Адамдардын кылган жамандыктарынын жазасын ошол замат албай, ар бир жазанын белгилүү убакытка чейин кечиктирилиши Куранда кабар берилген сырлардын бири. Аллах муну аяттарында төмөнкүчө кабар берет:
Эгер Аллах кылгандары үчүн адамдарды (азап менен) кармаганда, (жердин) бетинде бир дагы жандыкты калтырмак эмес, бирок аларды белгиленген мөөнөткө чейин кечиктирүүдө. Аягында ажалдары келгенде, ошондо чындыгында Аллах Өзүнүн пенделерин көрүүчү. (Фатыр Сүрөсү, 45)
Сенин Раббиң
мээримдүү (жана) кечиримдүү. Эгер кылгандары үчүн аларды (азап менен) кармаганда,
чындыгында аларга азапты (эртерээк) тездетмек. Жок, алар үчүн бир жолугуу
убактысы бар, Андан башка бир дагы башпаанек таба алышпайт. (Кехф Сүрөсү, 58)
Көп адамдар
кылган жамандыгынын жазасын ошол замат алмайынча, жамандыктар жазасыз кала
берет деп ойлошот. Ал тургай, ушул себептен тообо кылып, бушайман болбойт жана
өзүн оңдобойт, жаза албайм деп ойлогону үчүн ансайын чектен чыгат. Акылсыз
болгону үчүн, мунун келечектеги азабын ансайын оордоштураарын ойлонбойт. Аллах
бул тууралуу мындайча өкүм кылат:
Ал каапырдыкка адашкандар
аларга берилген мөөнөттү эч өздөрү үчүн жакшылык деп ойлошпосун, Биз аларга күнөөлөрү
андан да көбөйсүн деп гана убакыт берүүдөбүз. Алар үчүн басмырлоочу бир азап бар.
(Али Имран Сүрөсү, 178)
Аллах
адамдарды сыноо үчүн жазаны кечеңдетет. Чындыгында болсо ар бир адамдын
кылгандарынын акысын алышы үчүн Аллах Кабатында белгиленген бир мөөнөтү бар. Ал
мөөнөт келгенде алдыга да, артка да жылдырылбайт. Аллах ар бир адамдын акысын сөзсүз
алаарын аяттарында төмөнкүчө кабар берет:
Эгер Раббиңден айтылган бир убада жана белгиленген бир мөөнөт (ажал)
болбогондо, албетте, (кыйроо азабы) сөзсүз келмек. (Таха Сүрөсү, 129)
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder