Ар түрдүү жамандыкты
да, андан алыс болууну да билген напси адамдын ичиндеги буйрук берүүчү күч
болуп саналат. Башкача айтканда, адамга бир иш-аракетти жасатып, чечим
чыгарткан руханий күч – бул, напси. Аллах Куранда напсинин бул эки өзгөчөлүгүн
төмөнкүчө кабар берген:
Напсиге жана ага бир калып
бергенге, кийин ага жаман-бузукулукту жана андан сактанууну илхам кылганга (ант
болсун). Аны тазалаган чындыгында кутулууга жетти. (Шамс Сүрөсү, 7-9)
Аяттарда
адамдардын жасаган уятсыздыктары жана жаман иштери тууралуу сөз кылынганда,
анын булагы катары напси көрсөтүлөт. Напси бул жагынан адамдын эң чоң
душмандарынын бири. Напси текебер, сараң жана өзүмчүл, ар дайым өзүнүн
каалоолорун, өзүнүн текебердигин канааттандыргысы келет жана өзүнүн
бейпилдигин, өзүнүн кызыкчылыгын, өзүнүн ырахатын ойлойт. Каалоолоруна ар дайым
эле туура жолдор менен жете албаганы үчүн, адамды болгон күчү менен жамандыкка
үндөйт. Бул чындык Куранда Аз. Йусуфтун оозунан төмөнкүчө баяндалат:
Мен напсимди актабайм.
Себеби чындыгында напси, Раббим аны коргобосо, болгон күчү менен жамандыкка чакырат.
Эч күмөнсүз, менин Раббим кечиримдүү, коргоочу. (Йусуф Сүрөсү, 53)
Напсинин
адамды болгон күчү менен жамандыкка чакырышы Аллахтан корккон ыймандуулар үчүн
абдан маанилүү бир сыр. Бул напсинин оюндарынын бир саамга да токтобошун, ар
дайым адамды жамандыкка үндөп, болгон күчү менен аны Аллахтын жолунан тосууга
аракет кылаарын көрсөтөт. Бул сырда айтылгандай, напси эч качан унчукпай
калбайт, өзүн ар дайым туура көрүп, бардык адамдардан көбүрөөк жакшы көрөт, бой
көтөрүп, бүт баарынын аныкы болушун каалайт, өзүнүн бейпилдигин биринчи кезекке
койот, кыскасы, Аллах жактырган кулк-мүнөздүн карама-каршысын адамга кабыл
алдыруу үчүн болгон аракетин жумшайт.
Ыймансыздардын,
Куранды укпагандардын кыймыл-аракеттери менен кулк-мүнөздөрү бүтүндөй напсилери
тарабынан калыптанат. Алар Аллахтан коркпогону үчүн, абийирлерин укканга
эрктери жетпейт, бир гана напсилеринин буйруктарын аткарышат. Динден алыс
жашаган коомдордогу уруш-талаштардын, кызыкчылык жаңжалдарынын, бактысыздыктардын
түбүндө бардык адамдардын напсисин угуп, бир гана өзүнүн кызыкчылыгын ойлошу
жана чыныгы сүйүү, сый-урмат, кең пейилдик сыяктуу адамгерчилик касиеттерин
толугу менен жоготушу турат.
Ошондуктан
Аллахтын билдирген бул сыры абдан маанилүү. Эгер адам бул сырды унутпаса,
напсисине карата чара көрө алат. Кулк-мүнөзүн жана кыймыл-аракетин ошого жараша
оңдойт. Напси жалкоолукка үндөсө, аны эсе эсе иштетип, напси өзүмчүлдүккө
үндөсө, ансайын кең пейил болуп, напси сараңдыкка үндөсө, андан да жоомарт болуп,
кыскасы, напси жамандыкка үндөгөн сайын ага карама-каршы эң жакшы
кыймыл-аракетти жасоо аркылуу аны тарбиялай алат. Аллах Шамс сүрөсүндөгү
аяттарда напсиге жамандыктардан тышкары, ал жамандыктардан кутулуу жолдорунун
да илхам кылынаарын билдирген. Башкача айтканда, адамдын напсисинде
жамандыктарга жана уятсыздыктарга чакырган, аларды оңой жана жагымдуу кылып
көрсөткөн бир үндөн тышкары, жакшы жолду тандоого үндөгөн абийири да бар. Ар
бир адам ичиндеги бул үндөрдү билет жана кайсысынын жакшы, кайсысынын жаман экенин
айырмалай алат. Бирок бир гана Аллахтан коркуп тартынгандар абийирлерин угушат.
АДАМДАРГА МОЛЧУЛУК ЖАНА
БАЙЛЫК БЕРИЛИШИНИН СЫРЛАРЫ
Бүт аалам, ичиндеги
бардык жандуу жана жансыз заттар менен бирге Аллахка таандык. Жана Аллах
мүлкүнөн каалаганын каалаган адамдарга берет. Адамдарга ырыскы берген, аларды
байыткан, мол түшүмдөрдү берген, жакшылыктарын тартуулаган Аллах. Аллах
аяттарында билдиргендей, каалаган адамга ырыскысын көбөйтүп молчулук берет,
каалаган адамдын ырыскысын азайтат жана булардын баарын даанышмандык менен,
жакшылык үчүн жасайт. Ырыскысы көбөйгөн да, азайган да ал аркылуу сыналат.
