндөгөн сайын ага карама-каршы эң жакшы
кыймыл-аракетти жасоо аркылуу аны тарбиялай алат. Аллах Шамс сүрөсүндөгү
аяттарда напсиге жамандыктардан тышкары, ал жамандыктардан кутулуу жолдорунун
да илхам кылынаарын билдирген. Башкача айтканда, адамдын напсисинде
жамандыктарга жана уятсыздыктарга чакырган, аларды оңой жана жагымдуу кылып
көрсөткөн бир үндөн тышкары, жакшы жолду тандоого үндөгөн абийири да бар. Ар
бир адам ичиндеги бул үндөрдү билет жана кайсысынын жакшы, кайсысынын жаман экенин
айырмалай алат. Бирок бир гана Аллахтан коркуп тартынгандар абийирлерин угушат.
АДАМДАРГА МОЛЧУЛУК ЖАНА БАЙЛЫК
БЕРИЛИШИНИН СЫРЛАРЫ
Бүт аалам, ичиндеги
бардык жандуу жана жансыз заттар менен бирге Аллахка таандык. Жана Аллах
мүлкүнөн каалаганын каалаган адамдарга берет. Адамдарга ырыскы берген, аларды
байыткан, мол түшүмдөрдү берген, жакшылыктарын тартуулаган Аллах. Аллах
аяттарында билдиргендей, каалаган адамга ырыскысын көбөйтүп молчулук берет,
каалаган адамдын ырыскысын азайтат жана булардын баарын даанышмандык менен,
жакшылык үчүн жасайт. Ырыскысы көбөйгөн да, азайган да ал аркылуу сыналат.
Аллах берген сый-жакшылыктарга эсирип көппөй, баары үчүн Аллахка шүгүр
кылгандардан, колдорундагы сый-жакшылыктар алынганда болсо Аллахка тобокел
кылып, сабырдуу болгондордон Аллах ыраазы болот. Курандагы Аз. Сулаймандын
сөздөрү Аллахтын сый-жакшылыктарынын адамдарга сыноо үчүн берилээрин
айгинелейт:
Анын жанындагы китептен
илими бар бирөө: «Мен (көз ачып жумганча) аны сага алып келе алам» деди. Анан (Сулайман)
анын өзүнүн жанында турганын көргөндө (мындай деди): «Бул Раббимдин берешендигинен,
«Мага шүгүр кылабы же шүгүрсүздүк кылабы» деп мени сынап жатканы үчүн (бул кереметтүү
окуя ишке ашты). Ким шүгүр кылса, өзү үчүн шүгүр кылган болот, ким шүгүрсүздүк
кылса (жакшылыкты билбесе), чындыгында менин Раббим Ганий (эч нерсеге жана эч
кимге муктаж эмес), Керим (кең пейил).» (Немл Сүрөсү, 40)
Аз.
Сулаймандын Куранда кабар берилген «Бул Раббимдин берешендигинен, «Мага шүгүр кылабы
же шүгүрсүздүк кылабы» деп мени сынап жатканы үчүн (бул кереметтүү окуя ишке ашты)»
деген сөздөрү сый-жакшылыктардын адамдарга эмне үчүн берилээринин бир себебин
баяндайт.
Аллах Куранда
бул дүйнө жашоосунун кооздугу деп атаган мал-мүлктөрдү, балдарды, жубайларды,
туугандарды, бийликти, кадыр-баркты, мээни, сулуулукту, ден-соолукту, пайдалуу
сооданы, ийгиликти, кыскасы, ар түрдүү сый-жакшылыкты адамды сыноо үчүн берет.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder