5 Mayıs 2021 Çarşamba

ЖЫЙЫНТЫК

 

Куранды чын ниети менен окуган, бүт жашоосуна, айланасындагы окуяларга Аллахты дос тутуп ыйман көзү менен караган ар бир адам Куранда билдирилген сырларды өзүнүн жашоосунан көрө алат. Эң кичинесинен эң чоңуна чейин эч бир окуя кокусунан адамдын башына келбейт, эч бири кокустук эмес. Ар биринде Аллахтын бир сыры, бир жакшылык жана даанышмандык жашырылган. Адам эгер чын ыкластуу болуп, ар дайым Аллахты эстесе, ал сырларды көрө алат.

Курандын сырларын түшүнгөн адамдын Аллахка болгон жакындыгы жана достугу ансайын артат. Асмандардын жана жердин жаратуучусу Аллахты жакшыраак таанып, Анын кудуретин, акылын жана илимин жакшыраак түшүнө алат. Аллахтан башка дос жана таяныч жок экенин көрөт. Ар дайым Аллахтын жараткан сырларын көрүп, түшүнөт жана андан ырахат алат. Аллах мындай адамдарга жаратуу сырларын ансайын ачат. Ал адамдын жашоосу балким жөнөкөй көрүнгөнү менен, Аллах негизи ал адамга ар дайым кереметтерди жаратат. Аллахтын даанышмандыктарын жана жаратуу сырларын көргүсү келген, муну чын дилден каалаган ар бир адамга Аллах сырларын көрсөтөт. Бир аятта мындай деп айтылат:

 

Чындыгында, (Аллахка) сыйынган бир коом үчүн мында (Куранда) ачык кабар (же чыныгы чыгуу жолу) бар. (Анбия Сүрөсү, 106)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

КИРИШҮҮ

  А дамдардын арасында Куранга ишенбегендер же ишенсе да аны өздөрүнө жол көрсөтүүчү катары кабыл албагандар өмүр бою жаңылып, кемчиликтерди...