Аллах берген сый-жакшылыктарга эсирип көппөй, баары үчүн Аллахка шүгүр
кылгандардан, колдорундагы сый-жакшылыктар алынганда болсо Аллахка тобокел
кылып, сабырдуу болгондордон Аллах ыраазы болот. Курандагы Аз. Сулаймандын
сөздөрү Аллахтын сый-жакшылыктарынын адамдарга сыноо үчүн берилээрин
айгинелейт:
Анын жанындагы китептен
илими бар бирөө: «Мен (көз ачып жумганча) аны сага алып келе алам» деди. Анан (Сулайман)
анын өзүнүн жанында турганын көргөндө (мындай деди): «Бул Раббимдин берешендигинен,
«Мага шүгүр кылабы же шүгүрсүздүк кылабы» деп мени сынап жатканы үчүн (бул кереметтүү
окуя ишке ашты). Ким шүгүр кылса, өзү үчүн шүгүр кылган болот, ким шүгүрсүздүк
кылса (жакшылыкты билбесе), чындыгында менин Раббим Ганий (эч нерсеге жана эч
кимге муктаж эмес), Керим (кең пейил).» (Немл Сүрөсү, 40)
Аз.
Сулаймандын Куранда кабар берилген «Бул Раббимдин берешендигинен, «Мага шүгүр кылабы
же шүгүрсүздүк кылабы» деп мени сынап жатканы үчүн (бул кереметтүү окуя ишке ашты)»
деген сөздөрү сый-жакшылыктардын адамдарга эмне үчүн берилээринин бир себебин
баяндайт.
Аллах Куранда
бул дүйнө жашоосунун кооздугу деп атаган мал-мүлктөрдү, балдарды, жубайларды,
туугандарды, бийликти, кадыр-баркты, мээни, сулуулукту, ден-соолукту, пайдалуу
сооданы, ийгиликти, кыскасы, ар түрдүү сый-жакшылыкты адамды сыноо үчүн берет.
ЫЙМАНСЫЗДАРГА МОЛЧУЛУК БЕРИЛИШИНИН СЫРЛАРЫ
Дүйнөдө
Аллахка ишенбегенине карабастан, бай-бардар жашаган, түшүмдүү жерлери, ден-соолугу
чың балдары бар, узун өмүр сүргөн жана азыр деле жашап жаткан көптөгөн адамдар
бар. Алар колдорундагы мүмкүнчүлүктөр менен Аллахты ыраазы кылуунун ордуна, бой
көтөрүп мактанышат жана алар аркылуу Раббибиздин ыраазылыгын көздөөнүн ордуна,
Аллахтан алысташат. Күн сайын каапырдыгы артып, тынымсыз күнөө чогулткан мындай
адамдар колдорундагы мүмкүнчүлүктөрдү өздөрү үчүн бир жакшылык деп ойлошот.
Бирок Аллах Куранда мындай адамдарга берилген сый-жакшылыктардын жана мөөнөттүн
максатын жана сырларын төмөнкүчө түшүндүрөт:
Алардын мал-мүлктөрү менен бала-бакыралары сени суктантпасын. Аллах ал нерселер
аркылуу аларды бул дүйнөдө азаптоону жана алардын жандарынын ыймансыз жүргөн кезде
кыйналып чыгышын гана каалайт. (Тообо Сүрөсү, 85)
Ал каапырдыкка адашкандар аларга берилген мөөнөттү эч өздөрү үчүн жакшылык деп
ойлошпосун, Биз аларга күнөөлөрү андан да көбөйсүн деп гана убакыт берүүдөбүз. Алар
үчүн басмырлоочу бир азап бар. (Али Имран Сүрөсү, 178)
Эми сен аларды
белгилүү бир мөөнөткө чейин өздөрүнүн адашуусунда калтыра тур. Биз алардын мал-дүйнөсүн,
бала-чакасын көбөйтүп коюшубузду аларга жакшылыктарды тездетишибиз деп ойлошобу?
Жок, алар сезбей жатышат. (Мүминун Сүрөсү, 54-56)
Аяттарда
айтылгандай, мындай адамдардын колундагы нерселер алар үчүн жакшылык эмес.
Аларга берилген мөөнөт күнөөлөрү ансайын көбөйүшү үчүн. Мөөнөттөрү бүткөндө
мал-мүлктөрү да, балдары да, бийлиги да аларды оор азаптан куткара албайт. Аллах
Мариям сүрөсүндө мурдакы адамзат урпактарында да бай-бардар жашаган, бирок ал
байлыктары аларды азаптан куткара албаган коомдордун абалы тууралуу кабар
берген:
Алардан мурда
канчалаган адамзат урпактарын кыйроого дуушар кылдык, алар мал-мүлк
(кийим-кече, буюмдар) жагынан да, көркөмдүк жагынан да коозураак болчу. (Мариям
Сүрөсү, 74)
Бул аяттын
уландысында болсо мындай адамдарга мөөнөт берилишинин сыры төмөнкүчө баяндалат:
Айткын: «Ким
адашуунун жолунда болсо, Рахман (Аллах) анын мөөнөтүн узартат. Убада
кылынганды, азапты же кыямат саатын, көргөндө кимдин ордунун (кызмат, бийлик)
жаманыраак, кимдин аскердик күчүнүн алсызыраак экендигин түшүнүшөт. (Мариям
Сүрөсү, 75)
Аллах чексиз
адилеттүү жана мээримдүү. Бүт баарын бир даанышмандык жана жакшылык менен
жаратат жана ар бир адам кылгандарынын акысын толугу менен алат. Муну билген
ыймандуулар айланасындагы ар бир окуяга Аллахтын жараткан даанышмандыгын жана
жакшылыгын көрүү ниети менен карашат. Антпесе, адамдар чындыктан алыс, алдамчы
дүйнөдө жашашат.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder